Асизбек ЭШМАМБЕТОВ: «Улуттук нарк-дөөлөттөрүбүз коомду тарбиялоодо азыркы мыйзамдардан натыйжалуу болгон»

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»


Коом адамды өзгөртүп жатабы, же адам коомду өзгөртүп жатабы деген суроо көпчүлүктүн көңүл борборунда турат. Адам жаралгандан айлана-чөйрөсүн эле эмес, дүйнөнү да аң-сезими менен таанып билет эмеспи. Дайыма карамакаршылык коштогон оомал-төкмөл бул дүйнөдө адам баласынын инсан катары калыптануусунда алган билимине жараша дүйнө таанымы, тарбиясы жана чөйрөсү таасир этери талашсыз. Биз кайда баратабыз, улуттук баалуулуктарыбызды канткенде сактап калабыз, акчанын кулу болуп калуу коркунучуна кептелген жокпузбу, дегеле ааламдашуу мезгилиндеги процесстердин адамдардын кулк-мүнөзүнө, жүрүм-турумуна тийгизген таасири, анын кесепеттери жөнүндө ой толгоолорун “Дордой-Офтальмик-Сервис жана Окулюс” көз микрохирургиялык медицина борборунун директору Асизбек Эшмамбетов айтып берди.

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”

– Асиз байке, саясатта болобу же жеке турмушта болобу күчтүүлөр жеңишке жетишет. Азыркы биз жашап жаткан коомдо акчалуулар эле жеңишке жетишип жаткандай. Ал эми ар кандай жол менен келген акча кимдин гана колунда болбойт. Айтыңызчы азыркы мезгилде каражатсыз жеңишке жетишип, бийиктиктерди багынтууга мүмкүнбү?

– Менимче адам бир нерсеге жетишип, жаратмандык жасоо үчүн анда каражат да, билим да болуш керек. Билимиң, алган билимиңдин негизинде тажрыйбаң, аны өркүндөтүп иштеш үчүн жетиштүү каражатыңдын болушу шарт. Ансыз кайсы багытта болбосун бийиктиктерди багынта албайсың. Ал эми адам ийгиликке жетишүү үчүн билим болуш керек. Акча менен кайсы бир кызматтык даражага жетсе деле, билими болбосо ал ишти жөндөп кете албайт. Акча менен жеңишке жетишкендер эртедир-кечтир деңгээли канчалык экени билинип, кандай болгон учурда да акчалуулар эмес, билимдүүлөр, акылдуулар утат. Каражат менен убактылуу кайсы бир кесиптик даражага жеткени менен алар акылдуу адамдардын арасында бат эле иргелип калат. Бирок ошол эле учурда адам терең билим алуу үчүн же ишмердик жүргүзсө аны өркүндөтүүгө каражат керектелет. Бул учурдагы замандын талабы. Мурда союз кезинде акылдуу адам билимге да, ийгиликке да каражатсыз эле жетише алчу. Азыр андай эмес. Кайсы бир демилгени ишке ашырып жаратмандык жасоо үчүн каражат сарпталат. Андыктан азыр ийгиликтин жаралышы да каражатка барып такалат. Өз күчү менен билим-илимге жетишип, ачылыш жасап, аны жүзөгө ашырып ийгилик жараткандар чанда. Бирок базарда эле иштеп, өз ишин мыкты билип, байып, турмуш шартын жакшыртып, жашоонун кыйынчылык жолдорун басып өтүп, адал эмгеги менен ийгиликке жетишкендер да жок эмес.

– Азыркы тапта адамдын жашоосунда руханий дүйнө жогору болуш керекпи же материалдык дүйнөбү? Дегеле адам каражатсыз дүйнө таанымын, руханий дүйнөсүн байыта алабы?

– Азыркы заманда каражатсыз эч нерсе жылбайт. Бирок адамдын руханий дүйнөсү баарынан жогору болуш керек. Ал эми руханий дүйнөнү байытуу, өркүндөтүү үчүн материалдык дүйнө коштоп жүрүш керек. Ансыз болбойт. Жөнөкөй эле мисалды айтайын эгер кайсы бир кызматкер өзүн социалдык жактан камсыздай албай, кыйналып турса, андан кайдагы ой толгоону же жаратмандыкты күтүүгө болот. Жазуучу жан дүйнөсүндөгү оргуштаган ойлорун китеп кылып жазып чыгарыш үчүн басмаканага акча төлөш керек болот. Руханий баалуулуктарды жайылтуу, аны жарыкка алып чыгууда да каражат керектелет. Андыктан экөө бири-бири менен тыгыз байланышкан. Учурда дүйнө таанымды жакшыртууда, китеп, билим алуу, интернетти колдонуу үчүн каражат керек болот. Маалымат берген ресурстардын баары каражатка байланган. Эгер, адам руханий дүйнөсү үчүн каражатка муктаж болбой, жалаң материалдык дүйнөнү жогору коюп алса, анда дүйнөнү ачкөздүк бийлеп, адамгерчилик жогорку сапаттар жоюлуп, машинага айланып калат.

– Адам ачкөздүктү канткенде жеңе алат? Коррупция менен күрөшүп жатканыбыз менен андан майнап чыкпай жаткандай?

– Кыргыз акылман эл. “Ач адам тоюнат, ачкөз адам тоюнбайт” деп бекеринен айткан эмес. Мамлекеттик кызматтарда иштеп жатып, элдин ырыскысын тоногондор болду. Албетте, алар мыйзам чегинде жасаган иштерине жооп бериши керек. Ачкөздүк, паракорлук адамдын напсисине жараша болот. Кээде муктаждык да түртөт. Катардагы мамлекеттик кызматкер пара албай иштеши үчүн ал муктаж болбой тургандай айлык маяна коюп бериш керек. Эгер турмуш шартына каражат жетишпей, бала-чакасы ачка турса, ал аргасыздыктан мындай кадамга барышы мүмкүн. Ошол эле учурда өзүнүн оокаты жетиштүү туруп, майлуусүттүү тармактарга отуруп алып, кимдир бирөө үчүн акча топтогондор чыгып жатат. Менимче коррупция менен күрөшүүдө жалгыз Президент эле эмес, жапа тырмак баарыбыз иш алып барышыбыз керек. Мындан сырткары күчтүү идеология керек. Мына коррупцияда бирөө берсе, экинчиси алып жатат. Экөөндө тең пара бербейм жана пара албайм деген аң-сезим болуш керек. Эгер кызматкер материалдык жактан жетиштүү болсо, ал пара алам деп деле ойлобойт. Союз кезинде элдин баары жумуш менен камсыз болчу, кызматкерлерге жашаганга үй берилчү. Азыркыдай ачка калган балдар, жумуш издеп кеткен ата-энелер болчу эмес. Баары тегиз эле. Менимче коррупцияны жоюуда материалдык жактан жетиштүү болуу жана аң-сезим керек. Ал эми пара албайм жана бербейм деген аң-сезимдин жаралышы үчүн күчтүү идеология керек. Союз кезинде КПСС БКнын 1,2,3-секретарлары элге идеология жүргүзүү менен иш алып барчу. Ошол кездеги идеологиянын күчтүүлүгүнөн 15 улуттан турган чоң держава жашаган.

 – Учурдагы улуттук идеологиябызды эмнеден көрө аласыз?

– Кыргыздарды дүйнөдө эзелтеден күчтүү духу бар, баатыр эл катары таанышкан. Кийин Батыштын ыпылас идеологиясынын таасири алдында калдык. Азыр коомдун кайсы бир катмарында аялдар эле эмес, эркектер да ушакка баш-оту менен кирип кеткендей. Алдамчылык, паракорлук биздин элди байырлап алды. Илгери кыргыздын табияты башка болгон. Улут катары өзүн каадасалттарынын негизинде сактап, тукум улап келген. Мурда бизде “улууга урмат, кичүүгө ызаат” деген ата менен баланын, аял менен эркектин, улуу менен кичүүнүн ортосунда чекти белгилеген тарбия бар эле. Улууга акаарат айтмак турсун, өйдө карап сүйлөгөн эмес. Мына ушул принцип азыркы биздин коомго жетишпей жатат. Ошол биздин жазылбаган каада-салттарыбыз, нарк-дөөлөттөрүбүздөгү эрежелер азыркы мыйзамдарга караганда натыйжалуу болгон. Нарк-дөөлөттөрүбүздүн негизинде терең улуттук идеология жаткан. Анын эрежелери менен эле адамдар жемкорлук, алдамчылык, калпычылык, көралбастык жана башка жаман адаттардан алыс болушкан. Мына улуттук идеологиянын өзөгү ушунда жатат. Адамдардын мамиле жасоосунан тартып, тамактануу, өзүн алып жүрүү ж.б. бардык эрежелер улуттук нарк-дөөлөттөрүбүздө камтылган. Мына ушул эрежелерди жаштарга жеткирүүдө иш алып барбай жатабыз. Коомду оңдойбуз десек нарк-насилдерди үйрөтүүнү үй-бүлө, бала бакча, мектептерден башташыбыз керек. Биз жаштарга билим берүү менен чектелип, жетиштүү тарбия бере албай, дүйнөнүн эшигин ачып, өзүң каалаган жолду тандап ал деп таштап коюудабыз. Мындай жагдайдан жаштар Батыштын идеологиясына жана диний секталарга берилип кетип жатат. Азыр элди, жаштарды тарбиялаган өзүбүздүн идеологиябыз жокко тете. Калк кадырлачу аксакалдарыбыз дежур чалдарга, энелерибиз кишини эриктирбеген саясатчыга айланды.

Жаштар Батыштын маданиятынын таасиринен чыга албай калды. Интернеттеги адамдын адебине таасир эткен маалыматтар улуттук идеологиябызды басып салды. Биз бала-бакча жана мектептин программасына улуттук идеологияны сабак катары киргизишибиз керек. Ошондо өсүп келаткан муунду биз улуттук нарк насилдерибиздин негизинде тарбиялай алабыз. Адам баласынын 18 жашка чей инки кабылдоосу күчтүү болуп, алган билими менен тарбиясы эч убакта унутулбайт. Андыктан жаштарды ушул куракта тарбиялаш керек. Бул медицинада деле аныкталган.

– Жумушта кандай жетекчи, жашоодо кандай адам, үй-бүлөдө кандай атасыз?

– Бул борборду түзүлгөндөн тартып жетектеп келатам. Андан бери чогуу эмгектенген жамаатым мени алмаштырылгыс жетекчи дешкенин айтсам ашыкча болбостур. Кайсы тармак болбосун анын ишмердигинин жүрүшү жетекчиден көз каранды. Эгер жетекчи жакшы болсо, кандай гана борбор же ишкана болбосун иши дагы жакшы жүрүшөт деп ойлойм. Клиникадагы жетекчи иштин көзүн билсе, анын жамааты ага карап түздөнүп, оорулуулардын сакайышына да түрткү болот. Азыркы тапта жетекчи жөн эле башкаруучу гана болбостон, жакшы менеджер да болуш керек. Иш-чараларды уюштурууну да билиши шарт. Анткени замандын талабы ушундай. Клиниканын, ишкананын же борбордун өсүп-өнүгүүсү жетекчинин башкаруусуна жараша болот. Эгер жетекчи талыкпай, изденип эмгектенсе, анын жамааты да тынбай изденүү менен иш алып барат. Жетекчи жалкоо болсо жамааты да анын жолуна түшөт.

Үй-бүлөмө жоопкерчилик менен мамиле жасайм. Балдарымды колумдан келишинче тарбиялап, билим берип эрезеге жеткирдим. Ата катары милдетимди өтөп келатам деп ойлойм. Улуу балам Москвадан билим алып келип, мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, азыр бизнес жаатында иш алып барууда. Экинчи уулум менин жолумду жолдоп, дарыгер. Ал Африка мамлекеттеринде көзгө 1250 операция жасап келди. Уулумдун мындай ийгилиги менин ата катары жетишкендигим.

Ал эми жашоодо бирөөгө жамандык жасабаган, ишиме жоопкерчилик менен караган, адамгерчилик асыл сапаттарды жогору баалаган, ошол эле учурда текеберленбеген, ар бир адам менен баарлаша билген жөнөкөй эле адаммын. Каржалып кыйналгандарды көргөндө аларга жардам көрсөтүүгө далалат кылам. Кайрымдуулук иретинде колдоо көрсөтүп турам. Андыктан боорукердик сапатым да болсо керек деп ойлойм…