Каны кызуу балдардын «таарынычы»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


5-июнда, Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү Орок айылында, айт намазынан кийин жергиликтүү өспүрүм балдар мечиттен чыгып баратып мушташа кетишкендиги тууралуу Сокулук РИИБсына билдирүү келип түшкөн. ИИМ тараткан маалыматка караганда: “Ооз эки айтышуу мушташка айланып, анын кесепетинен 2003-жылы туулган эки жаш өспүрүм денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан”. Окуя болжол менен 8.30дар чамасында болгон.

Мушташтан жаракат алган эки бала шаардагы №3-балдар ооруканасына жеткирилген. Врачтардын айтымында, бир бала ыкчам терапия палатасында, экинчиси нейрохирургия бөлүмүндө. Абалдары туруктуу.

Окуя кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталган. ИИМ тараткан окуянын кыскача хронологиясы мындай: “Болжол менен саат 12:00 чамасында аталган факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектүү катары 23 жаштагы А.К. жана 15 жаштагы А.А. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.

Саат 15:30да айылдын аймагында жабырлануучу өспүрүмдүн туугандары чогулуп, окуя боюнча нааразычылыктарын билдиришкен. Окуя болгон жерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, анын ичинде Өкмөттүн Чүй облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү, Сокулук районунун акимиатынын жетекчилери келишип, чогулгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Жолугушуу учурунда жабырлануучунун туугандарынын бири провокациялык мүнөздөгү иш аракеттерге (терезелерди сындыруу жана башкалар) чакырган. Топтолгон туугандар менен айылдаштардын айрымдары бейбаштыктын айынан үйлөрдүн бириндеги үйүлгөн чөптү өрттөп, болжол менен 12 үйдүн жана короолоруна коюлган автоунаалардын терезелерин талкалап салышкан. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 31 бейбаштык кылган жаран кармалып, райондун ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүнчө катталды”.

Окуя болгон күнү Төмөнкү Ороктогу абалды тынчтандыруу үчүн ИИМ министри Кашкар Жунушалиев өзү баш көз болуп жүргөнү айтылууда. Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Абдраимов окуя боюнча түшүндүрмө сураган журналисттерге орой жооп берип, аларды таарынтып алганы белгилүү болду. Төмөнкү Орокто Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Камил Фырат да болгон. Анын айтымында, элчиликтин кызматкери ошол күнү Орок айылында конокто болуп, элчиге телефон чалып, жардам берүүнү суранган.

Учурда, Төмөнкү Орок айылында абал тынч, укук коргоо орган кызматкерлери тарабынан кармалган 31 кишинин баары кое берилген. Болгону чырга себепкерлер гана камакта калган.

Окуя болгон күндүн түнүндө эч кандай тартип бузуулар катталган жок.

Бишкек шаарынын түштүк-батышында жайгашкан Төмөнкү Орок айылында 340тан ашуун түтүн жашап, жергиликтүү калкты негизинен кыргыз жана түрк улутундагылар түзөт.

Ошол эле Орозо айт күнү, Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында да жергилик­түү өспүрүмдөр мушташа кетишкен. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, күпкүндүз эле айыл четиндеги көлмөгө түшүп жаткан өспүрүм балдар мушташа кетип, ал чырчатакка айылдагы алардан улуураактар да кошулуп кеткен. Бактыга жараша, окуя андан ары ырбап кеткен эмес. ИИМ министринин орун басары К.Асанов башчылык кылган милиция кызматкерлери ага жол берген эмес. Жаңы-Жер айыл өкмөтү Бишкек шаарынын түндүк-батышында жайгашкан, болжол менен борбор калаадан 30-40 чакырым алыстыкта турат. 2000 миңге жакын түтүн жашаган айыл өкмөтүнө беш айыл карайт.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Дүйшөнов айылда болгон чатакка майда балдардын ортосундагы таарыныч катары баа берди.

Учурда Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагында абал тынч. Абалдын турукташына айыл аксакалдарынын салымы чоң болгону айтылууда.

Айрымдар, Төмөнкү Орок жана ЖаңыЖер айылдарында болгон өспүрүмдөр арасындагы чыр-чатакты бири-бири менен байланыштырууга аракет кылышууда. Ички иштер министрлиги Сокулук районундагы ЖаңыЖер жана Төмөнкү Орок айылдарындагы окуялардын бири-бирине эч кандай тиешеси жок деп эсептейт жана Сокулук районундагы бейбаштыкты улуттар аралык чыр-чатак катары карабоо керектигин билдирет.