Чүй: “Китеп кербени – 2019” эстафетасы

Болот ЖУМАГУЛОВ, “Кыргыз Туусу”


Быйылкы региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына байланыштуу “Көчмөндөр цивилизациясынан – Санариптештирүү цивилизациясына” темасында Москва районунун “Таң нуру” өспүрүм балдар чыгармачылык борборунда “Китеп кербени – 2019” иш-чарасы өткөрүлдү.

Ага облустун райондорундагы балдардын чыгармачылык борборлору, балдар китепканаларынын кызматкерлери жана жаш китеп сүйүүчүлөр катышты. Салтанатта райондун мамадминистрация башчысынын орун басары Ж.Нурботоев, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.Молдокулова, “Таң Нуру” өспүрүм балдар чыгармачылык борборунун директору Н.Иманалиева балдарды “Китеп кербени” күнү менен куттуктап, келечектерине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Чүй облустук китепканасынын директору Т.Каджиева эң мыкты китеп окуучуларга ардак грамоталарды жана А.С.Пушкиндин 200 жылдыгына карата аймактык китепкана башчыла рына ЮСАИД уюмунун сертификаттарын тапшырды. Райондун борбордук аянтчасында окуучулардын тарткан сүрөттөрү, геометриялык фигуралары, чий токуу сыяктуу мастер-класстардын көргөзмөлөрүнө көрүүчүлөр чоң ыраазычылык билдиришти.

“Китеп кербени” эстафетасы Аламүдүн районунун балдар китепканасына берилди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *