Өмүрдү эмес, өлүмдү тандаган өспүрүмдөр: Ким күнөөлүү? Эмне кылуу керек?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Кайран Калыгул олуя:
“Кызыл, кызыл кыялар,
Кыргый талга уялаар.
Такыясын колго алып,
Кыз-жигитти кубалаар.
Жашыл ала кыялар,
Жагалмай талга уялаар.
Жакшы заман келгенде,
Жаштар бизди кубалаар” – деп мындан эки кылым илгери жаны кейип айтып кеткендей, “этек-жеңи чолойгон чапан чыккан, атасынан баласы тапан чыккан” заман келди.

13-16 жаштагы өспүрүмдөр өз үйлөрүнөн качып чыгып, ата-энесин издетип азапка салууда. Ата-энеси, тууган-туушкандары эле издемек беле, укук коргоо органдары тикесинен тик туруп кошо издөөдө. Бишкектен жоголгон кыз Жалал-Абаддан табылып, Таластан качып кеткен кыз Ошто жүргөн жеринен кармалууда. Антип, жоголуп кетип, кайра табылса да жакшы, өспүрүмдөр арасында суицид көбөйдү. Жыл башынан бери эле суициддин бир нече фактылары катталды.

Мына кечээ жакында Ош облусунун КараСуу районунда өз шарфына асынып алган 13 жашар кыздын денеси табылган. Бул кабар укук коргоо органдарына 27-майда келип түшкөн: ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, 2006-жылы төрөлгөн кыз өз үйүндөгү сарайда асынып алгандыгын көрүшкөн. Суицид фактысы жоруктар жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Кыздын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

Эгер өткөн жылдардагы статистиканы ала турган болсок, 2013-жылы өз жанын кыйгандардын саны 125ке жеткен болсо, 2016-жылы орточо эсеп менен ар бир төрт күндө бирден өспүрүм өз жанын кыйган, же жалпысынан 95 өспүрүм: 56 бала, 39 кыз өз өмүрү менен коштошкон. Ал эми 2018-жылы 88 өзүн өзү өлтүрүү фактысы катталган.

Бүгүн кыргыз коомунун алдында “эмне үчүн өспүрүмдөр өмүрдү эмес, өлүмдү тандап алып жатышат?” деген чоң суроо турат. Статистикага караганда, жылдан жылга өз жанын өзү кыйган өспүрүмдөрдүн саны азайып бараткандай. Ошентсе да, бул маселеге көз жумуп койгондо, бул маселе өзүнөн өзү жоголот дегенде болбойт.

Эксперттердин айтымында, өспүрүмдөр арасындагы өлүмдүн 70%ына өспүрүмдөр менен ата-энелердин ортосунда чыр-чатактар себеп болот. Бүгүн аталар менен балдар маселеси өтө курч бойдон кала берүүдө. Атаэнелер өз кан-жанынан жаралган балдарынын намысына тийген, чучугуна жеткен заар сөздөрү менен өлүмгө жеткирген учурлар аз эмес. Ош облусунда эки факт боюнча “өзүн өзү өлтүрүүгө чейин жеткирген” деген берене менен иш козголгон. Өспүрүмдөр арасында жараланган жүрөгүнүн айынан өз жанын кыйгандар да эмес. Жакында эле Сокулук районунун аймагында “Ала-Тоо-3”тө бакка асылып өлүшкөн кыз-жигит окуясы мунун ачык-айкын күбөсү. Бала 19да, кыз болгону 16 жашта экен.

Өспүрүмдөрдүн “сөз” көтөрө алышпаганы да, алардын жан кыюуларынын себептеринин бири болуп калууда. Ошентип, акыр аягы келип, канткенде жаштардын өмүрүн сактап калабыз, канткенде алар өлүмдү эмес, өмүрдү тандайт деген маселе күн тартибинде кала берет. Бирок, собол кала бергени менен, жообу табылбай келет.

Суицид фактылары тууралуу айтып жатып, акыркы жылдарда кадыресе көрүнүшкө айланган башка бир тенденцияга көз жумуп кое албайбыз. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2018-жылы 1071 бала башка үй-бүлөлөрдүн камкордугуна алынып, багууга берилген. 784 баланын 765ин кыргыз үй-бүлөлөр өздөрүнө каттатып, бала кылып, багып алса, 19ун чет өлкөлүктөр бала кылып каттатып, алып кетишкен. Балдар үйлөрүндө жана жетим балдар үчүн мектепинтернаттарда тарбияланып жаткан жетимдердин саны 2 миң. Ал эми жалпысынан алсак, 2018-жылдагы статистика боюнча, ар кайсы үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан 13,8 миң баланын 5,3 миңи томолой жетим болушкан. Алардын ичинен 8,1 миңи башкалардын кароосунда-багуусунда болсо, 5,7миңи бала кылып асырап алынган.

Томолой жетим, жетимдерди айтпаганда да, жүрөк ооруткан фактылар арбын. Кыргызстанда 2018-жылдын акырына карата социалдык жактан корголбогон, турмуш шарттары начар, кээде наны да жок отуруп калган 89 миң үй-бүлөдө 276 миң бала чоңоюп жаткандыгы катталган.

Эми дагы да бир статистикага токтоло кетели. Балдар үчүн ишеним телефону борбору суткасына 397 телефон чалууларды кабыл алат экен. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын башынан бери 47 миң 726 телефон чалуу келип түшкөн. Анын ичинен 799у кеңеш жана жардам сурап кайрылган. Мунун 87.4 пайызы (689у) чоңдор, 12,6 пайызы (101) балдар болгон. 799 телефон чалуунун 497сине кеңеш берилип, сунуштар айтылган. 63үнө телефон менен психиологиялык кеңеш көрсөтүлгөн. 239у жашаган жерине боюнча мамлекеттик органдардын жергиликтүү бөлүмдөрүнө жиберилген.

Өлкөнүн экономикасы өсүп, элдин жашоосу оңолуп, илим өнүгүп, жаңы технологиялар жаңылык болбой калган чакта, аталар менен балдар маселеси күн тартибинде кала берген баш ооруга айланып отурат. Бул маселени канткенде чечебиз, канткенде балдарды – келечек муунду сактап калабыз жообу жок суроого айланганы өкүнүч жаратпай койбойт.

Ал арада коомчулук Батукаев-Салянова, Кыргызстандан кымырылып сыртка чыгарылып кеткен 700 млн. доллар маселесин талкуулап жатат. А өмүрдү эмес өлүмдү тандап алган өспүрүмдөр, томолой жетимдер маселеси коомчулукту кызыктырбаганы, биз өз келечегибизге кайдыгер карай турганыбызды каңкуулап тургандай…