Салтанатка салынган тузагы текке кетти

Сүрөт: sputnik.kg

“Боор оорусаң боорго тепкендердин” кылыгы учурда эч кимге деле таң калууну жаратпай калды. Ушундай окуяга Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүн көп жылдан бери ийгиликтүү жетектеп келе жаткан Салтанат Иманбаева тушугуптур.

Салтанат айымдын кадимки иш күндөрүнүн биринде 15 жылдан бери көзү начарлап, дээрлик көрбөй калган улгайып калган апасына операция жасатканы К.Айылчиева деген аял келген. Операцияны тез арада жасоого туура келгендиктен, керектүү “хрусталик” деп аталган каражатка кетүүчү акчасын бейтаптын кызы операциядан кийин алып келип берүүгө убадасын берген. “Хрусталик” каражаттары мамлекеттик кепилдик программасына кирбегендиктен бейтаптар бул нерсени өздөрү сатып беришет. Кайра-кайра берилген убадалардан улам арамдыкты эмес, адамкерчиликти ойлогон Салтанат Иманбаева тиги аялга ишенип, жаман ою жок өз акчасына керектүү каражатты сатып алып, операцияны ийгиликтүү жасаган. Бул операциядан кийин кемпирдин көзү ачылып, көз доктурга кайра-кайра рахматын айтып, батасын берген экен. Апасы рахматын айтып, чын жүрөгү менен Салтанат Иманбаевага ыраазы болуп жатса, кызы тескерисинче “акчаны тапканда берем”, – деп моюн толгоп тескери кете баштаган. Анан акыры “Салтанат Иманбаева менден акча талап кылууда” деп укук коргоо органдарына кайрылып, апасы үчүн ушинтип “рахматын” айткан. “Иманбаева 31 миң сом пара менен кармалды” деп 24.kg маалымат агенттиги жалпыга жар салган. (журналист А.Жумашева) Бирок Иманбаеваны эч ким кармаган жана камаган эмес! Себеби бул жерде эч кандай акча талап кылуу болгон эмес. “Хрусталик” каражаттары үчүн берилген чектер, күбөлөр турат, башка далилдүү фактылар дагы толтура.

Окуя тууралуу жактоочу Чинара Жакупбекова vb.kg сайтына берген маегинде:

– Бул жерде эч кандай пара талап кылуу болгон эмес жана болмок да эмес. Эгер акча опузалоо окуясы болгондо Иманбаева көзгө операцияны жасабай туруп акчаны алдын ала талап кылмак. Негизи эле Иманбаеваны кызматтан алуу үчүн айрым кесиптештери көптөн бери ийгиликсиз аракеттерди көрүп келишет. Бул окуя ошонун уландысы болушу мүмкүн, – дейт.

Чынында эле Салтанат Иманбаева Динара Сагынбаева тарабынан куугунтукка кабылып, бир нече жолу иштен алынып, бирок Жогорку соттон бери утуп алып, өз чындыгын ишенимдүү түрдө далилдеп келе жатат.

Көз микрохирургия бөлүмүндөгү “уюшкан топ” Бактыбек Жумашев аттуу жактоочусу аркылуу Салтанат Иманбаеванын ишиндеги кемчиликтери боюнча толгон-токой комиссияларды түздүрүп, текшерүүлөрдү жүргүздүрүп, эч бир илинчек таба албай келишет. А түгүл ак үй алдына чейин митингге чыгып көрүштү. Дастан Бекешовдон башка эч ким эч кандай реакция жасаган жок. Себеби ал “шоунун” артында жеке кызыкчылыктар бар экендигин баары түшүнүп турат. Ошол кышындагы митингдин башында бакылдап жүргөн жактоочу Бактыбек Жумашовдун, митингчилерге чыккан депутат Дастан Бекешовдун, Иманбаеваны пара менен карматкысы келген кечээки Айылчиеванын дагы артынан көрүнүп жатканын баса белгилеп койгубуз келет. Себеби өткөн жумада депутат Дастан Бекешов өзүнүн социалдык түйүндөрдөгү баракчасы аркылуу Айылчиеванын адвокаты Бактыбек Жумашевдин кайрылуусун жалпыга жарыялап, “Пара алып кармалган Салтанат Иманбаева эмне үчүн жоопкерчиликке тартылбай иштеп жатат?” – деп суроо салган. 2-3 жылдан бери Иманбаеваны иштен алдыргысы келген кесиптеш “досторунун” жактоочусу Бактыбек Жумашев Иманбаеваны пара менен карматкысы келген Айылчиеванын дагы жактоочусу боло калганы, аларга жан тартып баягы эле Дастан Бекешовдун чыга калганы көп нерсени каңкуулап жаткан жокпу?

Акыйкат издемиш болгон алардын бул түпкү максаты жалпыбызга маалым болуп калды. Ал ортодо социалдык түйүндөрдө бул окуя кызуу талкууга алынып, интеллигенция өкүлдөрү өз ишинин профессионалы, мыкты микрохирург Салтанат Иманбаеваны колдоого алышууда. “Жалган көрсөтмөсү” үчүн кайра өздөрүнүн үстүнөн арыз жазып, кылмыш ишин козготуу керек деген пикирлерин жазгандар дагы болууда.

33 жылдык иш тажрыйбасы бар Салтанат Иманбаева 20 жылга жакын убакыттан бери Улуттук госпиталда көз микрохирургия бөлүмүн жетектеп, бул аралыкта 54 миң бейтаптын көзүн дарылап, 7 миңдейине өзү операция жасаган. 70 жылдан бери оңдоо көрбөгөн көз микрохирургия бөлүмүн жаркыратып жасатып, эл аралык уюмдарга грант жазып отуруп акыркы үлгүдөгү аппараттарды, медициналык жабдыктарды алдырткан. Иманбаеванын кызылдай эмгегинин аркасы менен бүгүн Улуттук госпиталдын Көз микрохирургия бөлүмү жеке менчик клиникалардан калышпай, атаандаштыкка толук туруштук берип келет. “Даяр ашка тап бергендер” бүгүн Салтанат Иманбаеванын артынан түшүп, иштен алдыртуу үчүн жогорудагыдай пастык иштерге барышууда.

Тиленбек АЗЫК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *