Таң калтырган жана тажаткан «Тактылар оюну»

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Акыркы бир жарым айдан бери дүйнөлүк экрандарда Жорж Мартиндин “Муз жана от ыры” фантастикалык романдар сериясынын негизинде тартылган «Тактылар оюну» сериалынын акыркы сезону чыкты. Аталган сериал Дэвид Бениофф менен Д.Б.Уайс тарабынан ойлоп табылган фэнтези, драма жанрында болуп, Улуу Британиянын Белфаст шаарындагы Titanic Studios тасма студиясында, ошондой эле Канада, Хорватия, Исландия, Мальта, Марокко, Испания жана АКШда тартылган. Сериалдын бетачары америкалык HBO каналында 2011-жылдын 17-апрелинде болуп өткөн, ал эми 2017-жылдын 16-июлунда жетинчи сезону менен кайрадан экранга чыгып, 2019-жылдын 15-апрелинен тарта сегизинчи сезону көрсөтүлүп, акыркы сезону 20-майда көрсөтүлүп бүттү.

 Ийгиликтин изине түшкөн сериал

«Тактылар оюну» – ойдон чыгарылган Вестерос жана Эссос континенттеринде өтөт, бир нече сюжеттик бутактан, анын ичинде башкы үч сюжеттен жана көп сандаган актердук курамдан түзүлгөн. Биринчи башкы сюжетинде Жети падышалыктын темир тактысы баяндалып, такты үчүн жана андан көз карандысыз болууга күрөшкөн ак сөөк үй-бүлөлөрдүн ортосундагы биримдик жана кагылыштар сүрөттөлөт. Экинчи сюжет, бийликтен ажыраган тукумдун бозгунда жүргөн жана тактыны кайтарууну эңсеген акыркы урпагынын жолу тууралуу болсо, үчүнчү окуяда, падышалыкты Түндүктө жашаган каардуу байыркы калктар менен укмуштуу жандыктардан жана кирип келаткан коркунучтуу кыштан сактоо милдетин өтөгөн чалгынчылардын биримдиги жөнүндө сөз болот.

«Тактылар оюну» HBO каналында көрүүчүлөрүнүн рекорддук санын жыйнап, активдүү эл аралык фанаттарды да тапкан. Сериал жылаңач жана зордукту камтыган сахналары үчүн катуу сынга кабылган. Бирок, ага карабастан мыкты каармандары, тарыхы, көлөмү жана чыгармачылык баалуулуктары үчүн, сынчылар тарабынан жогору бааланган. 2015-2016-жылдары утуп алган «Эң мыкты драмалык сериал» номинациясынан баштап, «Тактылар оюну» жалпысынан 38 Primetime Emmy Award сыйлыгына ээ болду, бул башка прайм-тайм телевизиондук сериалдарга салыштырмалуу абдан көп. Мындан тышкары сериал «Эң мыкты коюлган тасма» үчүн үч жолу (2012-2014) Hugo сыйлыгынына ээ болду, 2011-жылы «Пибоди» сыйлыгын утуп, «Алтын глобус» сыйлыгынын «Эң мыкты телевизиондук сериал» номинациясына төрт жолу (2012, 2015-2017) татыктуу болгон. Аткаруучу курамынын мүчөсү Питер Динклэйж, прайм-тайм Эмми сыйлыгынын «Эң көрүнүктүү экинчи пландагы актер» номинациясын эки жолу (2011, 2015) утуп алган, ошондой эле сериалдагы Тирион Ланнистердин ролу үчүн 2012-жылы Алтын глобус сыйлыгынын «Эң мыкты экинчи пландагы актер» номинациясына ээ болду. Ошондой эле Лина Хиди, Эмилия Кларк, Кит Харинтон, Мэйси Уилямс, Диана Ригг жана Макс фон Сүдов сериалдагы оюну үчүн праймтайм Эмми сыйлыгынын номинацияларына татыктуу болушкан.

Сериалда чагылдырылган чыныгы окуялар

Тасмада фантастикалык окуялар жана жаныбарлар магия бар экенине карабастан, сериалдын сюжети тарыхый окуяларга жакын экени айтылып келет. Тасмадагы Старктар менен Ланистерлердин тиреши – Англияда XV кылымда болуп өткөн такты үчүн болгон оор жана татаал тирештерден турган “Ак жана боз розалардын тиреши” деген окуя менен байланыштырылат.

Ошондой эле тасмада кылмышка шектелген адам өзүн “жекеме-жеке кармаш аркылуу сот” дегенди колдонгонун көрүүгө болот. Бул автордун ойлоп тапканы эмес. Анткени мындай соттук механизм ортокылымдагы европада бар болчу жана толук кандуу колдонулуп келген. Ага ылайык айыпталуучу жана айып коюуучу жоокерлерди жалдап, кимисиники акыйкат экенин жекеме-жеке кармаш аркылуу далилдешкен. Анткен менен мындай кармаш тасмадагыдай өлүм менен аяктаган учур абдан аз болгон. Бир тарабы багынганга чейин гана уланган көбүнчө.

Тасмада “Кызыл үлпөт” деген сериясы көптөгөн көрүүчүлөрдү түпөйүл кылууга жетишкен. Анда бир учурда эле саткындык сүрөттөлүп, үч негизги персонаждын өлүмү менен аяктаган. Бул дагы автордун оюнан чыгарылган окуя эмес экен. Бул окуя чынында, “Кара түштөнүү” деп аталып, 1440-жылдары орун алган. Анда он жашар король Яков II Шотландияда таасирдүү делинген 16 жаштагы граф Уильям Дугласты иниси менен түштөнүүгө чакырып, түрмөгө камап койгон.

Муну менен бирге эле тасмада 500 км. чукул, бийиктиги 200 метр турган муздан курулган дубал бар. Ал «Дубал» деп аталып, жети королдуктан келген кылмышкерлер жана качкындар анда кызмат өтөшөт. Тагыраак айтканда дубалдын бери жагында калган жапайы делинген элден жети королдуктун жерин, элин сакташат. Жорж Мартин бул идеяны биздин замандын экинчи кылымында римдиктердин Британиядагы жерлерин түндүк тараптагы элдерден коргонуу үчүн курулган Адриандын дубалынан алган. Аталган дубал учурунда 117 км. чейин жетип, азыркы күнгө чейин калдыктары сакталып калган. Учурда ал жака туристтер барып турат. 1980-жылы Жорж Мартин да ал жака барып, көрүп келген экен.

Биринчи сезон аяктап калганда бозгунда жүргөн тактынын мураскери Визерис көчмөн элдердин кхалы Дрогого карындашы Дейнеристи берип, көчмөндөрдүн башчысынан аскер алууга келишет. Аскер аздан кечеңдей бергенде Визерис боюнда бар Дейнеристин курсагына кылыч такап, алтын коронаны алуу үчүн аскерин талап кылат. Ошондо көчмөндөрдүн кхал Дрого Визериске «алтын коронаны башыңа кийгизем» дейт. Бирок бул атайын амал болот. Визерис кылычын алган соң, анын башына алтындарды эритип туруп, куюп таштайт.

Тарыхый окуялардын мындай учуру биздин замандын 206-жылы император Валериан менен болгон делет.

Тасмадагы аялдардын бийликке келиши

Тасмада аялдардын укугуна да тиешелүү жагдайлар чагылдырылган. Тасма негизинен орто кылымдардагы окуяларга чукул болгондуктан, ал жакта аялдардын укуктары айрым учурда басмырланганы белгилүү. Ошол жагдайлар тасмада да чагылдырылган. Маселен аялзаты рыцарь, аскер боло албайт ж.б. А бирок, бул көрүнүшкө каршы турган аялзаттары чагылдырылган.

Өзгөчө тасманын акыркы сезондорунда эркектер арткы пландарга жылдырылып, негизинен аялдар алдыңкы ролдордо болушту. Алсак, жети королдуктун тактысына умтулуп келе жаткан Дейнерис башында жөн гана назик жана көп нерседен түшүнүгү жок кыз болгон болсо, акыркы сезондордо ал чыныгы харизмалуу, катаал ал тургай таш боор эл башчы катары сыпатталган.

Ал эми анын бирден-бир каршылашы болгон ханыша Серсея Ланистер көптөгөн ак сөөктөрдүн тирешинен, оор окуялардан кийин тактыга келип отурган. А бирок анын колу ага чейин эле канга боелуп калган. «Арстанды койлордун пикири ойго салбайт» деген принципти карманган ханыша эркектерге атаандашып отуруп тактыга жеткенин белгилеп кетүүгө болот.

Сериалда дагы бир ханышалык тактыга жете алган айымдардын бири Санса Старк дагы а дегенде кичинекей, баёо кыздардан болчу. Анын бирден-бир максаты ханзадага турмушка чыгып, анын ханышасы болуу эле. Ал үчүн ал көптөгөн каталарды кетирип, ал каталардын натыйжасында анын атасынын башы алынып, байкеси тактыга каршы согуш ачып өлдү. Санса Старк дагы көптөгөн азап-тозокторду көрүп, бирок акыры тактыга жете алды.

Мындан тышкары сериалда болгон гендердик өзгөрүүлөр – Бриенна Тарт айым экенине карабастан жети королдуктун тарыхында биринчи рыцарь болушу, ошондой эле Арья Старктын эркектердей мушташып, ал тургай адам өлтүргүч болушу көрсөтүлгөн.

Акыркы сезонду кайра тартууга кол топтошту

Баарынан кызыгы – акыркы сезон ортолоп калганда күйөрмандар бул сезонду кайра тартуу талабы менен кол топтошуп, ал бир канча күндүн ичинде эле миллиондон ашып кеткен.

Бул тасма Жорж Мартиндин китептеринин негизинде тартылганын жогоруда айтып өттүк. А бирок учурда пландалган 7 китептин 5өөсү гана чыгып, тасма китептен бир кыйла ашып кетип, өзүнчө сценарий менен кете баштаган. Мындан улам акыркы сезондордо персонаждардын мүнөздөрү баштагыга туура келбей баштаганы айтыла баштаган. Ал эми акыркы сезон алты сериядан турганына карабастан, көптөгөн сюжеттерди жыйынтыкташы керек болчу. Бирок, бешинчи сериясы чыкканда көптөгөн сюжеттер ачык калып, айрым персонаждардын ролу түшүнүксүз кала турганы белгилүү болуп калды. Ошондой эле акыркы сезонунда эле бир канча техникалык каталар кеткенин тасма тартуучулар байкабай калышкан.