ИИМ тазаланып бүтө элек окшойт

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Милиционерлер өспүрүм баланы шаардын четине алып чыгып, ал жасабаган кылмышты мойнуна алууга аргасыз кылгандыгы жөнүндө маалымат интернет булактарында тарап жатат. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирген.

“Арыздануучунун сөзүнө караганда, баланы шаардын четине алып чыгып ууру кылгандыгы боюнча кылмышты моюнга алууга аргасыз кылышкан. Эне-атасы 5 саат бою баласын таппай коюшканын, милиционерлер телефонун тартып алышып, туугандары менен байланышканга мүмкүнчүлүк бербегенин айтышат. Качан гана бала алардын талабын мойнуна алгандан кийин Убактылуу кармоочу жайга алып келишип, кечинде чыгарышкан жана биринчи чакырганда дароо келишин талап кылышкан”, – деп билдирген Н.Сулайманов.

Бул катардагы маалымат эмес. Адам укугу, анын ичинде баланын укугу боюнча анча-мынча түшүнүгү бар ким болбосун бул жерде КЖКнын бир катар беренелери орой бузулгандыгын айта алат. Ошондуктан тиешелүү күч структуралары (Башкы прокуратура, ИИМ) чукул иликтеп, окуянын чыныгы чоо-жайын айтып чыкпаса коомчулукту козута турган көрүнүш бул.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 24-октябрында өткөргөн маалымат жыйынында министр Кашкар Жунушалиев ИИМде жасала турган иштер көп экендигин, айрыкча милиция формасына жамынып, коррупциялык иштер менен алектенген, бети кызарбаган кызматкерлерден ички иштер органдарын тазалоо милдети турганын айтып келип, “биз жарандар өздөрүн коопсуз сезиши үчүн, бардыгын жасаганга даярбыз” деген эле.

Ал эми Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Бактыбек Кетиренов дагы туп-туура бир жыл мурда (2018-ж. 28-март) “Кыйноонун жана зордук-зомбулуктун курмандыктарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо” деп аталган конференцияда мындай дептир: “Маселени түп-тамырынан бери өзгөртүү үчүн ИИМдин жетекчилиги кыйноолорго көз жумуп коюу жана көңүл кош мамиле кылууга жол берилбей тургандыгын мойнуна алышы керек. Мындан тышкары кызматкерлерди бул өңдүү милицияга сөз тийгизген ыкмаларга келишпестик менен мамиле кылууга тар-биялоо зарыл. Болбосо, айрым учурларда туугандарынын жана тааныштарынын маселесин чечүү үчүн милиционерлер кыйноону колдонгон учурлары көбөйүп кетти”.

Оштогу жаш баланы ээн талаага алып чыгып, билгениндей кыйнап, анан мойнуна алдыруу, бул учурда эне-атасына эч кандай маалымат бербей коюу фактысы өтө эле чектен ашкан иш. Буга караганда министр Кашкар Жунушалиев бир жыл мурда өзү айткан “ички иштер органдарын тазалоо милдетин” анчалык ишке ашыра албай жаткандай.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *