Эркин экономикалык аймактардын мыйзамы ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирилүүдө

Жогорку Кеӊеште эркин экономикалык аймактардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан  мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министри Арзыбек Кожошев Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин курамына киргенден кийин айрым улуттук мыйзамдарды, айрыкча салык жана бажы мыйзамдарын ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирүү зарылдыгы келип чыкканын билдирди. Андан тышкары айрым жоболорду күчүн жоготту деп табуу сунушталып жатканын белгиледи.