Ысык-Көлдү муундарга калтырабыз десек…

Ысык-Көл – бул биологиялык, химиялык жана физикалык өзгөрүүлөр жүрүп, өзүн өзү тазалап турган тирүү организм. Бирок, соңку мезгилдерде Ысык-Көл биосфералык аймагы антропогендик жана техникалык басымдын алдында калды. Андыктан бүгүн чара көрбөсөк, эртең кеч болуп калат.

Биз муну дайыма эске сактап, көлдү таза тутушубуз керек. Ошондо гана ал миң жылдар мурдагыдай калыбынан жазбай, бизди өзүнүн көркөмү, сулуулугу менен кубандырып, бүтүндөй Ысык-Көл облусунун экологиялык балансын жана микроклиматын сактап турмакчы. Өткөн кылымдын 70-80-жылдарда Ысык-Көлдүн баа жеткис элдик байлык экенин түшүнгөн өлкө жетекчилиги көлдү сактоо маселесине абдан сергек мамиле жасап, бул маселени мамлекеттик деңгээлде карашчу. Анда мынчалык антропогендик жана техникалык залака деле жок болчу.

Бүгүн бизди Ысык-Көлдүн келечекте кандай болушу керектиги жөнүндөгү маселе катуу ойлонтушу керек. Аны болочок муундар үчүн сактай алабызбы? Учур цивилизациясынын, өнөр жай өндүрүштөрүнүн курчап турган чөйрөгө канчалык таасири тийип жатат? Улутка жана экологияга коркунучу жокпу? Ушул суроолор жаныбызга тынчтык бербеши керек!

Белгилүү болгондой биздин Ысык-Көл 2001-жылы ЮНЕСКО тарабынан таанылып, Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерватор тутумуна киргизилген жана дүйнөдө тереңдиги боюнча экинчи орунда турат. Ал дүйнөдөгү эң сулуу деген (ТОП-15) көлдөрдүн катарына кирген. Көлдүн флорасы жана фаунасы 1 миң 500 өсүмдүктү, 54 жаныбарларды жана 267 канаттууларды камтыйт.

Эгерде совет мезгилинде өкмөт жана эл тарабынан көлдүн жаратылышы калыбында сакталып келсе, 90-жылдардан бери көлдүн жээгиндеги урбанизация экологияга терс таасирин тийгизип, жаратылыш балансы бузулуп, көлдүн тазалыгына зор зыянын тийгизүүдө. Ошондуктан ыйык көлүбүз 40 жыл мурда кандай эле, азыр кандай болуп калганын элестетүүдөн да эсиң чыгат.

Биз жаратылышка жырткычтай жана туура эмес мамиле кылуу, аны бир заматта кыйрата тургандыгына күбө болуп жатабыз. Дарылык касиети бар баткактарга жана минералдык сууларга, сууну сактай турган буфердик аймактарга оңбогондой залал келтирип жатканын да көрүп турабыз. Баары эле көлдүн болгон-бүткөн берекесин алып, бизнес жасап, ага өзүн өзү калыбына келтирүүгө, сактоого мүмкүнчүлүк бербей жаткандай таасир калтырат. Ушул эле учурда Ысык-Көлдөн суу агып чыкпай турганын, ал эми көлгө куюп жаткан дарыялар, суулар көп учурда зыяндуу заттарды агызып келээрин унутуп койгонбуз. Ошондуктан Ысык-Көлдүн өзүн өзү тазалап, калыбына келишине, айрыкча жайкы сезон учурунда мүмкүнчүлүк беришибиз керек!

Кезинде Ысык-Көлдү коргоо иштеринде майда деп маани бербей коюу жок болчу. Эс алуучулардын жеке маданиятынан тартып, көлдүн жээгиндеги айылдарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалыгына көз салуу, тазалоо курулуштарын иштетүү жана эс алуу жайларынын жайкы сезонго даярдыгы, сезондон кийинки абалы милдеттүү түрдө өкмөттүн деңгээлинде карала турган. Эгерде кандайдыр бир себептер менен сезонго даярдана албай калган пансионаттар иштечү эмес.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдө мурдагы мезгилдерге караганда коркунучтуу кырдаал түзүлдү. Жыл сайын эс алуучулардын саны артып, антропогендик жүк артууда, келген машиналардын санынан башың адашат. Көлдүн көпчүлүк жерлеринде, айрыкча коттеждер менен мейманканаларда тазалоочу жайлар курулбагандыктан кир суулар, ЫсыкКөлдүн фауна, флорасын өлтүрүп, дарылык касиети бар бальнеологиялык баткактарга тескери таасирин тийгизип жатат. Мындай мамиле орду толгус кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мисал келтирсек, бир нече жылдар мурда эле Ысык-Көлдө осман балыгы, чабактар бар эле…Азырчы?

Жогорку Кеңештин 2007-жылы кабыл алган токтому боюнча пайдаланууга тыюу салынганына карабастан скутерлер, моторлуу кайыктардын саны жылдан-жылга өсүп баратат. Көпчүлүк бир тамчы бензин 24 кв.метр аянтка жайылып, көлдүн үстүндө аба, күн өткөрбөгөн өзүнчө эле пленкага айланаарын биле беришпейт. Ал эми таштандыларды жок кылуу маселеси ордунан жыла элек. Айрыкча көл жээгине, көлдүн өзүнө ыргытылган желим пакеттер, бөтөлкөлөр абдан зыяндуу, алардын чирип жок болушу жүздөгөн жылдарды камтыйт.

Ошону менен “Ысык-Көлдү коргоо жөнүндөгү” мыйзам күнү-бүгүн кабыл алына элек. Ал эми бардык санитардык нормаларды бузуу менен салынган коттеждерди, пансионаттарды куруу улантылууда. Айтылып жүргөн “Ысык-Көлдүн экологиялык жана экономикалык системасын өнүктүрүү концепциясы” кагаз бетинде эле иштеп атпаса, иш жүзүндө иштебейт деле.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн учурдагы экологиялык абалы, эгерде ушул тейинде улана берсе келечекте кандай боло тургандыгы жөнүндө так маалымат жок. Ошондой болсо да Ысык-Көлдү сактап калуу резервдери жок эмес, бар. Ал “Ысык-Көлдү коргоо жөнүндөгү” мыйзамды токтоосуз кабыл алуу. Анан ошол мыйзам боюнча көлгө кандайдыр бир зыянын тийгизе турган бардык кыймыл-аракетке тыюу салуу керек. Ага ылайык бардык эс алуу жайларында тазалоо курулуштары салынып, альтернативдүү энергияны (М: күн энергиясы) пайдалануу, газ менен жылытуу, калдыксыз технологияны киргизүү зарыл. Ал эми бардык эс алуу жайлары өздөрүнүн инфраструктурасын жакшыртуусу күндүн талабы. Ошондой эле көл жээгиндеги бадалдарды кырккандын ордуна, бак-дарактарды отургузуу керек.

Ысык-Көл бул – элдин байлыгы, муундарга калтыра турган мурасы экендигин эч качан эстен чыгарбайлы!

К.ӨМҮРАЛИЕВ, Мамлекеттик санитардык эпидемиялык көзөмөл борборунун
башкы врачынын орун басары

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *