Кыргызстанга ЕККУнун баш катчысы Ламберто Занньера келет

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Ламберто Занньера 12-13-июнда Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу  ТИМдин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору Сейит Убукеев билдирди.

Анын айтымында, июнь айынын аягында  Л.Занньеранын ЕККУга баш катчылык миссиясы аяктайт.

Иш сапардын алкагында күзүндө Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоо жана аймактык кызматташуу, коопсуздук маселелери талкууланат.