Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Бул эмгек тынчтыкта жашоонун, бирге өнүгүүнүн идеяларына негизделген»

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»


8-июнда Мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, коомдук ишмерлердин, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэндин жана Өкмөттүн өкүлдөрүнүн катышуусунда КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” кыргыз тилинде жарык көргөн китебинин 1-бөлүгүнүн бет ачары болду.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китебинин биринчи бөлүгү алгач 2014-жылы басылып чыккан. Басылмада КЭРдин Төрагасынын 79 жолу сүйлөгөн сөздөрү, маектешүүлөрү, баяндамалары, суроолорго жооптору, куттукттоо каттары камтылган. Алар 18 тема боюнча жазылган жана ККП БКнын XVIII съезди аяктагандан тартып 2014-жылдын 13-июнга чейинки мезгилге таандык. Китеп эл аралык коомчулуктун зор көңүл буруусун жана дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүнүн окурмандарынын кызыгуусун пайда кылган. Дүйнө элдеринде кытай, англис, орус, француз, араб, испан, португал, немис, жапон тилдеринде которулган. Ал эми кыргыз тилинде жарыкка чыккан бул китеп коомдук ишмер Роза Отунбаеванын демилгеси менен 2018-жылы басууга берилген. Анын негизин Си Цзиньпиндин ой-толгоосун камтыган 24 макала түзөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тилинде жарык көргөн бул китептен окурмандар учурдун эң таасирдүү саясатчысынын тарыхка, бүгүнкүгө, келечекке болгон көз карашы менен тааныша ала тургандыгын айтуу менен бирге: “Бир жумадан кийин Кыргызстандын жакын досу, кыргыз коому терең урматтаган дүйнөлүк лидерлердин бири – Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мырзанын биздин өлкөгө мамлекеттик сапары болот. Бул визит кыргыз-кытай мамилелеринин жаңы тарыхый барагын ачат. Өз ара алакабыз жогору сапаттуу деңгээлге көтөрүлүп, стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү этабына өтөбүз. Ушул тарыхый окуянын алдында, бүгүн, Си Цзиньпин мырзанын “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” фундаменталдуу эмгеги кыргыз тилинде чыкканына байланыштуу чогулуп отурабыз.

Саясий, маданий, философиялык мааниси терең жана глобалдуу маселелерди камтыган бул китеп – биздин коомго 5 жыл мурда орус тилинде белгилүү болгон. Эми кыргыз тилинде окуган жарандарыбыз да бул уникалдуу китепти окуу мүмкүндүгүнө ээ болушту”, – деди.

Кытайдын өнүгүү логикасын баамдоо, кытай коомунун терең философиясына негизделген мамлекеттик башкаруу ыкмасын түшүнүү үчүн бул китепти сөзсүз окуп чыгуу керектигине токтолуу менен өлкө башчы дүйнөлүк саясий аренада зор кызыгууну жараткан бул китепти окурмандар жаңы кылымдын жаңы көз карашы катары кабыл алып, баалап жатышкандыгын айтты.

Өлкө башчы өз сөзүндө: “Бул эмгек глобалдык башкаруунун жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, тынчтыкта жашоонун, бирге өнүгүүнүн идеяларына негизделген философиясын камтыйт. Китепте автордун адамзаттын келечек жашоосун жакшыртууга багытталган гуманисттик көз карашы жана саясий концепциясы жазылган. Мен китептен дүйнөлүк өнүгүүгө болгон жаңы идеяларды, адамзаттын жашоосун жакшыртууга багытталган асыл ойлорду таптым. Биз үчүн өтө маанилүү жагдай Си Цзиньпин мырза чектеш мамлекеттерге, өзгөчө Орто Азиядагы коңшу өлкөлөргө карата өзүнүн көз карашын жеткиликтүү билдиргени. Китепте жазылган коңшулук дипломатияга арналган ар бир сүйлөм кыргыз окурмандарынын жүрөгүнөн орун табат.

Эң башкы дөөлөт – тынчтыкта, биримдикте жашоо, ар бир коңшу мамлекеттин тандаган жолун сыйлоо экендиги бул китепте өзгөчө баса белгиленген. Си Цзиньпин мырза ушул тапта Кытай менен Орто Азия өлкөлөрү үчүн өнүгүүнүн сейрек кездешүүчү мүмкүнчүлүктөрү пайда болгонун баса белгилейт. Ал: “Биз Орто Азия өлкөлөрү менен чогуу өз ара ишенимди бекемдеп, достукту күчөтүп, кызматташтыкты алдыга жылдырып, биргелешип өнүгүү жана гүлдөп өсүүгө жөлөк болуп, бардык өлкөлөрдүн элдеринин бакубат болушун камсыздай алабыз. Мамлекеттин көз карандысыздыгы, аймактык бүтүндүгү, коопсуздук жана туруктуулук сыяктуу улуттук маселелерди чечүүдө Россия жана Орто Азия өлкөлөрү менен жигердүү , шайкеш иштөө менен, аймактын гармониялуу болушу үчүн талыкпай аракет жумшоого даярбыз” деген ойлорун толук колдойм. Китеп “Бир алкак – бир жол” демилгесин чагылдырып турат. Бул демилге адамзатты бир максатка баш кошууга чакырат”, – деди.

Коомдук ишмер Апас ЖУМАГУЛОВ: “Кыргыз окурмандарына пайдалуу китеп”

– Бул китеп Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын ойтолгоолорунун негизинде жазылыптыр. Анда адам цивилизациясы тууралуу философиялык көз караштар, мусулмандар, христиандар, буддалардын, арабдардын маданияты жөнүндө көз караштары бар экен. Дүйнөлүк маданиятты бириктирүү, аларды өздөштүрүү боюнча абдан жакшы ойлору камтылыптыр. Экономиканы өнүктүрүү багытында да тажрыйба ала турган пикирлери, ошол эле учурда дүйнө элдери, анын ичинде Орто Азия, коңшу мамлекеттер менен тынчтыкта жашап, өз ара алакаларды өнөктөштүктө өнүктүрүү, Кытай элинин экономикалык каатчылыкты, социалдык кыйынчылыктарды башынан өткөргөн учуру, айыл-кыштактарды кандай жол менен өнүктүргөнүн айтыптыр. Мындан сырткары Кытайда болгон масштабдуу аварияны, аны болтурбоону, кайра калыбына келтирүү боюнча ойлорун жазыптыр. Бул китептен мен адам баласынын эмгек аркылуу көп нерсеге жетишери жөнүндө ой-толгоолору камтылганын байкадым. Эгер, адам эмгектенсе топурактан да алтын жасаса болот деген ой бар экен. Андыктан бул китеп кыргыз окурмандары үчүн пайдалуу.

Тарыхчы, публицист Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ: “Си Цзиньпин өзүнүн тышкы саясатынын платформасын иштеп чыккан”

– Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мамлекетти өзгөчө башкарууга, мурдагы кытай элинин кылымдарды карыткан тарыхтагы мурастарын бүгүнкү күндөгү башкарууга ыңгайлуу пайдалануу жагынан устат экенин көрүп жатабыз. Анткени өткөн жылы мектептерге, чиновниктерге Конфуцийдин эмгегин өзүңөрдүн иш тажрыйбаңарда колдонгула деген жарлыгын чыгарган. Си Цзиньпин тарыхчылар менен баарлашып, алардын пикири менен “Бир алкак – бир жол” деген демилгени азыркы күндө жандандыралы, соода-сатык, жаңы технология, гуманитардык жактан пикир жагынан жакындаштыралы деп өзүнүн тышкы саясатынын платформасын иштеп чыккан. Бир жарым миллиардга жакын элди башкарыш өтө татаал, ага тажрыйба, акыл-эс керек. Өткөн тарыхынан сабак ала турган тажрыйбаларын ыктуу пайдаланса мына ошондо гана өлкө өнүгөт. Ошон үчүн Кытай мамлекети өнүгүп жатат. Бул китепте дагы өлкөнү өнүктүрүү жөнүндө ойлору жазылган.