К.Кожобеков: «1866 мектеп интернет менен камсыз болду»

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылында Билим берүү жана илим министрлиги олуттуу кадамдарды жасап жатат. Бул тууралуу министрдин орун басары Кудайберди Кожобеков төмөндөгүлөргө токтолду.

— Кудайберди Гапараливич, Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн статусу боюнча санариптештирүү жаатында лидерлик орунда турууга тийиш… Кандай дейсиз?

— Ал ырас. Билим берүү тармагын санариптештирүү – бул билим берүү ишмердүүлүгүнө катыштыгы бар бардык адамдардын жумушун жаңы технологиялар (программалык каражаттар, компьютердик техникалар, жогорку ылдамдыктагы интернет) менен жеңилдетүү жана жеткиликтүү кылуу. Билим берүүдө санариптештирүүгө багытталган бир топ долбоорлор ишке ашырылууда жана ошол программалардын иштөөсүнө интернет негизги инструмент экендиги талашсыз. Бул үчүн мектептерди туташ интернетке кошуу милдети турат. Бүгүнкү күндө республика боюнча алганда 1866 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп интернет менен камсыз болду. Бул мектептердин жалпы санынын 86,8%ын түзөт. 2018-жылдын башында бул көрсөткүч 67%ды түзгөн. Окуу жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 100%га жеткирүү пландалууда. Жогоруда айтылган 86,8% мектептин арасында 671 мектеп түрдүү жолдор менен (айыл өкмөттүн көмөгү, мектептин өз каражаты жана башка жолдор менен) интернетке туташтырылган.

Биздин максат, билим берүү тармагына тийиштүү бардык социалдык объектилерге борборлоштурулган жогорку ылдамдыктагы, сапаттуу интернетти жеткирүү. Жакынкы күндөрү биз мектепке чейинки билим берүү мекемелерин интернетке кошуу иштерин баштайбыз.

Электрондук байланыш мүмкүнчүлүгү калктын социалдык маселелерин чечүүгө да чоң өбөлгө түзүп жатпайбы. Министрлик бул өңүттө бала бакчаларга “Электрондук кезек” долбоорун ишке киргизгенден кийин, 2019-жылдын февралынан баштап Бишкек шаарында балдарды 1-класска киргизүү үчүн “Мектепке электрондук каттоо” системасы старт алды. Аталган долбоорлор балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, мектепке кабыл алууда коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган.

— Жыйынтыгы сезилип атабы анан?

— Азыркы учурда мектепке кабыл алуу системасында 13884 арыз б.а жалпы биринчи класска кирүүчү баланын 78,2% катталды, анын ичинен 10823 бала кабыл алынды, 2682 арыз канааттандырылды, 181 арыз кайтарылды жана 198 арыз каралууда. Система боюнча Бишкек шаарындагы 30 мектепте кабыл алуу жыйынтыкталды.

— Жакшы экен. Кандай деңгээлде болбосун билим берүүдө заман агымынан калышпаган терең даярдык талап кылынат. Мугалимдерибиздин өздөрүнүн даярдыгы кандай?

— Дүйнөлүк банктын колдоосу менен аймактарды өнүктүрүүнүн Концепциясынын алкагында республиканын 60, Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 30 мектеп (ар бир райондо жана 20 кичи шаарда) инновациялык мектеп статусуна ээ болуп, окутуунун жаңы методикасын ишке ашыруу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана маалыматтык системаларды колдонуудагы көндүмдөрдү калыптандыруу боюнча эксперименталдык аянтчаларга айланды. Мектептер бардык керектүү заманбап жабдуулар – компьютерлер, проекторлор, кубаттуу серверлер, керектүү эмеректер менен камсыз болушту. Алар мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча дистанттык окутуу платформалары болуп кала алат. Бул абдан маанилүү чечим, анткени буга чейин бюджеттен бөлүнгөн каражаттар мугалимдердин жалпы санынын 20%ын га на камтыган. Дистанттык формат болсо он эсе көп мугалимдерди камтууга мүмкүндүк берет. Азыркы учурда мугалимдер үчүн 36 билим берүү программасы иштелип чыкты.

— Бул багытта мектеп окуучуларын окутууда атайын программалар киргизилсе керек?

— Билим берүү системасын санариптештирүүнүн алкагында окуучулар үчүн төмөнкү платформалар түзүлдү: 1–4- класстан тартып балдарга кошумча билим берүү үчүн iBilim, 5-9 класстардын окуучулары үчүн — Билим Булагы платформалары.

Учурда пилоттук долбоорлордун алкагында окуучулардын мектепке келүүсүн эсепке алууну автоматташтыруу жана “Электрондук күндөлүк” системасынын үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы ишке кирүү алдында турат. Бул система республика боюнча мугалимдердин, билим алуучулардын жана билим берүүчү мекеме/уюмдарынын базасын камтыйт. Лицензия алуу үчүн буйрутманы онлайн режиминде берүүгө мүмкүндүк берүүчү — электрондук лицензиялоо киргизилүүдө. Аталган система берилген лицензиялардын толук реестрин камтый алат. 2018-жылдын 11-декабрында биринчи уюм билим берүү ишмердигин жүргүзүү үчүн лицензия алууга арызын онлайн каттоодон өткөрдү.

Министрлик тарабынан “Түндүк” ведомстволор аралык аракеттенүү системасына техникалык жактан кошуу боюнча иштер аткарылды. Коопсуздуктун виртуалдык сервери жайылтылып, электрондук-санариптик кол тамга кошулду. 2019-жылы КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Түндүктүн” алкагында ведомстволор аралык маалымат алмашуу үчүн 11 санариптик маалыматтык база түзүлөт.