«Сен эгер көздүн кареги болсоң, агы – мен, Сергиткен кечтин жылдызы болсоң, айы – мен…» (Кутмырза Жакыбалиев)

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


«Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясынын кызматкери, акын Гүлзина МЫЙЗАНБЕКОВА менен маек.

– Гүлзина, сен Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен Ала-Бука районунан, жолдошуң Кытай менен чектешкен Ат-Башы районунан. Жол алыс деп, адатта, куда-сөөктөр, адатта каршы болчу эле?

– Биз адегенде кимибиз кай жерден экенибизди билчү эмеспиз. Эки-үч жолу жолуккандан кийин билдим да, ичимден: “Биз бирге боло албайбыз го”, – дегем. Анткени, жол алыс, айрыкча апам макул болбойт го деп ойлодум. Мен ата-энемдин макул болушуна ишенген жокмун. 2011-жылы “Таң шерик аттуу” ыр жыйнагым чыгып, анын бет ачарын өткөрүүгө жетекчибиз Нурлан Калыбеков, Абдымамбет Сариев ж.б. акын эже-агайларыбыздын колдоосу менен кичи мекеним Ала-Бука районуна бардык. Ошондо Кутмырза да барган. Үйдөгүлөр аны менен таанышканы менен, сүйлөшүп жүргөнүбүздү билген жок. Атам өзү эле: “Ошол нарындык жигит мыкты жигит экен”, – деп калды, кийин сүйлөшүп жүргөнүбүздү билгенде, аны өздөрү көргөн үчүн макулдугун берди.

– Алардын макулдугун алып, анан тойду болжосоңор керек?

– Жазуучулар союзунан жолугуп жүрдүк. Убакыт өткөн сайын жашоого болгон көз карашыбыз, келечекке болгон ой-кыялдарыбыздын окшоштугу бизди жакындатты. Бирок жолдошум мага кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүүгө же чогуу турмуш курууга официалдуу деле сунуш кылган эмес. Сүйлөшүп жүрүп эле бир күнү: “Тойду пландаш керек. Мен мындай кылалы деп чечтим”, – деп эле оюн айтып кирсе болобу. Мен чоочуп кетип: “Кайсы той, кандай той?!” – деп жибериптирмин. Мени менен деле кеңешип койбойбу, макулдугумду сурап койбойбу деп ичимден таарынганым менен, анын чечкиндүүлүгүнө баа берип калдым. Бир күнү: “Чогуу түшкөн сүрөттөрдөн алып, батыраак “Кыргызстан обондору” радиосуна келип кал!” – деп калды. Себебин сурасам: “Келгенде угасың!” – деп койду. Барсам ал жакта болочоктогу түгөйлөр үчүн “Жар-жар” деген конкурс уюштурулуп жатыптыр. Менин катышкым келген-келбегенин сурабай эле катышабыз деп чечип коюптур. Ага катышып, байгелүү орунга жетип сүйүндүк. Негедир ушундай чечимдерине менин оюмду сурабаганы үчүн таарынсам деле, макул болуп жаттым, кийин байкашымча, бул мүнөзү атамдын мүнөзүнө аябай окшош экен. Үйдөн атам көп нерсени өзү ойлонуп чечип, анан бизге сюрприз кылчу. Ошон үчүн да бул нерсе мага өтө өөн болбосо керек.

– Эки чыгармачыл адамдын бир түндүктүн астында жашоосу оорбу, жеңилби?

– Эки чыгармачыл кишинин бир түндүктөн түтүн булатышы менин оюмча жеңил. Анткени бири-бириңди жакшы түшүнөсүң. Мисалы, аябай эргүү келип, ыр жазууга шыктанып турган убакта, маанилүү жумуштар болсо да, ыр жазат элем десек, ал да, мен да тоскоол болбой, тескерисинче, шарт түзүп бергенге аракет кылабыз, ал ырдын жазылып бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүп, окуганга ашыгып турабыз. Же бир ыр кечелер болгондо чогуу барып, жаңы ырлардан жан дүйнөбүзгө азык алабыз. Бир күнү Жазуучулар союзунан чалышты, экөөбүздү “Беш акын” долбооруна катышкыла деп жатат деди. Мен дароо эле бирөөбүз эле катышпасак, даярдануу кыйын болуп калат дедим. Ал, адатынча, катышабыз деп чечип, макулдугун берип коюптур. “Балдар менен үйдө олтуруп чыгармачылыгыңа көңүл бура албай буулуктуң, сен да катышасың”, – деп койду. Чынында, бул чоң майрам сыяктуу болду.

– Чыгармачылыкта бири-бириңерге сын көз менен караган же тескерисинче, жөлөп-таяган учурлар болобу?

– Албетте, жазган ырларыбызды алгач бири-бирибизге окуп беребиз. Окшошпой калган жерлерин дароо айтабыз. Акыркы кезде мен аңгемелерди, балдар үчүн жомокторду жазып жүрөм. Адатымча, алгач жолдошума окутуп, сынын угуп, ондоп-түзөп турам.

– Ал сени акын катары жана сен аны акын катары кандай баалайсыңар?

– Чынында, ыр жазууда Кутмырзанын талантын жогору баалайм. Ал берейин деген оюн жоготпой, куюлуштуруп мыкты жазат. Азыр котормолорго да кызыгып жүрөт, андагы ырдын мазмунун көркөм ачып бере алганын окурмандар баалап жатышат. Айтор, бизди ыр жолуктурду, ыр бириктирди. Мен “Таң шерик” деген ырымда:

“Шарт ачылып бакыт эшиги,
Качан мага келет жан шерик.
Терметилип бакыт бешиги,
Качан менде болот жаш шерик.

Дүбүрт чыгат, чыгат алыстан,
Келе жатат мага жан шерик.
Мезгил өзү калыс даанышман,
Азырынча аткан таң шерик”, – деген саптарды жазып жүргөн кезде Кутмырзанын “Дүбүрт” аттуу ырлар жыйнагы чыгыптыр. Анан да “Эңип кетчи” деген ырым да мен келечектеги жолдошумду тоолук жигит болорун эскерткендей, анткени эңип кетүү дегенди тоолук жигиттер гана мыкты билет эмеспи.

Ал эми Кутмырзанын:
“Сага” деген ырындагы:

“Сен эгер көздүн кареги болсоң, агы мен,
Сергиткен кечтин жылдызы болсоң, Айы мен.
Самсаалап өскөн мөмөсү болсоң жемиштин,
Сабынан илип көтөрүп турган шагы мен.

Албыра бышкан алманын болсоң кызылы,
Анда мен болом ичинде тарам сызыгы.
Ар дайым чогуу бир бакта болсок экөөбүз,
Ал кезден өткөн жашоонун барбы кызыгы?..” – деген саптары мени атайын сунуш кылбаса да “ошол шактын алмасы” болууга мажбур кылды. Азыр деле сагынышсак да (сапарда жүргөн кезде), таарынышсак да ыр менен сезимдерибизди билдирген жайыбыз бар. Анткени сезимди кат же ыр менен билдирген өтө таасирдүү эмеспи.

Балдарыбыз – улуу кызыбыз Айтунук беш жарымда, экинчи кызыбыз Акмаржан төрт жарымда, уулубуз Алинур үчтө. Үчөө тең ырга-бийге шыктуу. Кыздарыбыз “Баластан” телеканалынын “Сонун ыр” берүүсүнөн атасынын ырларын көркөм окуп жүрүшөт. Айтунук сүрөттү жакшы тартат, скрипка менен ооз комуз ойногонго аябай кызыгат. Ошол тармакта машыктыруучу издеп жатабыз. Ыр көп жаттагангабы, эки-үч сапты уйкаштырып, ыр жаздым деп калат. Акмаржан бийге кызыгат, анан тамсилдерди образдуу айтканды жакшы көрөт. Алинур телевизордон күү ойнолсо же «манас» айтылса оюнчугун таштап, муюп угуп калат, мунусуна төбөбүз көккө жетип сүйүнүп калабыз.

– Экөөңөр чай үстүндө отуруп алып көбүнчө эмне тууралуу божурашасыңар?

– Көбүнчө чыгармачылык тууралуу жана ички дүйнөбүздөгү сезимдерди бөлүшөбүз. Таарыныша кетсек, ошол нерсени ачык сүйлөшкөнгө аракет кылабыз. Кайсы нерсе жакпайт, кандай мамиле, кандай сөз жан дүйнөнү жаралайт экенин ачык сүйлөшөбүз. Ошондой эле алдыга койгон максаттар, аны ишке ашыруунун жолдорун талкуулайбыз. Анан, албетте, мамлекеттеги көйгөйлөр, чеке жылытарлык иштер да көңүл чордонунда болот. Элибиздин, балдарыбыздын келечеги тууралуу кеп кылганда, ар кандай терс көрүнүштөр тууралуу угуп жатсак да, үмүт үзбөйбүз.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *