Талас: Туянын туура суммасы канча?

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Талас облустук өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланып, Талас шаарынын Бердике баатыр жана Ч.Айтматов көчөлөрүнө былтыр 2000 түп туя олтургузулган. Бирок туялардын дээрлик 90 пайыздан ашыгы саргайып, калган соң коомчулукта миллиондогон мамлекеттин акчасына сатылып алынып келинген өсүмдүктөр бөөдө куурап жок болобу деген сарсанаа жаралган.

А жергиликтүү бийлик жетекчилери «азыр дары берип жатышат, туялардын жаназаларын эртелеп окуу туура эмес, дээрлик өнүп кетиши мүмкүн» деп, жооткотуп келишти. Бирок өткөн аптада Талас шаарынын коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси Эркин Аскаров 900гө жакын туянын өнүп кетиши мүмкүн эместигин билдирди. Ошону менен бирге эле, туя сатып келүү боюнча тендерди утуп алган фирма куураган туялардын ордуна жаңы көчөттөрдү тигүү ишин жүргүзөөрүн кошумчалады.

Баса, айрым чиновниктер Талас облустук өнүктүрүү фондунан туяларды сатып алууга 2 млн. сарпталган деп жаңылыш айтып жатышат. Расмий документ боюнча 4 млн. 380 миң сом бюджеттик каражат сарпталган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *