Июнь коогалаңы кайталанбасын…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Андан бери арадан 9 жыл өтсө да, 2010-жылдын 10-13-июнь күндөрү болуп өткөн кандуу коогалаң ар бир жана бардык кыргызстандыктын жүрөгүн туз сепкендей ачыштырып, күнү бүгүнкүдөй селт эттирип турат. Анткени, бул каргашалуу окуя Кыргызстанга көп кесепеттерди алып келди.

Ошто жана Жалал-Абадда болгон коогалаңдын себептерин жана кесепеттерин илик­төө боюнча түзүлгөн улуттук комиссиянын маалыматтарына таянсак, 2010-жылдын 10-декабрына карата, июнь каргашасы учурунда Ош шаары, Ош, Жалал-Абад облустары боюнча 426 киши каза болгону аныкталган. Күч структуралары да жоготууларга учурап: ИИМдин 10 кызматкери көз жумуп, 172си жаракат алса, УККнын 1 офицери көз жумуп, 2 согуш кызматкери жарадар болгон. Аталган комиссиянын бүтүмүндө денесинен жаракат алган 1930 жарандын 925ине ок жаңылганы айтылат. Башаламандыктардын тушунда укук коргоо кызматына дайынсыз жоголгондорду издөө туурасындагы 120 арыз түшкөн.

Ош жана Жалал-Абаддагы июнь коогалаңына байланыштуу 6 миңге чукул кылмыш иши ачылып, 600гө жакын адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 400дөн ашуун адам эркинен ажыратылганы белгилүү. Ондогон адамдарга издөө жарыяланган, айыпкерлердин көбү качып жүргөндүктөн, кылмыш иштери токтоп турат. 94 адам мамлекет аралык издөөдө, он үчү эл аралык издөөдө. Эл аралык издөөдөгүлөрдүн бири Кадыржан Батыров былтыр Украинада каза болду.

Элдин эсинде болсо керек, 2010-жылдагы июнь окуясына Киммо Кильюнен башында турган эл аралык комиссия да 2011-жылдын май айында корутундусун жарыялап, бул тыянак кыргызстандыктардын нааразычылыгын жараткан. Анын себеби эл аралык комиссия бир катар бир тараптуу жыйынтыктарды чыгарган. Натыйжада кыргыз Өкмөтү жана Жогорку Кеңеш эл аралык комиссиянын жыйынтыгы менен макул болбой, Киммо Кильюненди Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салган. Биздин оюбузча, бул туура жана акыйкат чечим болгон.

Ал эми улуттук комиссия 2010-жылдагы июнь окуясы өзбек коомчулугунун айрым лидерлери менен Бакиевдин кланы тарабынан уюштурулганын белгилеп, зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн көптөгөн адам өмүрлөрү жана жабыр тарткан масштабдуу өрттөөлөр, тоноп-талкалоолор менен коштолгон кандуу чоң жаңжал чыккан деп баа берген. Июнь каргашасынын келип чыгышына: криминалдык авторитеттеринин рэкетчилиги жана рейдерчилиги чоң роль ойногону; К.Бакиевдин башкаруу жылдарында криминалдарды парламенттик жана президенттик шайлоолордо оппозицияга жана ар кандай нааразылык митингдерине, жүрүштөргө каршы колдонуп келгени, атап айтканда, түштүктөгү криминалдык топтор ноябрь (2006-ж.) жана апрель (2007-ж.) митингдерин кубалоо үчүн тартылганы; К.Бакиевди тактан кулаткандан кийин бийликтеги кадрдык башаламандыктар, ошондой эле, ар түрдүү деңгээлдеги эски бийликтин жактоочулары менен жаңы кыргыз элитасынын ортосундагы күрөш экстремисттик маанайдагы өзбек коомчулугунун лидерлери тарабынан бийликке келүү жана диаспоранын саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарт катары кабыл алынганы; апрель окуяларынан кийин өлкөдөгү татаалданып кеткен кырдаалды көптөгөн саясий оюнчулар пайдаланганы, алардын ичинде тышкы күчтөр, радикалдык исламдык топтор, ошондой эле КР Убактылуу өкмөткө жана алар тарабынан 2010-жылдын 27-июнуна белгиленген референдумга каршы өзүнчө саясий партиялар да болгону айтылган.

Эмнеси болсо да, болор иш болду, боесу канды. 2010-жылдын июнундагы кагылышка кимдер күнөөлүү экенин, чыныгы кылмышкерлер кимдер экенин тарых тастыктайт деген ойдобуз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *