Балдарын карабаган аталардан коркомун…

Эзелтен элибиз бала тарбиясына өтө кылдаттык менен көңүл бөлүп, кыздарга «кызга кырк үйдөн тыюу» десе, уулдарга «жигитке жетимиш өнөр аз» деп башын өнөргө, илим, билим алууга байлаган. Айрыкча, эркек балдарды тарбиялоодо аталардын ролу абдан жогору болгон.

Ал эми биздин доордо ошол «турмуштун туткасы, таалим-тарбиянын предмети» болгон жаш муундарды тарбиялоо, «чырпыктан – чынар», «балапандан – темир канат куш» сымал «коомдун активдүү жарандарын», «ыйман, ызааттуу инсандарын» өстүрүп, жетилтип коом колуна карматуу (жүгү) милдети экинчи бир тарапка – кесиптердин паашасы болгон «мугалим» деген «улуу күчкө» жүктөлгөн.

Акыйкатта, мугалим адамзаттын улуу устаты, илим-билим, акыл багынын багбаны. Ал ар бирибизди адам кылып тарбиялап, өстүргөнгө чейин канчалаган машакаттуу жолду басып өтсө да анысын милдет кылбайт, кесибин ак санаганы үчүн улуу делет.

Бирок баланын билим алуусуна кошуп, таалим-тарбиясын биротоло мугалимге шылтап коюу чоң чекилик. Айрыкча, аталар жоопкерчиликтен алыстабаса дейм. Деги эле, бала тарбиялоодогу аталардын ролу кандай? Аталардын аталык ролу үйдөгү кароолго алмашып калбадыбы?!. Калды!

Мектепке чакыртсаң “ата” келбей, апасы келет баланын. Жигитчилик кылышып кермур айтышып калса да уулун жетелеп атасы келбей, апасы келет. Курбу кыздары айткан тамаша сөздү көтөрө албай ыйлактап барса да мектепке апасы келет. Айтор, баарында апа келет, аталардын келгенин көрбөйсүң. Көрсөң да айда, жылда бирди жарым, андан ашык эмес! Жагдай ушундай болуп атса, аталарды үйдүн кароолчусу болуп калды дебеске айла барбы?!

Бала тарбиясы менен шугулданбай кайдыгер караган бейгам жанды, кирип-чыгып жүргөн квартирантты элестетет ушундай аталар.

Энелер аман болсун, баарына чыдап, күйүп-бышып, чабалактап жүргөнү жүргөн. Эне тарбиясы эң мыкты. Бирок, балага атанын да мамилеси, атанын да көзөмөлү, атанын да сүрөөнү, сүрү керек. Жигиттер атадан жигитче тарбия албаса балада жат жүрүм-турум, терс ой-пикирлер пайда болушу мүмкүн.

Мектептерде уюштурулуп, өткөрүлгөн бардык иш-чараларга энелер активдүүлүк кылышат да, аталарды сейрек көрөсүң. Ошондуктан, үй-бүлөдө бала тарбиялоого тарбия саатын бөлбөгөн аталардын жүрөгүн ойготуу, кайдыгерлигин жоюу үчүн, балага үй-бүлөлүк тарбия берүүнүн альтернативдүү шарты катары мектептерде тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын, Кыздар кеңешинин төрайымынын, Балдар кеңешинин төрагасынын кураторлугунда ар бир класстын ата-энелер комитетинин төрагаларынын жоопкерчилиги алдындагы “Аталар мектебин” уюштурууну сунуштайм (мурда мектептерде “Энелер мектеби” деген клуб уюштурулган башталгыч класстардын ата-энелери арасында, бул ал эмес).

Анда өзгөчө мектептердеги “дежур” атаэнелер аркылуу эмес, башка үлгүлүү атаэнелер аркылуу жүргүзүү жакшы натыйжасын берет. Анын алкагында өзгөчө аталардын балага тарбия берүүдөгү ролун жандандыруу кажет.

Нурбек ЖООШБАЕВ, Таш-Көмүр шаарындагы
№2 К.Осмонкулов атындагы орто мектептин тарых мугалими

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *