Тергөө судьялары сотко чейинки өндүрүштө соттук көзөмөлдү жүзөгө ашырат

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


7-июнда КРнын Жогорку сотунда “Жазык мыйзамдарынын новеллалары. Тергөө судьясы. Гуманизация” деген темада соттордун жана ЖМКлардын катышуусунда кезектеги жыйын болду.

Бул жолу Жогорку соттун судьялары менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жазык, жазык-процессуалдык новеллалар жана алардын маанилүүлүгү, жаңы кылмыш-жаза мыйзамдар боюнча жазаны дайындоо, соттук контролдон прокурордук көзөмөлдүн айырмасы, тергөөчү судья менен прокурордун, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамы тергөөчү менен өз ара кызматташуусу, жаңы кылмыш-жаза мыйзамдар, процесстик макулдашуу, жаңы процессуалдык фигура – тергөө судьясы туурасында кеңири маалымат беришти.

КРнын Жазык- процесстик кодексинде берилген түшүнүктүн аныктамасынын негизинде тергөө судьясы — шектүүнүн, айыпталуучунун укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү чараларды колдонуучу, процесстик иш-аракеттердин жана алгачкы текшерүү органын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун чечимдеринин мыйзамдуулугу үчүн соттук контролду жүзөгө ашыруучу судья.

Тергөө судьясы сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу: кылмыш жана жорук жасаганга шектүү адамды кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү, бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө, бөгөт коюу мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө, тиешелүү экспертизаларды жүргүзүү үчүн камакта турбаган шектүүнү, айыпталуучуну медициналык же психиатриялык стационарга жайгаштыруу. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын эсептерде жана аманаттарда же банктарда жана кредиттик уюмдарда сактоодо турган акчалай каражаттарын кошуп алганда, мүлкүнө, баалуу кагаздарына жана алардын сертификаттарына камак салуу же камактан чыгаруу жөнүндө, айыпталуучуну убактылуу кызмат ордунан четтетүү, каза болгон адамдын жакын туугандарынын, жубайынын макулдугу болбогондо, эксгумация жүргүзүү, алардын макулдугу болбогондо, менчикте турган турак жайды, ошондой эле анда жашап турган адамдардын башка укуктарындагы башка объекттерди кароону, мындан тышкары алып коюуну жана тинтүүнү, КР ЖПКнин 100-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, жеке тинтүүнү, КР ЖПК каралган атайын тергөө иш- аракеттерин жүргүзүү.

Жакында эле Жогорку соттун Пленуму болуп, анда тергөө судьяларынын жыл башынан бери кабыл алып жаткан чечимдерине талдоо жасалды. Анда тергөө судьяларынын актылары, аны кабыл алуунун жолдору жана алардын жаңы мыйзамдарга, кодекстерге шайкеш келиши талданды. Белгилүү болгондой, жаңы жылдан тартып өлкөдө 56 тергөө судьясы иштей баштаган жана алар сотко чейинки өндүрүштөрдү карап жатышат. Алардын иш-аракетинде чыккан кээ бир мүчүлүштүктөр боюнча, жаңы мыйзамды колдонуу жана башка көптөгөн маселелерди түшүндүрүү максатында, Жогорку соттун Пленумунда “Тергөө судьяларынын сотко чейинки өндүрүштө соттук контролду жүзөгө ашырууда соттук тажрыйбанын айрым маселелери тууралуу” токтом каралды.