Мыйзам сабатсыздыгы эмнеге алып келет?

Урунарга тоо, урушарга жоо таппай турган өткөөл курактагы өспүрүмдөргө мектептерде мыйзам талаптарын жалпак тил менен жеткиликтүү кылып түшүндүрүп турсак, көпчүлүгүн жаман жолдон сактап калмакпыз.

Көзүнө эч нерсе көрүнбөй өрөпкүп турган өспүрүмдөр болбогон эле нерсе үчүн кызыл чеке болуп мушташып бири бирин майып кылып, кээде өлтүрүп да коюп жатышат. Бири жапжаш бойдон кара жерди кучактаса, бири чырпыктайынан түрмөгө кесилип, тагдыры талкаланып жатат. Бирөөнүн буюмун опузалап алган, салык салгандар да толуп атат. Демек жаштарга мыйзамдын катаалдыгын кулагына куюп туруу ашыктык кылбайт. Билбестик – жоопкерчиликтен куткарбайт.

Бир мисал кыстара кетели. Ушул жылдын 25-февраль күнү А. Самат деген жигит Ж.Канат, А. Улан деген тааныштары менен алдын-ала сүйлөшүп алышып, жашы жете элек жаран Б. Асанга күч колдонушуп, Бишкек шаарынын Жал кичи районунан ага таандык болгон “Ми-8” үлгүсүндөгү баасы 21000 сомду түзгөн уюлдук телефонун тартып алып, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Натыйжада, Б.Асанга 21000 сомдук зыян келтирилген. Самат соттук териштирүүдө күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, жасаган кылмыш иши боюнча өкүнгөндүгүн көрсөтүп, тергөөдө берген көрсөтмөлөрүн толугу менен тастыктаган.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Алымова К. бүгүнкү күндө айыпкерге эч кандай материалдык жана моралдык дооматтары жок экендигин көрсөткөн тосмо арызын иш материалдарына тиркеп, жеңил жаза берүү тууралуу өтүнгөн. Ошого карабастан Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 336-339, 341-344 — беренелерин жетекчиликке алып, сот төмөкүдөй өкүм чыгарган:

А.Самат Кыргыз Республикасынын КЖКнин 201-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2 — пункттары менен күнөөлүү деп табылып, 60 000 (алтымыш миң) сом айып салуу менен 2 (эки) жыл 6 (алты) айга эркинен ажыратуу жазасын белгиледи.

Кыргыз Республикасыныны ЖКнин 83-беренесине ылайык 1 (бир) жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлдү (пробацияны) колдонуу аркылуу белгиленген жазаны өтөөдөн бошотулсун. Башкача айтканда үй камагына кесилди. Камалып кетпегени менен жаштайынан соттолгон деген көө бетине чапталып, өмүр баянындагы кара такка айланып отурат.

Жаш өспүрүм балдардын жеңил ойлуу иш-аракеттери мына ушундай өкүнүч менен аяктап атат. Ошондуктан өспүрүмдөрдү, окуучуларды мыйзам боюнча сабаттуулукка ээ кылуу маселеси бүгүнкү күндүн негизги маселеси болууда. Тиленбек АЗЫК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *