Нарын: Аэропорттун айланасындагы айгайлар

Күмөндөр УСУПТЕГИН, “Кыргыз Туусу”


Нарын аэропортунун айланасы тосулгандан тарта айгайлар пайда болуп, акыры ал жарылуу чегине жакындап калгандай элес берүүдө. Анткени айрым жергиликтүү тургундар тосмонун тиешелүү жерлерин талкалап жол ачкылары келишет.

Нарын аэропорту калаанын чыгыш тарабында Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагындагы Кеңеш айылынын түндүк тарабынан орун алган. Нарын аэропорту 1964-жылы пайдаланууга берилген экен. Өткөн доордо чакан учактар тынымсыз каттап, 45 мүнөт аралыгында ордо калаага жетип барчу. 2013-жылдын июль айында БишкекНарын аба жолун туруктуу иштетүү аракети болуп, алгачкы каттам жүзөгө ашырылган. Бирок 2100 сомдук учуу наркын теңиртоолуктар көтөрө албай, каттам ошону менен тып токтогон. Натыйжада учактар жайынын бир учурда тикенек зым менен тосулган жерлеринен мал айдоочу, бара-бара унаалар ары бери каттоочу жолдор пайда болуп, айылдын тургундары аэропорттун эки жеринен каттап калышат. Бирок Дача-Суу конушунда 2017-жылдын 16-январынын таңындагы болгон каргаша аэропортторду оор уйкудан ойготту. Жыйынтыгында ал жылы жай мезгилинде Нарын аэропорту дагы чычкан өтө алгыс болуп тосулат. Ошентип учуу-конуу тилкесин каалагандай аралап үлүш жерлерден суу сугарып, түшүмүн туш-тушунан тартып жыйнап алган айылдыктар чыгыш жана батыш тарап аркылуу айланып барып келүүгө аргасыз болушат.

Жагдайды Кеңеш айылынын башчысы Жыргалбек Курманов мындайча чечмеледи.

– Мурда деле жол Чычырканак деген жерден айланып өтүлүүчү. Бирок ал учурда Алышканалынын үстүндө көпүрө бар болчу. Кийин каралбай калгандыктан көпүрө кулап калган. Эл болсо аэропорттун эки жеринен машиналар менен өтүп жүрүшкөн. 2017-жылы аэропорт тосулганда эл үч маселени: каналга көпүрө салуу, жолдорду оңдоо жана аэропорт каналына лоток же түтүк салып берүүнү суранышкан. Туура, каналга көпүрө салынды, бирок талаптагыдай болбой калды. Каналдын болжолу бир чакырымдай аралыгы аэропортту тоскондо ичинде калды. Ал каналды тосмонун сыртынан салалы десек, дал ошол жерлер ойдуң болуп суу чыкпайт. Аны жасаганга бизде мүмкүнчүлүк жок. А эми аэропортто иштегендер каналды бүтөп салабыз, суу тосмолорду кыйшайтып жатат дешүүдө. Ал эми туура жерлердин дагы он жерине суу өтө турган түтүк салуу маселеси келип чыкты. Анткени жолдор бузулуп, чөп тартууда кыйынчылык жаратууда, – дейт ал.

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Алсейитовго кайрылсак.

– Эл, канал мурда тосмонун сыртында болчу, эми ичинде калды деп жатышат. Анткени азыр карта боюнча тактап алып чыкканда ушундай болду. Бирок биз быйыл батыш тарабынан каналды тосмонун сыртына чыгарып иш кылуудабыз. Ошентсе дагы айрым адамдарга жасаган жумушубуз жакпайт экен. Түтүнгө 500 сомдон чогултуп, жолдорду оңдойлу дегенбиз. Чогулткандар оңдоп жатышат. Акча бербегендердики калды. Кээ бири жыйналыштарга катышпайт. Бирок кийин башка сөздү кеп кылышат, – деген жоопту берди. Ал эми Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов маселе чечилерин билдирди. – Мен район, айыл өкмөт менен маселени тактаймын. Бардык жумуштар чечилет, — деди кыскача.

Ал эми “Нарын” аэропортунун жетекчиси Келдибек Молдоев жергиликтүү тургундарга көптөгөн жардам бергендигин белгиледи.

– Кеңештик туугандар аэропортту мен тоскондой түшүнүп жатышат. Бул маанилүү объект да. Керек десе мен маалымат бергенге дагы акым жок. Баары жогору жактан чечилет. Бирок шартка жараша айтаарым, дагы Алыш каналга көпүрөгө жардам бердим. Аэропорт болгон үчүн айыл өкмөткө кошумча акча да түшүп жатат. Бирок жерлерин кантип сугарышат, аны бизден талап кылышпасын. Дагы биз канал аркылуу суу берип жатабыз. Чындыгында аэропорттун аянтын аралап суу агып өтпөш керек. Негизи биз жай чарбага көнүп калганбыз да, – деди ал.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *