Баткен: Көмөкчү чарба мектеп окуучулары үчүн

 Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Жакында Лейлек районундагы “Маданият” орто мектебинин базасында “Мектеп окуучуларын тамактандырууда – көмөкчү чарбанын ролу” деген темада облустук семинар болуп өттү.

Жалпысынан 130га жакын мектеп директорлору катышкан семинарда катышуучулар Россиянын колдоосу менен ишке ашырылып келген Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын жана КРнын Өкмөтүнүн “Мектеп тамактандыруусун оптималдаштыруу” долбоорунун алкагында 2016-жылдын ноябрь айында курулган күнөсканада өсүп жаткан жашылча-өсүмдүктөр жөнүндө маалымат алышып, өндүрүлүп жаткан жашылча-жемиштерди көрүштү. Аларга долбоордун менеджери жана мектеп директору Кудайберди Өсөров, долбоордун консультант-агроному Латип Саттаров күнөсканадагы жер-жемиштерди карап өстүргөн эмгек мугалими Жуманазар Мавляновдор кеңири маалымат беришти.

P.S. “Маданият” орто мектеби облуста көмөкчү чарбаны түзүп, чарбадан өндүрүлгөн продукцияны окуучуларга берген жалгыз жамаат болуп саналат. Бул мектеп 1991-жылы 724 орундуу болуп салынган. Мектепте бүгүнкү күндө бир смен менен 400дөн ашык окуучу окуйт. Мектептин өзгөчөлүгү – аянты өтө чоң. 4 гектарга жакын жери бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *