“Манас” операсын кое турган Кытайдын Борбордук опера театрынын чыгармачылык тобу Кыргызстанга келишти

Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театрынын чыгармачылык тобу келди. Бул тууралуу  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайдын борбордук опера театрынын 100дөн ашык чыгармачылык тобу кечээ күнү учуп келген. Алар 11- 12-июнь күндөрү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында “Манас” операсын коюшмакчы.

“Манас” операсы Кытайда 9 жолу коюлган. 2017-жылы Пекинде, 2018-жылы Нанкин, Тяньцзин шаарларында көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыган.

2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон сапарынын алкагында да “Манас” операсы көрсөтүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *