«Биржа продукцияны ортомчусуз сатууну шарттайт»

Маектешкен Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) директорунун орун басары Медет НАЗАРАЛИЕВ менен болгон маек.

– Кыргыз фондулук биржасы эмне иш алып барат жана анын функциясы кандай?

– КФБ 1994-жылы экономиканын жеке секторундагы уюштуруучулар тарабынан (брокерлер, банктар, акционердик коомдор) жана Баалуу кагаздар рыногун көзөмөлдөө жана тескөө боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте уюштурулган. 1995-жылдын 25-майында ачылышы болгон. Фондулук биржа Кыргызстандагы 2000ден ашуун акционердик коомдордун акцияларын жана баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Ошондой эле ал акциялардын базар баасын аныктоо, компаниянын чыныгы баасын сунуш-талапка ылайык аныктоо болгон. Мындан тышкары, биржа түзүлгөндөн бери адистерди даярдоо борбору аркылуу биржанын катышуучулары окутулуп келет. Муну менен бирге эле компанияларды листингге алып келсек, ошончо өлкө үчүн пайдалуу болот

– Листинг деген эмне?

– Листинг деген КФБдагы атайын тизме. Ал тизмеге кайсы бир талаптарга жооп берген гана компаниялар кирет. Мисал келтирип кетсем, компания чыгашасыз болушу абзел. Ошондой эле минималдык өздүк капиталы бери дегенде 100 млн. сом болушу шарт. Эл аралык отчеттуулук менен иштеши керек. Мындан тышкары, компания тууралуу бардык маалыматтар ачык болушу шарт. Жогоруда Кыргызстан боюнча 2 миңдей акционердик коом бар деп айтып кетпедикпи. Учурда ошонун 1000ден ашууну иш алып барат. Ал эми анын ичине листингге киргендери – 29 гана компания.

– Эмнеге мындай аз көрсөткүч? Бул биздеги компаниялардын көпчүлүгү жабык иш алып барат дегенди билдиреби?

– Буга бир нече себептер бар. Алсак, биринчиден, бардык эле компаниялар кире бербейт. Ага кириш үчүн атайын талаптар бар. Экинчиден, көп компаниялар листингге киргенде, кандай өзгөчөлүктөргө ээ боло тургандарын биле беришпейт. А чынында биринчи эле артыкчылык – акциянын кирешесинен салык алынбайт, экинчи артычылык – листинг тизмесинде кирген компаниялар ачык жана таза иштеген компаниялар деп эсептелет, инвесторлор биринчи учурда ошол компанияларга инвестиция жасайт.

– КФБ мамлекеттик баалуу кагаздар менен дагы иштейт эмеспи. Бул багытта эмнелерди айтып бере аласыз?

– Бул мамлекет тарабынан, тактап айтканда, Финансы министрлиги тарабынан ички бюджетти толуктоо үчүн атайын баалуу кагаздар чыгарылат. Ошол кагаздар Улуттук банктан сатып алынат. А негизинен алганда ал кагаздар фондулук биржадан сатып алынышы керек. Дүйнөлүк тажрыйба ошондой. Бул багытта иш жүргүзүлүп, 2015-жылы параллель иш алып барууга жетише алдык. Башкача айтканда, эми мамлекеттик баалуу кагаздарды КФБ аркылуу брокерлер, диллерлер, камсыздоо компаниялары алышса болот. А бирок негизги аянт азыркы күнгө чейин Улуттук банк болуп келет. 2017-жылдан бери КФБнын эң башкы акционери болуп Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд кирген, ошондон тарта КФБ мамлекеттик биржа деп айтылып келет. Ошондон улам, баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү саясаты КФБ тарабынан жүргүзүлөт. 2018-жылы Президент тарабынан “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол койгон. Ошол программага КФБ дагы кошулуп, натыйжада биржанын базасында товардык сектор ачуу каралган. Бул нерсе айыл чарба секторунун, жалпы эле ата мекендик өндүрүштөгү товарларды чет өлкөгө чыгарууда көйгөйлөр болбошу үчүн жасалды.

– Бул кадам ата мекендик товарларды экспорттоону кантип жеңилдетет?

– Бул дүйнө жүзүндө колдонулуп келген тажрыйба. Өнүккөн мамлекеттердин инвесторлору дароо эле өлкөнүн биржасын карайт. Учурда ата мекендик товарлардын тизмеси киргизиле баштады. Ушул жылы аймактарга чыгып, дыйкандарга, ата мекендик өндүрүшчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Товарыңарды сүрөткө тартып, электрондук товардык аянтчага киргизип койсоңуздар, башка өлкөлөрдүн биржасында да көрүлөт деп жатабыз жана потенциалдуу сатып алуучулар көрөт. Мисалы, Өзбекстандын товардык биржасында Кыргызстандан эмне сатып алабыз деген статистикасы бар экен. Ага ылайык алар цемент, көмүр ж.б. көптөгөн товарларды сатып алса, жакшы болот эле. Анткени биржага чыккан товардын сертификаты бар, ала турган кишиге биржа кепил болуп бере алат. Бул бир кыйла ыңгайлуулуктарды жаратат.

– Баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү саясаты кандай жүргүзүлүп жатат?

– Баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү боюнча учурда туура багытка түштүк десек болот. Эмнеге дегенде, мурда банк сектору өзүнчө, баалуу кагаздар өзүнчө, экономика өзүнчө өнүгүп жаткан. Анан мамлекет капиталдын агылып чыгуусу жана кирүүсүн биржа аркылуу болуусун түшүнүп калды. Себеби, инвесторлор үчүн биржасы өнүккөн мамлекет – бул өнүккөн мамлекет болуп саналат. Мисалы, АКШда капиталдын агылуусу 83 пайыз баалуу кагаздар аркылуу. Банктар аркылуу 13%га чукул болсо, камсыздандыруучу компаниялар андан аз. Ал эми бизде тескерисинче. Акча каражаттардын агылуусу 80-90%ы банктар аркылуу жүрөт. Ошондуктан биз канчалык компанияны ачыкка чыгарсак, ошончолук жакшы. Ачыкталбаган өлкөлөрдө көмүскө экономика өнүгүп жаткан болот. Андай мамлекетке инвестиция салуу кооптуу болуп эсептелет эмеспи. Ошондуктан мамлекеттин үлүшү бар компанияларды биринчи кезекте биржага чыгарууга аракет кылышыбыз шарт.

– Карапайым калк акцияны, мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу менен кандай пайда тапса болот?

– Мисалы, Казакстанда көптөгөн жакшы компаниялар бар. Ошол компаниялардын акцияларынан дивиденддерди биринчи кезекте Казакстандын жарандары көрсүн деп, атайын программа түзүп чыгышкан. Чет өлкөдөн келгендер казакстандык компаниялардын акциясын сатып алам десе, аларга приоритет берилбейт. Бул – пайданы казак жарандары көрсүн дегени. Мындан, биринчиден, жарандардын финансылык сабаты артат. Себеби, акция сатып алган адам ошол финансылык операцияларга кызыгып баштайт. Экинчиден, дивиденд аркылуу пассивдүү кирешеге ээ болот. Кийин акция жогорулап кетсе, аны сатуудан дагы пайда табуу мүмкүндүгү бар. Ал эми бизде бул тажрыйба көп колдонула бербейт. Элде каражат жок деп айта албайм. Анткени жылына мигранттарыбыздан 2 млрд. доллардын тегерегинде каражат которулуп келип, ал тойтопурларга, кыймылсыз мүлк сатып алууга жумшалып кетип жатат. Эгерде калктын финансылык сабаттуулугу жогору болсо, ошол каражаттарды 5-10 пайызын инвестиция катары иштетсек, элдин жашоосун жакшыртууга шарт түзүлмөк.

– Акциялардан ушундай жол менен пайда тапса болот экен. Ал эми мамлекеттик баалуу кагаздардан кандай пайда табууга болот?

– Учурда мамлекеттик кагаздар эң тобокелчилиги жок инвестиция болуп эсептелет. Анткени, мамлекет кепил болуп берет. Албетте, пайыздык ставкасы азыраак болот. Ошондуктан анын негизги кардарлары комбанктар жана камсыздандыруучу компаниялар. Жөнөкөй адамдарга бул анча кызык эмес, анткени, пайыздык ставкасы боюнча банктардын ставкасы жогору.

– Азыр биржа аркылуу сатуу үчүн кайсы товарлар коюлду?

– Учурда электрондук товар сатуу платформасына Ош облусунан “Сары-Таш” компаниясынын продукциясы, Чүй облусунан дыйкандардын сабизи, Жалал-Абад облусундагы электро лампочка өндүргөн заводдун товарлары коюлду. Азыр ишканаларга, дыйкандарга биржа аркылуу сатуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Анткени, бул жакка жайгаштыруу бекер. Анын үстүнө ортомчусуз сатуу мүмкүндүгү бар. Натыйжада өндүрүүчүгө көбүрөөк пайда табууга шарт түзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *