«Энем – менин бул жашоодогу бейишим эмес, тозогум…»

Жазып алган Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Мен 1977-жылы төрөлгөм, атамдын туну, апамдын үчүнчү кызымын. Атам көпкө чейин үйлөнбөй жүрүп, эки кызы менен жаңы эле ажырашкан апам менен табышып калып, үйлөнүптүр. Бир туугандары каршы болушуп, акыры тил албаганы үчүн таарынып, катышпай коюшат. Качан мен жарык дүйнөгө келгенде кечиримге келишиптир. Бирок ата-энем мени өздөрү бакпай, төрт айымда атамдын агасына берип коюшкан экен.

Бир айдан кийин катуу ооруп, баккан апам ооруканага алып жатып, араң киши болупмун. Ошентип, баккан ата-энемдин колунда чоңоё баштадым. Бирок мектепке кирип, окуй баштагандан тартып менин тынч жашоом бузула баштады. Өз ата-энем: “Жүрү, кеттик, сен биздин кызсың!” – деп мектепке келе башташты. Алдап конфет-печенье берип койсо, “ооба” деп башымды ийкей берчү экенмин. Ошону бетке кармап: “Мына, кетем деди!” – деп экөө үйгө келип, баккан атаэнемди бала-чакасы менен беймазага салып кетип жүрүштү. Баккан ата-энем деле кимдин кызы экенимди жашырчу эмес. Бирок, мен өз энемдин мээримсиз ыраңынан коркуп, аларга такыр жүрөгүм тартчу эмес.

Бир күнү өз атам автобус айдатып келип, баккан ата-энем менен катуу урушуп, атүгүл аларды “өлтүрөм” деп жулунганы, баккан апам мени жетелеп алып качканы эсимде. Ошол күндөн баштап жүрөгүм өз ата-энеме таптакыр жылыган жок. Аларды “ата” – “эне” деп айта албай, али күнгө чейин аларды “ава”, “эже” деп келем. Менден кийин бир сиңдим төрөлүп, чарчап калыптыр..

Бирок мен 2-3-класста окуп жүргөнүмдө, эжемдин (өз апамдын) эч ким билбеген 1969-жылкы дагы бир кызы бар экени билинет. Анткени, мурунку күйөөсү алып келип: “Өгөй энеси менен батышпай калды,” – деп таштап кетет. Ошондо өз ата-энем мени: “Кереги жок эми, келбей эле койсун”, – дешкенин угуп, алардан кутулганыма бактылуу болгонум эсимде. Бирок бир жылдан кийин улуу эжем окуусун бүтүп кетип, кенже инимди бага турган киши жок деп, үч эле күнгө деп мени алып кетип, бирок канчалык ыйлап, жалынып-жалбарсам да бут кийимимди катып, кар кечип качсам кармап келип: “дем алыш сайын барып турасың!” – дегени менен, таптакыр жибербей коюшкан.

Эжем (өз апам) мени көп сабай баштады. Авам (өз атам) менен урушса да: “Жиндинин тукуму” деп күчүн менден чыгарчу.

Авам экөө да өтө көп урушар эле. Эжем (өз апам) жөн жерден эле уруш чыгарып, авамдын жинине тийип алып, анан кайра бизге даттанып, байкуш боло берчү. “Андай кылбаңыз да”, – деп бир жолу сын айта коюп, анда да көк ала болуп таяк жегем. 1994-жылы 11-классты бүтүп, мен каалагандай мединститутка эмес, медокуу жайына тапшыртышты. Эмнегедир окугум келбей, барбай койсом билип калышып, экөө тең мени койдой сабашты.

Окуумду бүтүп, айылга барарымда мени күйөөгө бергени жатышканын уктум да, жигитим менен качып кеттим. Анткени, ошол кезде экөөбүз жашап алып, боюмда бар болчу. Ошол кылыгым үчүн бир айылда жашасак да төрт жыл карабай коюшту. Бир күнү өз апам кайненеме жолугуп калып: “Сен менин акчама кызыгып, кызымдын башын айлантып алгансың. Сенин арамсийдик небереңдин мага кереги жок, кызымды жибер мага! Менин кызым тишинин кирин соруп үйдө отурат, сенин балаң качан киши өлөт деп күтүп, өлгөн-житкенден курсагын тойгузуп жүрөт!” – деп айтыптыр. Ошол күнү эле кайненеме мен душман болдум.

Кыш эле. Экинчи уулум жаңыдан бир жашка чыккан. Андан бир ай мурда баккан апам каза болгон. Баккан атама абалымды айтып, ыйлап келсем бир үйүн бошотуп берди. Ошол үйдө бир жыл жашадык. Бирок кайненем мени төрөгөн энемдин баягы сөзүн такыр унута албай, күйөөмдү буза баштады. Күйөөм ичип келип, мени сабайт. Соолукканда кечирим сурап, өөп коюп кетип калат. Акыры кайненем менен кайын сиңдим келип баласын жетелеп кетишти. Кыш. Суук. Же отун жок, же балдарыма берер тамагым жок, боздоп ыйлап калып калдым.

Айлам кетип, өз энеме барсам, ал да киргизбей койду. Балам үчүн кайра баккан атама бардым. Ал байкуш келиндин көзүн карап калган, эч нерсе деген жок. “Жеңе, кичине чыдай туруңуз. Жумуш таап, баламды алып кетем”, – деп көндүрдүм. Караколго келип жумуш издейм, жок. Кайра кечинде балама келем. Жеңем жаман көрөт. Жарым айдай издедим. Бир күнү таежеме кезигип калдым. Ошол таежем акыбалымды угуп: “Акыры кызың го, Кудайдан корксоң боло!” – деп өз энеме алып барды.

Ошентип, алар менен жашап калдым. Бирок: “Тамакты көп жешет экен, андай экен, мындай экен!” – деп балама күн көрсөтүшпөйт. Акыры жумуш таап, балдарымды алып кеткени келсем, ызы-чуу. Булардын электр эсептегичин бирөөлөр чыгарып кеткен экен: “Сенин эле күйөөң кылды!” – деп мени сабашты. Ошондогу азап күн ай. Эжем да, авам да (өз ата-энем) мени өлөт дебей сабашты. Кабыргам сынды. Балам: “Таята, сабаба!” – деп чаңырып ыйлап жүрдү. Ошондо жашоодон аша чаптым да, баламды алып чыгып кеттим. Жолдон күйөөмдүн кошунасына жолугуп калып: “Баласын алып кетсин!” — деп айттырып ийдим. Аны менен сүйлөшкөнүмдү көрүп калышып, кайра кармап, койчо багажга тыгып алып келишти.

Ушундан кийин кантип ушул үйдө калам? Эртеси Караколго, квартирага кетип калдым. Мени ит ургандай уруп жатышканын бүт көчө угуп, көрүптүр. Жолдошума айтышыптыр. “Сен мени коюп баланы алып кет!” – десем көнбөй койду. Калган акчама бүт демидрол сатып алып, көрсөтпөй ичип алдым. Бирок күйөөм мени аман алып калыптыр. Эртең менен күйөөмдү баары бир бала менен кетирдим. Ал кетери менен ата-энем издеп, таап келишиптир. Ошол жерден “жин даарыды” деп бир көзү ачыкка алып барышты. Ал көзү ачык мени көрүп эле билди. “Ушунчалык да зөөкүр болосунарбы. Нике кайып буйруган адамына тийиптир, жашап атат. Жайына койгула, үй-бүлөсүн бузбагыла!” – деп кайра өздөрүн урушту. Ошондон кийин ата-энем менен төрт жыл сүйлөшпөй жүрдүк.

Төрт жылдан кийин атам ашказандан рак болуп, доктурлар чыгарып беришти. Операциядан кийин ичи ачык, заңы куюлуп бүт үй сасып, дем алуу кыйын болуп калды. Баары качат. Ошондо мен өзүм келип, эки жарым ай бактым. Уйкусуз кыйноодо кантип адашып жашап жүргөнүн, аялынын сөзүнө кирип бир тууганын таарынтып алганын айтып берди. Өкүнүп ыйлап, менден кечирим сурап, акыры батасын берди. Ошентип, бир күнү көз жумду!

Эл да мага ыраазы болуп, бакканымды айтып жүрүштү. Бирок апама, бир туугандарыма бул жакпай, мени ого бетер жек көрө башташты. Бир күнү: “Аны сен жакшы баккан жоксуң, атайын өлтүрдүң! “Убийца!” – деп иштеген жеримде энем өзү карап туруп, балдарына сабаттырды.

Мен ыйлап кетип калдым, тогуз айдан кийин үчүнчү уулумду төрөдүм. Кийин күйөөм да көп сабачу болду. “Сен ким элең?!” – дегени көбөйдү. Акыры чыдабай: “Колуң шал болуп калсын!” – деп каргап жибердим. Ошол замат сабаганын токтотту. Бирок бир айдан кийин ичип алып бирөөлөр менен урушуп, колуна бычак жеп, бир колу кыймылдабай калды. Дагы бир айдан кийин бир тууган иниси авариядан каза болуп, күйөөм мени менен ажырашпай туруп ошол келинине үйлөнүп алды.

Азыр балдарым менен Москвада өз оокатымды кылып жатам. Өзүмдүн башымдан өткөн бул баян менен, ата-эненин орду тууралуу, алар жакшы болуп, балдарга жакшы таалим-тарбия, жакшы багыт бербесе, балдарынын жашоосу ушундай тозокко айланарын айткым келди… Бирок “Эненин каргышы да – бата” дегенге ишенип, мен баары бир энемди кечиргим келет…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *