Маалыматтарга кепилдик барбы?

Үстүбүздөгү жыл мамлекет башчы тарабынан «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланган. Логикалык жактан алганда былтыркы аймактарды өнүктүрүү жылынын уландысы катары эсептелет. Эми четки айыл-кыштактарды канткенде өнүктүрө алабыз? Кайсы маселелерди чукулунан чечүү керек? Бул ураанды турмушка ашырууга айыл өкмөттөрү менен райондук мамлекеттик администрациялардын, мэриялардын алы жетеби? Деги эле санариптештирүү деген эмне? Муну эрте баштап алган жокпузбу? Мээңде мына ушундай суроолор пайда болот экен.

Албетте, Президенттин демилгесинде жакшы ниет, мамлекетибиздин абалын оңдоо боюнча жаркын ойлор бар. Интернетти чукулап отуруп орусча «цифровизация» деген термин эмнени түшүндүрөрүн таппай койдум. Бизге өнөктөш Россия менен Казакстанда цифровизацияга өтүшкөнүн маалымдашыптыр. Эми алардагы карапайым адамдардын жашоо деңгээлин биздеги менен салыштыруу кыйын го. Кыргыз мигранттарынын көпчүлүгү ушул өлкөлөрдө тентип жан багып жүрүшпөйбү! Орточо айлык маянанын, пенсиялар менен жөлөк пулдардын өлчөмү, ар бир жанга өндүрүлгөн товардык продукциянын көлөмү боюнча асман менен жердей айырмачылык бар экен. Ал үлкөн мамлекеттер эмес, бизге окшошураак өлкөлөр менен салыштырып көрөлү. Эгерде Кыргызстанда жылына орточо эсеп менен бир кишиге 1400 миң долларлык көлөмдө продукция чыгарылса, бул көрсөткүч Молдовада 5700, ал эми Түркмөнстанда 18 миң долларды түзөт экен.

Дагы башка кызыктуу маалыматтарга назарыңыздарды бургум келет: Кыргыз Республикасынын үстүбүздөгү жылга кабыл алынган мамлекеттик бюджетинин кирешелери гранттарды кошо эсептегенде 148,7 млрд. сомду түзөт. Ал эми чыгашалар 158,4 млрд. сомго белгиленген. Айырманы аңдап жатасызбы, дээрлик 10 млрд. сомго жакын. Анын ичинде экономиканын өзөгүн түзчү өнөр жайынын үлүшү 17 пайыз болсо, айыл чарбасыныкы 12 гана пайыз. Иликтеп көрсөк, мамлекетибиз бюджетти колдоого эгемендүүлүктүн жылдарында 2,6 млрд. доллар карыз алыптырбыз. Демек, биз карыздын эсебинен жашап келе жатабыз десек жаңылышпайбыз. Ушундай татаал абалда туруп 350 миңге жакын мамлекеттик кызматкерлерди кармоонун канчалык зарылдыгы бар? Ал эми республикабыздагы 453 айыл өкмөтүнүн 378и же 83 пайызы мамлекеттин мойнунда дотацияда турат. Аларды кармоонун канчалык зарылдыгы бар?

Бишкекте төрт районду, четки аймактарда калкынын саны 30 миңге да жетпеген райондорду кармап туруунун кандай кажети бар? Бизде чиновниктер канчалык көп болсо, жемкорлукка ошончолук көп жагдай түзүлөт эмеспи.

Санариптештирүүнүн асыл максаты жемкорлукту, жөнөкөйлөтүп айтканда паракорчулукту кескин кыскартуу, адам факторун четтетүү салуу же кызматкерлерге жалдырап отурбай компьютерде эле жумушту бүткөрүү, тейлөөнүн цивилизациялуу жолуна өтүү болсо керек.

Бизде советтик доордогудай эле маалыматтарды ураалап жалпысынан урдура берүү салтка айланды. Кыргызстанда азыр канча гектар жерге эмне эгилгени, жеке менчикте канча мал, канаттуулар бардыгы тууралуу так маалыматтар жок. Анткени маалыматтын башкы булагы болуп аймактардагы айыл-кыштактардын айыл башчылары, фермерлер менен дыйкандар эсептелинет. Алар дайыма малдын санын, айдалган жерди азайтып айтышат. Салыктан чочулашып. Маселен, Кадамжай районунун аймагында гы четки Ак-Турпак айыл өкмөтү мурдагы Бүргөндү өрөөнүнүн аймагынан орун алган. Ал жерде келечекте 30 миң гектарга жакын дың жер өздөштүрүлөт деп айтылып жүргөн болчу. Союздун аягына аларда өздөштүрүлгөн жерлер 8 миң гектарга чамалаган. Эми магистралдык каналга дюкер курулуп, дагы 1200 гектар жер өздөштүрүлгөнү тууралуу сөз болууда. Менин жеке пикиримде бул айыл өкмөттүн жерлерин жакшылап текшерип эсептеп көрүшсө көп дал келбестиктер чыгат. Мындай көрүнүш бир гана Ак-Турпак айыл өкмөтүндө эмес, башка көптөгөн аймактарда да бар. Аларды текшерген киши жок.

Маалыматтардын канчалык тактыгы боюнча өткөндө Кадамжайга барганда райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси Ысмайыл Сулайманов, жетектөөчү адис Махмуд Саитов менен сүйлөшүп, маалыматты кайдан алышарын сурап көрдүм. Алар бул багытта республикабызда “Айыл программасы” кабыл алынып иштеп жатканын белгилешти. Келерки жылдын 23-мартынан 1-апрелине дейре Кыргызстанда Эл каттоо өнөктүгү жүргүзүлөт. Ага Баткен облусу боюнча 280 кызматкер тартылат.

Эми калкынын саны жарым миллиондон ашкан, айылдары чачкын жайгашкан аймак үчүн мынчалык сандагы кызматкерлердин каттоону так жүргүзүшөрүнөн күмөнүм бар. Алар жетишпейт же айыл башчылар беришкен мурдагы маалыматтарга кайрылышат. Анын үстүнө четки айрым айылдардагы көчөлөргө ат, тамдарга номер коюлбаган. Бул жагынан азыркы күндө район боюнча жалпысынан 1500дөн ашык көчөлөр такталып иретке келтирилди, – дейт райондогу мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Абабакир Миталипов.

Мына Кадамжай районундагы калктын саны статистика бөлүмүнөн берген паспортко караганда 2019-жылдын 1-январына карата 193 044 киши. Демек, калктын саны жогорку темпте өсүп жатыптыр. Бирок ушул маалымат туурабы? Аны кантип далилдешет? Эмне статисттер ар бир үйгө кирип эсептеп чыгыштыбы? Жетекчи өзү ынанбагандай, 14 миңдей кишиге айырма чыгышы мүмкүн экен. Аны шайлоого жана эл каттоого чейин дагы такташарын белгиледи. Менин түшүнүгүмдө мындай маалыматтар так, ишенимдүү болуп, маалымат базасына киргизилип, компьютерде сакталышы керек. Санариптештирүүнүн мааниси ушунда жатат. Антпесек, телэкрандан, гезиттерден кетип, трибуналарда айтылып жаткан цифраларга адистер гана эмес, карапайым калк да ишенбей калат.

Эгерде Президенттин демилгесин колдойлу деп чуркаган жетекчилер болсо, эбак айыл өкмөтү же ишкана-компания болобу ар бир адисине чейин компьютерлерди орнотуп, өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй ырахаттана иштеши зарыл. Азырынча биздеги мамлекеттик каттоо, паспорттоштуруу, никеге каттоо, салык, архитектура мекемелеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында четки айылкыштактардан бир справка үчүн убара болуп келишкен замандаштарыбыз кезек күткөнү күткөн. Минтип отурсак санариптештирүү компаниясы курулай кыялдануу же утопия бойдон желге айланып калып кетеби деп кыжаалат болом.

Адылжан ЖАЖАНОВ, журналист