Туйгунаалы Абдраимов кызматынан бошотулду

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык кол койгон буйруктун негизинде Абдраимов Туйгунаалы Дүйшеналиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Эскерте кетсек, 5-июнь күнү Орок айылында Абдраимов «Ала-Тоо 24» каналынын суроолоруна жооп берип жатам деп, журналисттердин бирине жооп берүүдөн баш тарткан. Ал анын себебин «журналисттин түрү жаккан жок» деп айтып, күлүп басып кеткен.

6-июнда журналисттер өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн бул жагдай боюнча комментарий алууга барганда, ал журналисттердин кечирим суроо боюнча жана «айткандарына өкүнөбү» деген соболдоруна, кечирим сурабай турганын жана айтканына өкүнбөй турганын билдирген.

Журналисттер коомчулугу жана социалдык тармактын колдонуучулары Абдраимовдун журналисттен кечирим суроосун жана кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

7-июнь күнү Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев журналистти келекелеген өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун кылыгына баа бере турганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген болчу