Казакстандагы Президенттик шайлоо: 102 жаштагы Айша Абдуллина добуш берди

9-июнда Казакстанда Казакстан Республикасынын Президентти шайлоо болуп өттү. Шайлоого добуш берүү Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинде да уюштурулду.

Элчинин кеңешчиси, №264 шайлоо участогунун комиссиясынын төрагасы Рымтай Карибжановдун айтымында, участокко алдын ала катталган 212 шайлоочунун бардыгы келип, добуштарын беришкен.

Казакстандын Президентин шайлоого Кыргызстанда иштеп жүргөн Казакстандын жарандары, ошондой эле окуу жайларында окуган казакстандыктар, туугандарына келишкен меймандар жана туристтик сапар менен жүргөн жарандар добуштарын беришти.

Шайлоо участогуна кызынын үйүндө жүрүп жаткан 102 жаштагы Казакстандын эл артисти Айша Абдуллинанын келиши өзгөчө окуя болду. Кызы Айгүл Карымсакованын коштоосунда келген эне добуш берген соң, комиссия мүчөлөрүнө, байкоочуларга жана добушун берип жатышкан шайлоочуларга «өмүрлүү, бактылуу болгула» деп ак батасын берди. Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук укуктуу элчиси Карим Көкрекбаев жарандык активдүүлүгү үчүн Айша энеге  ыраазычылыгын билдирип, урматтоонун белгиси катары улуттук чапан жапты.

Байкоочу, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын Бишкектеги филиалынын кеңешчиси Дания Азатованын айтымында, Бишкектеги шайлоо шайлоонун эл аралык стандарттарына ылайык өттү, эч кандай укук бузуулар байкалган жок.

P.S. Казакстандык БШКнын алдын-ала жарыялаган  маалыматына караганда, жети талапкердин ичинен Касым-Жомарт Токаевге шайлоочулардын 70,76%ы добуш берген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *