Саммитти утурлай: Эл аралык иш чарага даярдык

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстанга иш сапары менен Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга жана Индиянын Премьер-министри Норендра Моди келет. Бул тууралуу кечээ маалымат жыйында Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Ошондой эле ал аталган иш сапарлардын алкагында жана 12-13-июнь күндөрү өтө турган ШКУнун саммити тууралуу маалымат берди.

Кыргызстанга Монголиянын Президенти иш сапары менен келет

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга иш сапарынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга

«Жээнбеков менен Баттулганын жолугушуусунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун негизги темаларын белгилешет. Учурда 14 документ даярдалып жатат. Биз 7-8 документке кол коюлат деп божомолдоп жатабыз. Алар саламаттык сактоо, экономика, коопсуздук жана аймактык кызматташуу тармагында болот», — деп билдирди Д.Сыдыков.

Кыргыз-Кытай алакасын жаңы деңгээлге көтөрүлүшү мерчемделүүдө

Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин иш сапары убагында 20га чукул документтерге кол коюлуп, анын көркөм көргөзмөгө катышуусу каралган. Мындан тышкары кыргызкытай бизнес форуму өтүүсү күтүлүүдө. Анда эки тараптуу кызматташтык талкууланып, 40ка чукул документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө.

“Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле жогорку деңгээлде, тараптар кызматташтыкты мындан дагы жогору деңгээлге көтөрүүнү пландоодо. Кытай көптөгөн жылдар бою Кыргызстан үчүн маанилүү соодасатык жана инвестициялык өнөктөш болуп келүүдө. Учурда эки тараптуу аракеттер менен Кыргызстандан Кытайга экологиялык таза азык-түлүктөрдү экспорттоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Кыргызстан түз инвестициялар, транспорт, туризм, агросектор тармактарында жана инфраструктураны өнүктүрүү багытында кызматташтыкты активдештирүүгө даяр”, — деп билдирди Д.Сыдыков.

Ал белгилегендей, өткөн жылы Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Мамайдын варианты боюнча даярдалган “Манас” операсынын ачылышы болгон. Президенттин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева аталган опера Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында коюларын айтты.

Өткөн жылы Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Мамайдын варианты боюнча даярдалган “Манас” операсынын ачылышы болгон.

“Опера биринчи күнү ШКУнун коноктору үчүн көрсөтүлөт. Экинчи күнү жарандарга тартууланат. Учурда “Манас” операсын Кытайдын борбордук театры коюп жатат. Кытайда бул опера бир нече жолу коюлган. Кыргызстанда ал алгачкы жолу көрсөтүлмөкчү”, — деп билдирди ал.

Ошондой эле 40 сүрөтчү катышкан “Көп кырдуу сүрөтчүлөр жана бир жол” аталышындагы көргөзмө өтөт. Ага Кыргызстандан 10, Кытайдан 15 жана Россиядан, Италиядан, Казакстандан сүрөтчүлөр келип катышмакчы. Көргөзмө 12-13-июнь күндөрү мамлекеттик резиденцияда, андан кийин Гапар Айтиев атындагы музейде өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Норендра Модинин алгачкы иш сапары Кыргызстанга

Президент Сооронбай Жээнбековдун Индияга жасаган иш сапары

ШКУ саммитинен кийин Индиянын премьер-министри Норендра Моди расмий иш сапары болот. Анын алкагында тар жана кеңири чөйрөдө сүйлөшүүлөр орун алып, 20га чукул документтерге кол коюлмакчы.

Мындан тышкары кыргыз-индия бизнес форуму өтүп, текстиль көргөзмөсү орун алмакчы. Белгилей кетчү жагдай, бул иш сапар Норендра Моди премьерминистр болуп кайрадан шайлангандан кийинки алгачкы сапары болуп калмакчы.

Мамлекет башчыларын тосууга баары даяр

ШКУнун төрагалыгы Кыргызстанга өткөндөн бери Кыргызстан активдүү иш алып барууда. Мисалга алсак, буга чейин ШКУнун алкагында Коопсуздук кеңештердин катчыларынын, коргоо министрлердин, тышкы иштер министрлердин кеңешмелери өттү. Мындан тышкары маданий-гуманитардык иш чаралар: Медиа форум, Марафон, Бизнес форум болду.

13-14-июнда Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларын тосууга карата бардык тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлгөнүн белгилеген Д.Сыдыков: “Биз ардактуу конокторду тосуп алууга даярбыз. Бүгүнкү күндө кол коюуга пландалган 20га чукул жыйынтыктоочу документтер иштелип жатат. Алардын ичинде Бишкек декларациясы жана ар тармактагы кызматташтыктар боюнча документтер бар”, — деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, ШКУнун саммитине Россия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Мындан тышкары ШКУнун генералдык катчысы жана аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн аткому катышмакчы. Ошондой эле байкоочу мамлекеттер Афганстан, Белорусь, Иран жана Монголиянын президенттеринин катышуусу пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *