ШКУнун алкагында: Кытай жибеги кызматташуунун жаңы доорунда

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Төөлөргө жана аттарга жүктөлгөн Кытайдын байыркы соода кербендери миңдеген жылдар бою коңгуроосун шыңгыратып, кыргыз жергеси аркылуу өтүп турган. Улуу Жибек жолунун узак сапары Азия жана Европа континенттерин байланыштырып, жаңы цивилизацияны ачкан. Улуу Жибек жолунун тышкы дүйнөгө чыгуусу үчүн кытай жана кыргыз кошуна элдерине Тянь-Шань тоолорунун бийиктиги да тоскоолдук келтире алган эмес… Бүгүнкү күндөгү токтоосуз өнүгүп жаткан дүйнө технологиясынын заманбап доорунан алып карап, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин кызматташуунун “Бир алкак бир жол” демилгесин көтөргөн болчу.

Азыркы учурда кытай-кыргыз элинин ортосунда ар тармактуу кызматташтыктын эки тарапка бирдей пайдалуу жаңы модели түзүлүп калды десек болот.Ошондой эле маданият тармагынын жана маалымат каражаттарынын өз ара алака-катышы да эки элдин достугун бекемдөөгө өбөлгө түзө баштады. Ушул аптада Си Цзиньпиндин мамлекеттик иш сапар менен Кыргызстанга келишине жана ШКУнун саммитинин өтүшүнө байланыштуу Бишкекте 9-июнь күнү «Улуу Жибек жолу искусствосунун шедеврлери» аталыштагы көргөзмө өткөрүлдү.

Көргөзмөнү өткөрүүгө Кытайдын мамлекеттик кеңешинин пресс-канцеляриясынын жетекчилиги колдоо көрсөткөн. Ал эми дүйнөнүн 25 өлкөсүнө тараган, 100 млн. окурманы бар Кытайдагы «Экономика күндөлүгү» гезити бул маданий иш-чараны уюштурууга чоң салым кошту. Көргөзмөгө Кытайдын бүгүнкү күндөгү жибектен тигилген кийимдеринин жана фарфор өндүрүшүнүн баа жеткис көркөм буюмдарынын үлгүлөрү алып келиниптир.

“Кытай алгачкы жолу жибекти өндүрүп чыгаруунун искусствосун өздөштүргөн өлкө. Бирок, далай заманга чейин аны өндүрүп чыгаруунун сырларын жашыруун сактап келген. Мына бүгүнкү көргөзмө жибек өндүрүшүнүн учурдагы мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырып жатат. Ушул улуттук сейрек өнөрдү кыргыз элине атайын алып келип, көргөзмө уюштурганы үчүн Кытай тарапка ыраазычылык билдиргим келет. Шүгүрчүлүк, эки мамлекеттин ортосунда экономикалык долбоорлор ишке ашырылып, инвестициялык жагдай чыңдалып жатат. Ал эми мындан ары маданий жана гуманитардык тармактардагы алаканы арбытуу баарыбыз үчүн керек деп ойлойм” , — деди экс-президент Роза Отунбаева.

Кытайдын жибек жана фарфор шедеврлеринин көргөзмөсүнө КЭРдин коммунисттер партиясынын пропаганда министри Ван Сиао Ху, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым жана Кыргызстандын министрлери менен парламент депутаттары жана шаар тургундары катышты. «2000 жыл мурда Улуу Жибек жолунун кербендери Кыргызстан аркылуу өтүп турушу жанаша жашаган эки элди ого бетер жакындаткан. Акыркы жылдардагы эки мамлекеттин жетекчилеринин чогуу аракети менен өнөктөш кошуна элдин алака-катышы жаңы деңгээлге көтөрүлүп, ал туруктуу өнүгө баштады. Кытай элинде: “Сулуулук чек араны тандабайт” деген макал бар. Жибек кийимдеринин дизайндери ушул макалдын чындыгын далилдеп, турмушубуздун көркөм кооздугун чагылдырып келе жатат. Бүгүнкү күндөгү дизайн өнөрүнүн жетишкендиги экономикалык жактан караганда өндүрүштүн көтөрүлүшүнө өбөлгө болууда. Ал эми маданий алкактан алганда адамдын табитин, ал турсун турмуш образын жакшыртуучу күчкө ээ. Кытайдын дизайнерлери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн дизайнерлери менен тыгыз кызматташып жатышат. Бүгүнкү көргөзмө эки элдин бирибирине карата достук жана кошуналык сезиминин артылышына өбөлгө болот деп ойлойм”, — деди Ван Сиао Ху мырза.

Көргөзмөнүн алкагында Кытайдын жана Кыргызстандын алдыңкы медиа тармактарында иштеген журналисттеринин жагымдуу маанайдагы баарлашуулары болду. Айтмакчы, эки мамлекеттин гезиттеринин ортосундагы кызматташтыктын жаңы модели тууралуу биз Ван Сиао Ху мырза менен болгон жолугушууда айтып бердик.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *