Кулачы эркин Туңгуч туу

РЕДАКЦИЯДАН: Быйыл “Кыргыз Туусу” гезитинин 95 жылдыгы белгиленет. Кезегинде гезитибиздин жүгүн көтөрүп, тегирменин жүргүзгөн улуу муундагы калемдеш агаларыбыз, адаттагыдай тез-тез катташып, өздөрүнүн ал күндөрдү эске салган макала-эскермелерин бере башташты. Бул биз үчүн абдан кубанычтуу. Андай макалаларды сыясын кургатпастан жарыялап жатабыз. Төмөндө, сексен жашты серпип койгон, өмүрүн басма сөзгө арнаган айтылуу Нурпаис Жаркынбай агабыздын макаласын бастык. Айта кетүүчү нерсе, макаланы гезитке даярдап жатып, аксакалыбыздын баяндоо стилине, тилинин байлыгына таң бердик. Бир да сабын, үтүр-чекитин оңдобой ошол бойдон элге жеткирип жаткан чагыбыз. Бар болуңуз Нурпаис агай! Ошондой эле учурунда “Кыргыз Туусунда” иштеп кеткен, улуу муундагы калемгер агайэжелерибизден ушул өңдүү макалаларды күтөбүз.

Ар бир макалага ат коюу да өзүнчө таберик. Мен бул эссе-эскерүүмдү “Коюну Эркин нурлуу Тоо”,- деп да атасам ылайык келмек. Анда, сөз тизиминде “Эркин Тоо” деген аталыш бар экени көрүнүп турат. Соңунда “Туңгуч туу” дегенге токтолдум. Чынында, “Эркин Тоо” төрт бети желге сапырылган туңгуч Туусу болгон, кыргыздын.

“Эркин Тоо” – гезитинин аты учурунда талапка ылайык бап коюлган, ким койсо да таап койгон. “Эркин Тоо” аталышы менен өз алдынча азыр да чыгып жатканы жакшы көрүнүш.

Гезитти В.И.Ленин имарат курууда орнотулган шаты-тепкичтерге да салыштырып айтканы бар. Ал шаты-тепкичтер аркылуу жумушчулар ары-бери каттап, өз ара пикир алыша алган. Көсөмдүн дагы бир айтканы эсимде, “Газета – бул коомдун санитары”. Мында, басма сөздүн таасирдүүлүгүнө басым коюлган.

* * *

Эми, сөздүн төркүнүнө келели. 1924-жылдын 7-ноябры кыргыз калкынын Октябрдын келген кезиндеги туңгуч басма гезитине (жазылма эмес) ээ болгон күнү эле. Дал ушул таңдагы Ташкендеги кубанычты жездем Аалы Юсуповдун айтуусунда укканым бар.

Болочок суу чарба министри Аалы (бала чагынан томолой жетим) ошо Ташкенге таманын ташка тилдирип, арып-ачып окуу издеп барган. Ал жакта кийин көп жылдар жашап да калыптыр. Өзүнүн эле аты-жөнүн учурундагы айрым “сабаттуу агартуучулардын” билгичтигинен бурмаланганын айтып, өкүнүп да калчу.

— Атың Аалы, атаң да Усуп-Аалы?…Давай, бир “Аалыны” сызып салабыз. Ошондо, Аалы Юсупов болосуң да каласың. “У” эмес, тишке жумшак “Ю” тамгасы менен жазылсын. Окуганга да, айтканга да жеңил. Макулсуңбу?!”,- деп тилмеч татар мени ушинтип атка кондурган. Кантсе да окуу үчүн баарына “макул” болгонбуз, анда.

Ие, алгачкы “Эркин Тоо” Ташкендин көчөкөчөлөрүндө Октябрь майрамынын желегине көрк бере күзгү желге лепилдеп жатты. Колдон-колго өтүп, бурч-бурчтагы отургучтарда гезитке баш малышкан жаштар: улуттун болочок илимпоздору, акын-жазуучулары…

* * *

Жездем Мамлекеттик архивге өткөргөн материалынын көчүрмөсүн мага атайын мураска да калтырып кеткен: “Нурпаис, ушул өмүр баянды сактай жүр. Балким керек болуп калар. Агер мени сыйласаң. Март. 1981-жыл”.

Аманатын сактап жүрөм, карачы эми минтип кереги тийип жатпайбы. Анда, “Эркин Тоо” тууралуу көп аңгеме бар. Аны да кийин созоорбуз…

* * *

Туңгуч гезит кийин “Кызыл Кыргызстан” атка көчтү. Ошондогу айрым кызык окуялардан укканым бар. Мурдагы адаттай эле эмгек жамааты эч кечикпей келишчү тура. Ошондо бир адабий кызматкердин эрте келгени менен иш имаратынын алдында аркы-терки басып жүрмөй адаты бар экен.

– Ээй, ишке кирбейсиңби?!.., – десе бирөө, ал шашпай жеңин түрө, саатын карап: – Али эрте го, дагы беш мүнөт бар алдыда – дечү экен го, чиркин…

Тартипке катуу, ишке так редактор Мухаммед Дөгдүров тууралуу бир аския:

– Карасаң, мобу темир машине да (гезит баскан станок) кара жанын жеп:

– Дүкү-дүк-к!, Дүкө дүк-к! Дөгдүров, Дөгдүров! деп жатпайбы, – деген тура, дежурда турган кызматкерге.

Ушундай жандуу көрүнүштү гезиттин оператору Ажар Ашимкулова да элестүү эскерет: “Мурда 7-8 машинистка иштейт элек. Сырттан кирип келатканда эле машинкалар шакылдаган үнү угулуп турар эле. Улуу агалар тамашалап, бизди “пулеметчулар”, – деп коюшчу”. Чындыгында эле алар ар бир тамганы таамай аткан (баскан) мергендердей болушкан.

* * *

Гезит ишине жаңы аралашкан (жашкары болобу) адабий кызматкерге адегенде көп эле түшүнүксүз терминдер туш келчү: шпек, загон, аборка (оборка)…ж.б. Ошол “Аборка” (сүрөт коюлган аянтты айланта үзүл-кесил терилген учур) тууралуу болгон бир чындык иш.

Дежур болуп келген аял редакторго жаш корректор минтип айткан экен: – Эжей, сиз жана телефондо айткандай кылып, сүрөткө сопсонун аборт жасатып койдум.

* * *

Мен да студент кезимде “Эркин Тоону” араб арибинде “эжелеп” (муун-муунга бөлүп) окуп калдым. Ансыз араб арибинен дарс окуган Кусеин Карасай уулу зачет койчу эмес. Араб арибинде бүгүн да окуй да, жаза да билем. Ошондо гезиттин бир санынан “Бөрү атылсын” деген макаланы окуп, таң калгам. Кайсы бөрү десе, кадимки эле КырТАГдын котормочусу Бөрүбай Кененсарин экен…

* * *

Эми бери келейин. 1989-жылы “Кыргызстан коммунисти” журналы жабылуу алдында турганда мен “Советтик Кыргызстанга” которулдум. Совет бийлиги токтоп, “Советтин” ордуна “Кыргыз Туусу” келди. Гезиттин атын биз койгонго азыр да сыймыктанам.

Ошол жылдары иштеген гезиттин редактору Тилектеш Ишемкуловдун, орун басары Эсенбай Нурушевдин, жооптуу катчы, маркум Ажымукан Түркмөновдун жалпы жамаатка болгон жылуу мамилелери, бекем ишенимдери эсте калды.

Кийинки эмгек жамааты менен да ардагер кабарчы катары тыгыз байланыштамын. Конкурстарга байгелүү сыйлыктарга ээ болгонум да бар.

* * *

Бүгүн да гезит өз “Кыбыланаамасынан” (багытынан) четтебей, түз, жемиштүү иш жүргүзүүдө. Буга гезиттин орун басар редактору Мырзакат Тыналиев 2014-жылы жазган “Маараке алдындагы майрамдык ойлорунда” (мында гезиттин 90 жылдыгы тууралуу сөз болгон) маселени так, кесе, ынанымдуу айтканы бар.

* * *

“Кыргыз Туусу” бүгүн (Директорбашкы редактору Э.Балбаков) өз кесибине маш, ышкылуу кызматкерлердин колунда бийикке желбирөөдө. Баарын алдыда 95 жаш өмүрлөрү менен куттуктаймын. Калемиңерде жөн, суюк сыя эмес, ачуу өткө сугарылган уч болсун.

* * *

P.S. Өзүмдүн кесибиме арналган бир ырымды кыстара кетейин:

Сызып, чийген дептерчемди барактай,
Өткөндөрдү эске салам – сабактай…
Жарыша чаап, нечен тагдыр жүктөнгөн,
Поезд өтөт вагондору шарактай.

Биздин сапар – көктө, жерде, деңизде…
(Үйдөн эмес, курбум жолдон мени изде)
Кабарчылар “бирде төөчөн, бирде жөө…”
Кеп – милдетти так аткарып келиште.

Кайда жүрбө – турмуш…турмуш ар башка,
Жердин шарты, супа алган таң башка.
Жолдо биздин –жооптуу кызмат, ишибиз,
Жаралганбыз жер кезүүнү танбашка!
Калем-кагаз, жол буюмун даярдап,
Көзгө элестеп бүгүн кечте барар жак.
Олтургучта ойго батам бир азга,
Чачтарымды улам артка салаалап…

Нурпаис ЖАРКЫНБАЙ, Кыргыз эл акыны, “Кыргыз Туусунун” ардактуу кабарчысы.
Сүрөттөр андагы белгилүү фото устат Шекербек Сартовго таандык