Кесепети менен күрөшпөстөн, алдын алган туура

Өспүрүмдөр калктын аялуу катмарына киришет. Ошондуктан, аларга карата зордук-зомбулукту болтурбоо менен катар эле, алардын өздөрү тараптан да мыйзам бузууларга жол берилбешине өзгөчө көңүл буруу талап кылынат.

Мына ушул багытта Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан 2016–2018-жылдардагы көрсөткүчтөргө анализ жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы көрсөткөндөй, Биринчи май району боюнча 2016-жылы жашы жете электерге карата 84 кылмыш жасалса, бул көрсөткүч 2017-жылы – 127, 2018-жылы 220 болгон. Мындан тышкары, райондо 2016-жылы жашы жете электер тарабынан 31 кылмыш жасалганы катталса, 2017-жылы – 29, 2018-жылы – 164 кылмыш катталган.

Өспүрүмдөргө карата жасалган да, өспүрүмдөрдүн өздөрү тараптан жасалган да кылмыштардын санынын өсүшү, биринчи кезекте балдардын укуктарын коргоо боюнча милдет жүктөлгөн мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн алдын алуу иштеринин жетиштүү эместигинен жана натыйжасыздыгынан кабар берет.

Мына ушундан улам, бул багыттагы иштерди күчөтүү максатында үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында райондук прокуратура тарабынан жашы жете электер тарабынан укук бузуулардын алдын-алуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында 29 бузуу аныкталып, 3 сунуш жана 3 эскертүү берилген. Прокурордук көңүл буруу актыларын кароонун жыйынтыгында 2 кызмат адамы тартип жоопкерчилигине тартылган.

Айбек АРАЛБАЕВ, Биринчи май районунун прокурорунун жардамчысы