Алмазбек Атамбаев Казакстанга барат

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 8-10-июнь күндөрү жумушчу сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапар алкагында мамлекет башчы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги кеңешине катышат.

Мындан сырткары, Алмазбек Атамбаев өлкө лидерлери менен бирге Астана шаарында өтүүчү «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышына катышмакчы.