Бүбүкан ДОСАЛИЕВА: «Журналисттердин укуктук, социалдык жактан корголуусу башкы маселе»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


“Азаттык” радиосунун телевизиондук продюсери, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан ДОСАЛИЕВА менен маек.

– Бүбүкан эже, өлкөбүздө саясий туруктуулукту камсыздоодо кыргыз журналистикасынын орду канчалык?

– Журналистика кандай коом жана мамлекет болбосун саясий туруктуулукту камсыздоочу эң негизги курал. Кыргызстандагы ЖМКлардын дагы башкы милдети ушул. Бирок, коомдо болуп жаткан бардык көрүнүш, окуяларды чагылдырууда ар бир жарандын маалымат алуу укугу өзгөчө орунда турат. Ушул жагдайдан алып караганда ЖМКлар жана аларда иштеген журналисттер коомго так, чындыкка негизделген маалыматтарды таратууга милдеттүү. Демек, кыргыз журналистикасынын орду бар, бирок бир беткей, кайсы бир топтун, тараптын кызыкчылыгын көздөгөн, айрым учурда чыныгы фактыларга негизделбеген маалыматтардын таратылышы коомдогу карама-каршы көз караш, пикирлердин курчушуна түрткү болуп жатат. Айрыкча, акыркы айрым ЖМКлар бирөөнү каралаган материалдарды көп жазып жаткандыктан коомчулук кайсы маалыматка ишенээрин билбей, кайсы маалыматтын чын экендигин аңдап биле албай калууда. Анткени, ар бир маалымат адамдын ой туюмун өзгөртүп, анын жүрүмтурумуна, чечимдерди кабыл алуусуна түздөн-түз таасир берет. Ошон үчүн мамлекеттин бекемдиги, саясий туруктуулук жана ар кандай окуя, көрүнүш менен саясий оюндарды өз алдынча салмактай ала турган коомдук пикирди калыптандырууда ЖМКлардын жоопкерчилиги менен мамлекеттик кызыкчылыкты баарынан жогору коюу өтө зарыл. Кыргызстанда мына ушул эки маселе аксап, эриш-аркак иш жүрбөй жаткандыгы ойлондура турган олуттуу жагдай.

– Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп айтылат. Бирок, кайсы массмедианы албайлы кожоюнунан көз каранды. Бул журналисттин эркиндигин чектөөгө жатпайбы?

– Ал айтпаса деле түшүнүктүү болуп турат. Мисалы, айрым кесиптештерибиз бир ЖМКда иштеп жүрүп, андан багыты, редакциялык саясаты таптакыр башка ЖМКга баргандан кийин мурунку турумуна таптакыр карама-каршы багыттагы макалаларды жаза башташат. Демек, ким акча төлөсө ошонун көзүн карап, анын каалоосуна жарашкан гана материалдарды жазып, кээде өзүнүн калыптанган көз карашына да каршы келген маалыматтарды таратып калышат. Мен бул жерде журналисттер ЖМК кожоюунуна таптакыр көз каранды болот, ошон үчүн өзү каалабаган багыттагы материалдарды жарыялоого мажбур болот деп айтуудан алысмын, өз көз карашынан тайбай, болгон көрүнүштү болгондой жазып койсо боло турган учурлар болот. Бул журналисттин өз абийирине да байланыштуу нерсе. Себеби, такыр эле көз каранды болбой, абийирди акчага биротоло алмаштырбаган кесиптештерибиз да бар. Анткени, чындык деген баарынан күчтүү, салмактуу жана абийирин биротоло жоготкон гана адам чындыкты танууга жөндөмдүү болбосо, анча-мынча болсо да уяты бар адам танып кете албайт. Бирок, коомдогу ач көздүк, “Өзүмдүн ишим жүрүп турсун, өзгөнүкүн сел алсын” деген көз караштын улам тамырланып, жалпы эл, коом, мамлекеттин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын өйдө коюу, мыйзамсыз болгонуна карабай эбин таап баюу керек деген нысапсыз аракеттердин күч алганы журналисттерге да таасирин тийгизбей койгон жери жок. Журналисттер арасында да мыйзамсыз, абийирсиз аракет экендигине карабай бүт талантын жумшап материал жазгандар бар. Бирок, журналисттер арасында алардын салмагы жок болорун көрүп жүрөм.

– Коомчулукта коррупциялык схемаларды иликтеген журналисттерге карата кысым көрсөтүлгөн, алар менен соттошкон учурлар бар. Учурда журналисттердин укуктары канчалык деңгээлде корголгон? Дегеле журналист журтчулугун коргогон уюмдар барбы?

– Тилекке каршы, Кыргызстандын соңку эгемен тарыхында ЖМКлар менен журналисттерди сотко берүү көрүнүшү бирде басаңдап, бирде күчөп келе жатат. Акыркы кезде айрыкча саясатчылардын арнамыс, кадыр-баркымды түшүрдү деген доо менен сотко берип, аны бир нече миллиондогон сом менен өлчөгөнү адатка айланды. Буга мурдагы мамлекет башчынын бир катар ЖМКларды катары менен сотко берип, миллиондогон каражат төлөп берүүнү талап кылганы ого бетер түрткү берди. Бул жерде коомдун санитары болгон журналисттердин ролу басаңдады. Кыргыз элинин “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деп, элчи менен жарчыга кол тийгизбеген ыйык салтына доо кетти. Албетте, ага чейин деле соттошуулар болгон, бирок бул окуялар кыргыз журналистикасында элди бушайманга салган окуяларды ачык айтуудан бир аз айбыктырган көз карашты пайда кылып, эки жакты элеңдете караткандай болду. Анткен менен так, ачык маалыматка суусап, аны билгиси келип турган коомдун талабы баарынан күчтүү экендиги, коомдун талабы менен эсептешпей коюу да мүмкүн эмес экендиги даана байкалды. Ушул жерден мен адамзаттын, тактап айтканда, илгерки падышалардын жанында жүрүп, эл оозунда айтылып, сындалып жаткан көрүнүштөрдү тамаша-чынга аралаштыра айтып, тескеп турган маскарапоздор институту бекер калыптанбагандыгына ынандым. Ал эми журналисттердин укугун коргогон уюмдар бар. Бирок, менин жеке пикиримде журналист коргоого муктаж болбошу керек. Укук коргоочу уюмдардын сотто коргоосуна көз каранды болгучакты өзү фактыга негизделген, тастыкталган маалыматтарды гана таратып, мыйзамдарды так билип, эч дооматка калбагыдай болуп так иштеши зарыл.

– Журналисттер маалыматтар менен бийликти, коомчулукту кабардар кылып, алардын чечилишинде негизги ролду ойнойт. Бирок ошол эле учурда алардын өзүлөрүнүн маселелери чечилбей келет. Аларга карата мамлекет эч кандай социалдык шарттарды түзгөн эмес. Ата мекендик ЖМКлардын дээрлик баарынын бюджети жарды болгондуктан эмгек акылары аз, 20- 30 жылдап үйсүз жүргөндөрү да бар. Бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керектиги учур талабы эмеспи?

– Албетте, журналист изденип иштеши үчүн материалдык, социалдык маселелерден алыс болушу керек. Эсимде, бир жолу мен Прагада иштеп атканда СNN телеканалынын жаңылыктарын карап отуруп, кесиптешим Амирбек Усмановго “Ушул алып баруучу канча жылдан бери түз эфирдеги көрсөтүүлөрдү алып барат, бирок өңү өзгөрбөйт, жапжаш бойдон эле жүрөт” деп суктанып калдым. Анда Амирбек “Алар сага окшоп баламды мектепке кантип алып барам, ал үйгө жетти бекен, тамак ичти бекен же тигил же бул тууганымдын тоюна барбай калганым үчүн таарынды бекен деп бушайман болбойт. Бир гана көйгөйү – иши. Алар материалдык жактан мыкты камсыздалган” – деди. Эл алдында жүргөн жана жалаң коомду кызыктырган маалыматтар менен иштеген адамдардын социалдык жактан корголуусу башкы маселе. Бирок, мамлекетке көз карандысыз ЖМКлар, ошондой эле коомдук телеканалдар мындай маселелерди чечүүнүн жолун өздөрү издеп, өз кызматкерлерин иштеткенден тышкары кам көрүү саясатын да калыптандырууга мезгил жетти деген ойдомун. Ал эми маяна көлөмүн көбөйтүү журналисттин ишинин сапатына, изденүүчүлүгүнө, тапкычтыгына жана коом суусаган маалыматтарды таап берүү жоопкерчилигине байланыштуу болсо азыркы рынок талабына шайкеш келмек деген ойдомун. Себеби, журналистика окуя менен кошо өнүгүп, мезгил менен жарышып турган тармак. Журналисттер мезгил менен тең чуркап, азыркы техниканы да, технологиялык жаңылыктарды да мыкты өздөштүрүп, түрдүү чет тилдерде түш жоруп, күнү-түнү иштеши зарыл. Окуялар, көрүнүштөр иш күнүн же убактысын же журналистти күтпөйт. Тескерисинче журналист эл арасында болуп, бирок көпчүлүккө белгисиз маалыматтарды издеп таап, кабардар кылууга кызыкдар болсо акыбети гонорар менен кайтат да. Башка кесиптегилердей болуп эртең менен келип, дүйнө жүзүндө, өлкөдө, коңшуларда, саясатта, экономикада эмне жаңылык болуп жатканы менен иши жок жүрүп, кечинде үйүнө кайткан кызматкерлердин көп акча талап кылууга уяты чыдабаса керек.

– Блогерлер соцтармактар аркылуу жеке кызыкчылыктарды көздөгөн ар кандай маалыматтарды таратышып, адамдын жеке турмушуна чейин кийлигишет. Алар бардык укуктарды өзүнө энчилеп алды, ошол эле учурда аларга жоопкерчилик жок. Канткенде блогерлерди мыйзам жолуна чакыра алабыз?

– Менимче, азыр блогерлерди жерүү-жарабаган иш. Азыр бир кездегидей журналисттин диплому бар гана адам журналистикада иштеп, маалымат таратууга укуктуу болуш керек деген көз караш эскирди. Азыр каалаган адам өз турмушу, коомдогу көрүнүштөр жөнүндө түрдүү форматта маалымат таратууга шарт бар. Журналистиканы изилдеген окумуштуулар арасында мындай келечек тууралуу мен өткөн кылымда журналистика бөлүмүн бүтүп жатканда эле айтылып, бара-бара гезит жоголот деп жазышкан. Албетте, коомдо маалымат алуунун кандай булагына муктаждык болсо ошол тармак катуу өнүгөт. Азыр чөнтөк телефон доору болгондон кийин дүйнө жүзү ошол алакандагы телефонго батып жатат. Демек, социалдык тармакты пайдалануучулардын саны, ага жараша анда маалымат жайгаштыргандардын да саны өсүп жатат. Аны мыйзамдык же техникалык жол менен жөнгө салуу өтө кыйын маселе. Көп мамлекеттер, анын ичинде Россия интернет сайттарын мыйзам менен чектөөгө умтулуп жатат. Бирок, дүйнөлүк тажрыйба интернет чексиз желе экендигин эбак далилдеген. Ушул жагдайдан алып караганда, соцтармактарда маалымат тараткан блогерлердин иши алардын өзүлөрүнүн жоопкерчилиги менен абийирине көз каранды маселе. Бул жерде блогерлердин билими, этикалык адеби, жаран катары жоопкерчилиги жана намыскөйлүгү зор мааниге ээ. Эгерде бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишкен маалымат таратса экинчи тараптын сотко берүү укугу бар. Бирок, ал жалган болсо коомдо ал блогерлерге ишеним дароо эле жоголот. Акыркы кезде блогерлерди мындай кой, кандайдыр бир сайттарды ачып алып, көз көрүнөө плагиат болгон адамдардын саны көбөйүп бара жатат. Мени мына ушул көрүнүш ойго салат. Мисалы, өзүлөрү тигил же бул окуя болгон жерге басып барышпайт, маалымат издешпейт, баш оорутуп жазышпайт, жөн гана даяр материалды интернет сайттан көчүрүп алышат дагы ар жак, бер жагын жасалгалап, кыркып, даяр текстти кадр артында өзүлөрү эжелеп окуп туруп сайтына жайгаштырышат. Элдин көңүлүн тез тартуу үчүн сенсация ачкандай тема коюшат. Аны көргөн адам укмуш бир жаңылык болгон экен деп, дароо ачып окуй салат. Мен деле ошентип окуган учурлар көп болду. Окуп же көргөндө, мисалы мен иштеген “Азаттык” радиосу жазган жаңылыкты же макаланы толук бойдон көчүрүп алып эле башкача жасалгалап туруп койгон болот. Ушундай көрүнүштөр мени абдан катуу иренжитип жүрөт. Мен сөз башында айттым, чындыкка негизделбеген же коомдогу талылуу маселени ачып көрсөтпөгөн журналистика акыр аягы чамындыга айланат, андай маалыматка эч ким муктаж эмес. Анан дагы кейиткен жери- ушундай уурдалма, чала сабат маалымат жазгандар коомдук аң-сезимди калпыс маалыматтар менен сугарып, коомдук табитти бузуп жатат. Ансыз деле сабаттуу жаза албаган адамдар арасында туташ сабатсыздыкты калыптандырып жатат. Аны ошондой аталышы чуулгандуу маалыматтарды окуган, көргөн интернет колдонуучулар калтырган комментарийлер дагы жакшы далилдейт. Айрым комментарийлердин ушунчалык сабатсыз жазылгандыгынан улам кайра-кайра окуп, эмнени айткысы келгенин түшүнбөйсүң. Демек, эгер сабаттуу, жоопкерчиликтүү, элдин көйгөйүн чукуп көрсөткөн блогерлер көп болуп, мамлекеттин өнүгүшүнө тикенек болуп турган көрүнүштөрдү тасмага, сүрөткө тартып, так, даана ачык кабардар кылып турса жалпы өнүгүүбүзгө эле өбөлгө болмок.

Эми журналистика жөнүндө сөз болгондон кийин мени акыркы кезде көп ойлондурган маселе — журналист адистерин даярдоонун сапаты болууда. Азыр журналистика факультеттеринде илгеркидей болуп лекция окуунун зарылдыгы жок. Албетте, 1-2-курстарда теориялык жалпы билим берилиши зарыл. Андан кийин аларды тажрыйба менен такшалтып окутуу керек. Ошондо адистер сабаттуу жазуу менен бирге маалымат таратууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого, азыркы техникалар менен иштөөгө үйрөнүшөт. Андан тышкары алардын мыйзам чегинде иштеши үчүн мыйзамдар жана алардын талаптарын өтө жакшы билиши зарыл. Демек, азыр журналистиканын айдыңы кеңейген сайын талап дагы, жоопкерчилик дагы жогорулап бара жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *