Мекенчил болсок, өлкөбүз өнүгөт

Жыйырма жети жылдан бери өнүгө албай жатабыз. Өнүгүш үчүн бизге чыныгы патриот мекенчилдик сапат жетишпей жатат десем жаңылышпайм. Өлкөбүздү сазга батырып, элдин ырыскысын талап-тоноп, чет жакка качып кеткен Акаев менен Бакиевдерди, же болбосо “үч күндүк өмүрү калыптыр, муну бошотпосо болбойт” деп, киши өлтүргүч мыйзамдагы ууру Батукаевди коштоп барып, учакка отургузуп, качырып жиберишкен ошол кездеги министрлерди, башкы прокурорду, акыйкатчыны жана сотту патриот мекенчил дегенге болобу?

Алар бүтүндөй Кыргызстанды бир чеченге чөгөлөтүп, басынтып беришкени төгүнбү? Андан бери беш жыл өттү. Батукаев беш оор кылмыш кылып, аман-эсен азыр Россиянын түрмөсүндө отурат. Ар-намысыбыз кайда? Эмне үчүн өлкөнүн кызыкчылыгын коргобогон чиновник жетекчилерди, ЖК депутаттарын иш жүзүнө ашпай жаткан, бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдарды кабыл алгандыктары үчүн жоопкерчиликке тарта албайбыз?

Ант берип, ак кызмат кылам деген ондогон экс-министрлер, депутаттар учурда качып жүрүшөт. Таң калыштуусу – сууну кечип чек арадан өтүп кетиптир, көрбөй калыптырбыз дешкени. Ал эмне деген чек ара, керек болсо чычкан да өтпөш керек. Демек, биздин чек арабыз дагы деле кооптуу. Коррупция менен күрөшүп жатабыз дейбиз, ушинтип миллиондорду уурдаган жемкорлорду качырып, кайдыгер болуп отурсак, эзели бул илдеттен арыла албайбыз.

Чынын айтсак, азыр аты бар, заты жок партиялардын саны көп. Алар токойдогу жазгы козу карынга окшоп жамырап, шайлоо учурунда пайда болушат. Андан кийин алардын дайын-дареги белгисиз. А саясатчылар бир шайлоодо өзүнүн партиясынан талапкер болсо, кийинкисинде башка партиядан барган болот.

Келечекте, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулабыз десек, чыныгы мекенчил болуубуз абзел. Коркпой-үркпөй социализмдин пайдалуу жактарын турмушубузга киргизүү зарыл. Пландуу экономиканы рыноктук экономика менен айкалыштыруу жолдорун иш жүзүнө ашырганда гана өлкөбүз өнүгөт. Элибизге учурда жемкорлук, коррупция менен чечкиндүү, аёосуз, натыйжалуу күрөш жүргүзгөн бийлик өтө керек.

Парламент депутаттарын эки эсе кыскартып, мамлекеттик башкаруудагы бирибирин кайталаган ашык баш түзүмдөрдү жоюп, кадр саясатын өзгөртүп, жалган билими, илимий наамы менен жүргөн чиновниктерден арылышыбыз кажет. Жүз миңдеген маяна алган, мамлекеттин казынасына мыйзамсыз кол салып, дүйнө жүзүн кыдырып саякаттап жүргөн кызмат адамдарын кайра “кустуруп”, сот жообуна сөзсүз тартылышын элибиз чыдамсыздык менен күтүп жатат.

Жумурай журтубуздун башына жут боло турган тышкы карыздарды алууну токтотуу керек. Буга чейин алган карыздардан кутулуу жагын ойлонбосок, кийин айрым жерлерибизден ажырап калышыбыз мүмкүн. Патриоттук сезим менен эки жакка, алыс барбай эле коңшу өлкөлөрдү карап, назар салып көрсөк, балким ар-намысыбызга келип, алардан кем болбой өнүгүү жолуна түшөт белек деген ой жаралат.

Исламбек ТЕМИРАЛИЕВ, Тоң району