Башкы максат – балдарды окутуу болчу

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Ооганстандын Улуу-Памир, Кичи-Памир аймагын жердеген кыргыздардын саны азыркы күндө 1500ге жакын. Кыргыз Өкмөтү аларга 2007-жылдан бери ар жыл сайын гуманитардык жардам жеткирип келүүдө. 2016-жылы Ооганстандын бийлиги менен эки тараптуу макулдашылып, аймактык губернатору Ф.Бекзат Кыргызстанга чакырылган үч күндүк сүйлөшүүдө балдарын Кыргызстанда окутуп берүүсү жана аларды ата-энелери коштоп келүүсү каралган. Мына ошол келишим 2017-жылы ишке ашырылып, жалпысынан 51 памирлик кыргыз Нарын жергесине алып келинген. Былтыркы жылы алардын 18и Памирге кетип, бирөө гана кайра кайтып келген.

40 000 адам кайрылман статусун алган

Жогоруда айтылгандай, памирлик кыргыздардын ичинен балдарын окутууну өз каалоосу менен чечкендери өспүрүм уул-кыздарын коштоп, мында убактылуу жашоо үчүн гана келишкен. Буларга жарандык ыйгаруу, биротоло отурукташууга жер бөлүү, турак-жай куруу маселелери боюнча сөз болгон эмес. Памирдеги кандаштарыбыздын азыркы оор абалынан алып караганда аларга бардык тараптан колдоо көргөзүү керек. Бирок, эл аралык мамилелердин алкагынан алып караганда айрым эске алуучу жагдайлар бар. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болот Ибраимжановдун пикирин угуп көрсөк.

“Он үй-бүлөдө ата-энеси балдарын окутуу үчүн эле коштоп келишкен. Биз Ооганстандын бийлигине: “Булардын балдарын окутуп берели. Квалификациялуу дарыгер кесибин алып, Памирдеги элди дарылап, азайгандан калган калкты сактап калышсын. Сабаттуулугун өстүрүп мугалим болушсун“, – деген келишим менен Кыргызстанга алып келгенбиз. Эгерде биз үй, жер берип, биротоло отурукташтырып алабыз десек, Ооганстан бийлиги буларды чыгармак эмес жана андагы памирлик кыргыздар менен болгон катнашты биротоло жаап салышмак. Андай болгондо биз ал жакка гуманитардык жүктөрдү да киргизе албай калышыбыз ыктымал.

Биз ар бир кадамды ойлонуп, бөлөк мамлекеттин саясий абалынан карап, памирлик кыргыздарга кедерги тийгизип албагандай иш алып барышыбыз абзел. Биздин мамлекет балдарды окутуу боюнча алган милдеттердин баарын аткарып жатат. Андан тышкары, памирлик туугандарыбызга биздин жарандар алган социалдык жардамдардын дээрлик баары берилүүдө. Бирок, буларда азыр жер, үй, жарандык деген жаңы талаптар пайда болду. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 40 000ден ашык кайрылман статусун алган адам бар. Булар Өзбекстан, Тажикстан, Түркия мамлекеттеринен келгендер. Кыргызстандын жалпы жер аянтынын 96 пайызы тоо. Чынында өлкөбүздөгү жалпы элдин 70 пайызы жер алып, турак-жай курууга муктаж.

Кайрылман статусун алгандар жылдан жылга көбөйүп жатат. Миграция кызматы памирлик кыргыздарга да кайрылман статусун берген. Адамдардын жер алуу үчүн укугу бирдей. Ал үчүн ким болбосун жалпы эл турган бирдиктүү кезекке туруусу керек. Бирок учурда булар Ооганстандын жарандары, алардын абалы абдан оор. Аларды сактап калуу үчүн дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдурушубуз керек. Биздин милдет – кандаштарыбызды ошол жактагы өз жеринде сактап калуу. Баарын бул жерге көчүрүп келүү өтө татаал эл аралык маселе. Памирге заманбап медициналык жардамдарды, социалдык камсыздоолорду киргизүү, сабаттуулукка үйрөтүү менен жардам бергенибиз оң”, – дейт ал.

Боордошторубуздун балдарын квота менен окутуу каралууда

Тышкы иштер министринин кеңешчиси Алмазбек Асанбаев дин билдиргенине караганда, мындан бир ай мурда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болгон. Ошол жерде памирлик кыргыздардын маселеси талкууланыптыр. “Тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрүндө памирлик балдарды Кыргызстанга тоскоолдуксуз алып келип окутуп туруу боюнча сунуш киргиздик. Учурда эки мамлекеттин билим берүү министрликтеринин ортосунда бул маселе каралып жатат. Ал боюнча келишим түзүлүп калса, балдарды квота бөлүүнүн негизинде окутуп берүүгө өтөбүз.

Бир айыл болуп жашоо үчүн ЧоңАлай районунун Сары-Моңол айыл аймагынан жер бөлүп берүү жагы көтөрүлгөн болчу. Климаттык шарты памирлик кыргыздарга ылайыктуу. Албетте, бул азырынча сунуш түрүндө айтылып жатат. Ал жакка баруу же барбоо ар кимдин каалоосуна жараша болот”, – дейт ТИМдин өкүлү.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраеванын билдиргени боюнча обладминистрация буларга мал соючу жайларга, жер иштетүүгө тиешелүү жумуштарды сунуштаптыр. Жумушсуздардын каттоосунда туруп, жөлөк пулдарды алып жатышат жана көрүлүп жаткан камкордуктар тиричиликке жетерин айтып баш тартышат. Нарын шаарындагы Ага хан университетинде социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн акысыз окутуу программасы бар. Ошондон памирлик окуучулар да окутулуп, англис тилин үйрөнүүдө жакшы натыйжаларга жетишип жатышат”, – дейт ал.

Картон терүүгө эч ким мажбурлаган эмес

Картон чогултуп иштеп, соцтармактарга кызуу талкуу туудурган памирлик Абдулгапар Абдрасул уулу менен маектештим.

– Эки кызым, күйөө балам, аялым болуп келгенбиз. Бул жактан неберелүү болдук. Кичүү кызым мектепте окуйт. Картон кагаз чогултууга бизди эч ким мажбурлаган эмес. Ак эмгектин жаманы жок деп, күйөө балам Жайчыбек болуп, Он-Арча базарына чыгып картон чогултуп иштейбиз. Ал жердеги бир боорукер байке картондорду жыйноо үчүн кампа бөлүп берген. Элде соода жакшы жүргөн күнү 30-40 кг. картон чогултуп кубанып калабыз. Картондорду 1 тонна чогултуп алып, 1 килограммын 3-4 сомдон өткөрөбүз.

Балдарыбыз жакшы билим алуусу үчүн Кыргызстанга келгенбиз. Анткени, Кичи-Памир менен Улуу-Памирдин ар биринде бирден эле мектеп бар. Экөөндө болгону 60 бала окуйт. Айылдардын ортосу алыс болгондуктан кышында мектепке каттоо мүмкүн эмес. Ошондуктан жылдын май, июнь жана июль айларынан башка мезгилде мектеп жабылып калат. Үстүбүздөгү жылдын май айында Памирде калың кар түшүп, жут болуп, мал кырылып жатканынан кабар алдык, жүздөй топоз, көптөгөн койлор кырылыптыр.

Азыр Памирде аялдар аз. Жылына 15-20 аял төрөттөн каза болот. Ошондуктан балдарын багып алабыз. Арга кеткенде тукум үзүлбөсүн деп жаш кыздарга үйлөнүп алууга туура келчү. Азыр кыздар өсүп жетилмейинче үйлөнүүгө тыюу салынган мыйзам чыккан. Жыл өткөн сайын биздин саныбыз азайып, памирлик кыргыздар тукум курут болууга бара жатабыз. Дарыгердин жоктугу, катаал климаттын таасири, тамак-аштын тартыштыгы ушундай трагедиялуу кырдаалга жеткирүүдө. Ымыркай жарык дүйнөгө келгенден кийин эки-үч суткадан кийин чарчап калып жатат. Вахан облусуна бир жумадан ашык жол жүрүп барып, атка, төөгө, топозго азык-түлүк ташып келебиз. Ал жерде базар же дүкөндөр жок. Коммерсанттар атайын памирлик кыргыздар үчүн алып келген азык-түлүккө кой менен топоздорду алмашабыз. Ошол оокатыбыз бир нече айга чейин жетет. Кыш катуу болгондо азык-түлүккө каттоо дээрлик токтоп калат. Боз үйлөрдө же таштан тизип салынган чакан үйлөрдө жашайбыз, – дейт памирлик боордошубуз.