Ысык-Көл: Каралашкан – бул көңүл, биргелешкен жүк жеңил

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”


Үстүбүздөгү ай жаңырар алдында, Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинин жана Москва облусундагы “Кыргызстандын Ысык-Көл мекендештеринин” тынчтыкты, улуттар аралык өз ара достукту бекемдөө коомдук бирикмесинин демилгеси менен уюштурулган “Күнөстүү Кыргызстан – ЫсыкКөл – 2019” деп аталган туристтик форум Москвада өтүп, өлкө облустарынан чакырылган өкүлдөр, Россиянын соода-өнөр жай палатасынан, туристтик операторлор союзунан да 300дөн ашык өкүл жана КМШ өлкөлөрүнүн диаспора лидерлери келишкен.

Көл өрөөнүнөн барышкан бир катар райондордун, туристтик жана курорттук-эс алуу, тейлөө тармакжайларынын жетекчилери менен адистери сырттан келүүчү меймандарды заманбап тейлөө жагдайларындагы маалыматтарды берүү менен бирге экологиялык таза жергиликтүү азык-түлүктөрдүн көргөзмөлөрүн сунушташты. Өкмөттүн облустагы ыйгарымдуу өкүлү Акылбек Осмоналиев Көл өрөөнүнүн эл аралык туризм жана адамдын ден соолугун чыңдоо жана дарылоо багытында нарзан суулары менен жанга жагымдуу абасынын, экологиялык жактан таза тамакашынын артыкчылыгын, мындай абалды сактап калуу менен жылыга жергебизге саякаттап же ден соолук тарын чыңдоо үчүн сырттан миллиондоп келишкен туристтерди заманбап тейлөөнүн жаңылыктарына кеңири токтолду.

Форумдун катышуучуларынын пленардык кийинки жыйыны Москва облусунун аймактары менен шаарларында иштеп, өз алдынчалыкка жетишип калган көлдүк кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолугушууга арналып, анда мандикерлик кылып жүргөн ар бир кыргыз жараны өзү туулуп-өскөн кичи мекени иш өнүгүүсүнө моралдык да, материалдык жактан да танапташ жөлөк болууга милдеттүү деген сунуш кабыл алынды.

Ар бирибиз киндик каныбыз тамган жерге кайрылып, колдон келген жардамды берип турууга милдеттүүбүз, — дейт А.Осмоналиев. Учур талабынан улам облустун ар бир айылында жергиликтүү жашоочулардын ортолук коомдук ынтымак фондун түзүү кезеги келди. Жумуш орундарын түзүү менен, ошол эле учурда жергиликтүү бюджетке олуттуу киреше бере тургандай долбоорлорду сунуштаган ишкерлерге “Ысык-Көлдү өнүктүрүү” фондунан үч жылдык мөөнөткө он миллион сомго чейин пайызсыз ссуда берүү менен салык төлөө жагын жеңилдетүү боюнча берген өтүнүч кайрылууларыбыз да жакында Өкмөт тарабынан оң чечилди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *