Аманбай КАЙЫПОВ: “Тырышып олтура бербей, эс албайсыңарбы?”

Күмөндөр УСУПТЕГИН, “Кыргыз Туусу”


Облустук кеңейтилген кеңешмеде негизинен кетирилип жаткан кемчиликтер талкууланып, алдыга милдеттер коюлду.

Облус жетекчисинин орун басарларынын баяндамаларын тизмектесек, деги эле ырыстуу жумуш жасаган тармак жок болуп чыкты. Алар жыйырмадан ашык олуттуу кедергилерди белгилешти. Маселен, суу сормо бекеттерге убагында суу берилбей, үрөндөр маалында камсыз болбой, асыл тукум малдар алынып келинбей, ветеринардык бейтапканалар курулбай, өнөр жай болсо өрүш албай, бюджет аткарылбай, жайыт төлөмдөр көбөйбөй, курулуштар талапка жооп бербей, социалдык айрым маселелер чечилбей жатыптыр.

– Акимдердин аракеттери көрүнбөйт. Ал эми тармакта иштегендердин арасынан дагы тырышып олтургандар бар. Эгер чарчасаңар кетпейсиңерби? Эс алгыла да! – деди жыйынды алып барган облус жетекчиси Аманбай Кайыпов.