Иран парламентине жасалган чабуулдан каза болгондордун саны 7ге жетти

Иран парламентиндеги атыштан 7 адам каза болуп, 4 адам барымтада кармалып турат. Бул тууралуу «Тасним» агентигине шилтеме жасап «РИА Новости» билдирди.

Маалыматка ылайык, Тегерандын түштүгүндөгү имам Хомейнинин мавзолейине да чабуул болгон. Эки чабуулдан жалпысынан 8 адам каза болуп, 33 адам жаракат алган.

Кол салгандардын так саны билине элек.