Обончу, аткаруучу Адинай ИСАЕВА: «Жеңил-желпи ырлар угармандардын музыкалык табитин бузат»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу»


Бала кезинен дилинде чыгармачылык эргүү жашаган адам эртедир-кечтир жарк этип бир күнү жылдыздай жанаары анык. Биз кеп кыла турган Адинай да жаш кезинен жан дүйнөсүнө ыр түнөгөн чыгармачыл адам. Ал Кочкор районундагы Кара-Мойнок айылында туулган.

– Адинай, чыгармачылыкка канча жашыңан келдиң эле?

– Чыгармачылык шыгым 6 жашыман ойгонгон. Бала курагымдан бери эле ыр дүйнөсү, музыка деп жашайм, мындай таасирленүүмө атам түрткү болгон. Анткени атам башка кесиптин ээси болгону менен искусствого өзгөчө маани берген киши. Бир нече аспапта ойной билет. Өзгөчө комузда күүлөрдү черте билет. Бала кезимде атам эртең менен күү ойноп отурар эле. Көрсө, ал күү “Ак Бакай” экен. Атам ойногон күүлөрдүн кайрыктары кулагыма сиңип калгандай. Чоң апам элдик ырларды ырдачу, үнү мукамдуу болгон деп айтышат. Анын ырдаганын өзүм да угуп калчумун. Апам музыкалык билим алгандан кийин кыргыз теле-радио хорун жетектеген. Кийин атамдын жумушуна байланыштуу Нарын, Жумгал, Кочкор шаарларында музыкадан сабак берип иштеген. Мен музыкалык мектепте окугам. Пианинодо бала кезимен тартып ойнойм. Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунан билим алып, андан соң Улуттук консерваторияны да аяктадым. Андыктан чыгармачылык мага билим менен кошо тукумдан келсе керек деп ойлойм.

– Канча ырга обон жазгансың?

– Көп чыгармаларымдын сөзүн атам жазган. Мен обонун чыгаргам. Акындардын ырларына да обон жазып жүрөм. Коомчулукка таанымал болгон Темирбек Алымбеков жана Шербет Келдибекованын ырларына обон жазгам. Репертуарымда 30дан ашык чыгарма болсо, алардын кээ бирлери алтын фондго кирген. Жанрлары ар түрдүү. Эстрадалык, классикалык жанрлар, салттуу музыкалар да бар. Чыгармаларымда ата мекен, ата-эне, табият, сулуулук жана сүйүү темасына кайрылгам. Репертуарымда диапазону бийик ырлар бар. Алардын элге сиңиши кыйын. Ага карабай ырларымды сүйүп уккан күйөрмандарым да бар.

– Мурда ырчыларды атайын комиссия иргесе, азыр шоу дүйнөсүнө үнү барыжогуна карабай эле акчасы барлар келип жаткандай. Андыктан ырчыларды иргей турган комиссияны кайрадан түзүү зарылдыгы учур талабы эмеспи?

– Бул маселе боюнча “Эгемен” деген сайтка жакында эле айтып чыккам. Биздин маданиятта башаламандык бар экенин танууга болбойт. Мурда бул багытта ишмердигин жүргүзгөн белгилүү композитор агаларыбыз бар эле. Азыр шоу дүйнөсүнүн деңгээли таптакыр башкача. Төмөндөп кеткен. Учурда белгилүү ырчыларды туурап, “мен деле минтип ырдай алам” дегендер көбөйгөн. Алар компьютердин жардамы менен үндөрдү жаздырып алып, жакшы клип менен эле каражатына таянып, коомчулукка ырларын жеткирип жатышат. Мындай жеңил-желпи ырлар угармандардын музыкалык табитин бузат. Алар аранжировкасы жок, жандуу үн менен ырдай алышпаса да сулуулугу же каражаты менен коомчулуктун кайсы бир катмарына сиңип кетүүдө. Мына булар угармандардын музыкалык табитин бузуу менен адамдардын жан дүйнөсүнүн жардыланышына алып келет. Анткени коомдук транспорттордон тартып, телеканалдарда ал ырлар кайра-кайра кайталана берип, коомчулуктун кулагына сиңип калат. Тилекке каршы, маданиятыбыздагы башаламандыкты белгилүү, эмгеги сиңген ырчыларга мамлекеттик сыйлыктар берилбей, кечээ эле бир-эки чыгарманы хит кыла койгон ырчыларга бере койгонунан да байкасак болот. Эстрада жанрында же салттуу музыкада эмгеги сиңген, мукам үндүү ырчыларыбыз бар. Алар сыйлык албай туруп, тааныш-билиштерге берилип кеткени одоно катачылык деп ойлойм.

– Азыркы тапта мыкты ырчы же чыгарманын хит болушу үчүн биринчи мукам үн керекпи же каражатпы?

– 30 жылдап ырдалып жүргөн жагымдуу чыгармалар бар. Аларды хит дебесек деле угармандардын жүрөгүнө эбак жеткен. Азыркы учурда имиджин өзгөртүп, чачы-башын саксайтып, өзгөчө кийим менен чыга калышса эле эртеси коомчулкка дүң болуп жатып калат. Буга мисал кылып “дүң-дүң дүш” же “кайнене келгенский” деген ырларды айтсак болот. Азыр ырлардын сөзүнө дээрлик маани берилбей калды. Бул маселе боюнча акын, жазуучулар бир нече ирет кеп козгогону, поэзия кечелерин уюштурганы менен андан деле натыйжа болгонун көрө элекпиз. Бизде көп учурда кайсы бир маселе боюнча пикирлер, сунуштар айтылып-айтылып эле калып калат. Мындан сырткары бизде ырчылар башка өлкөнүн “попса” дегенин туурап жатышат. Буга өтө жеңил-желпи ырлар кирет. Андыктан мукам үнгө караганда ырлардын хит болушу үчүн каражат керек. Кандай ыр болбосун ага жакшы клип тарттырып, аны коомчулукка телеканалдар жана радио аркылуу тынымсыз берип турса эле (раскрутка) хит болуп чыга келет. Коомдук музыкалык табитти тарбиялаган эч ким жок. Ага көңүл бурулбай калган. Жаштарды кайсы багытка бурса кете берерин эске алган эч ким жок. Ааламдашуу, жаңы технологиялардын кириши менен руханий дүйнөбүздү аңтар-теңтер кылган көрүнүштөрдөн тартып, жеңил-желпи музыкалар байырлап алган. Бул акырындык менен жан дүйнөнүн жардыланышына алып барат.

– Ырчылардын көпчүлүгү тойтамашаларда ырдап акча табышат. Тамадалык кылгандары да бар. Союз кезинде ырчылар мындай кызмат көрсөтүү менен алектенишпесе керек эле…

– Ооба, ырчылар жумушсуздуктун айынан ырдап же тамадалык кызматты аткарууга аргасыз. Эгер, союз кезиндегидей баарыбыз жумуш менен камсыз болсок, тамадалык кызмат деле көрсөтүшмөк эместир. Музыкалык билим алгандан кийин кесибин таштагысы келбегендери музыкалык окуу жайларга орношууга аракеттенишет. Анда деле белгилүү эле санда кызмат орундар бар. Анан калгандары кантиш керек? Акчасы барлары музыкалык борборлорду, бий топторун ачып, жан багышат. Театрда деле жарыбаган акчага иштешет. Менимче бизде таланттарга анчалык көңүл бөлүнбөйт. Табиятынан таланттуу адамдарга туура мамиле жасоону, аларды кастарлоону үйрөнсөк.

– Көп ырлардын клиптери чет өлкөдө тартылган. Мындай көрүнүш шоу дүйнөсүндө модабы? Өзүбүздө тартылса, эл эмне көрбөй коебу?

– Жакшы клип тартуу үчүн 2 миң доллардан ашык каражат кетет. 20-30 миң сомго тартылган деле клиптер бар. Бирок клиптердин сапатына жараша телеканалдар көрсөтөт. Сапаты төмөн болсо телеканалдар чыгарбай, клип тарттырган ырчы жөн эле чыгымга учурайт. Ошондуктан сапатын жакшы кылабыз деген максатта чет өлкөдө тартып жатышат окшойт. Анүстүнө ар бир ырчы өзүн өзгөчө көрсөткүсү келет. Менимче биздин кооз табиятта мыкты сапатта тартышса, көрөрмандар жактырмак. Музканалга клиптерди чыгарыш үчүн алардын талабы боюнча каражат төлөнөт деп уккам. Бирок башка телеканалдарга каражат төлөнбөсө керек.

– Жакында “Ата-энеге таазим” деген чыгармачылык кечеңди элге тартуулаганы турасың, сахнаң толо угарман болуп, чыгармачылыктагы чыйыр жолуң өркүндөй берсин!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *