41-жаштагы ялды үч киши барымтада кармап, кезек-кезек менен зордуктаган

Майлуу-Сууда аялды үч киши кезек-кезек менен зордуктап, анан чачын тасырайта кырып салышкан. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы Жалал-Абад облустук ИИБне шилтеме жасап билдирди.

Маалыматка ылайык Сузак районунун 41 жаштагы тургуну Көк-Таш айыл аймагында транспорт күтүп турган. Ага ак автомобиль келип, ичинде 35-40 жаштагы эркектер болгон.

Алар аялды Кочкор-Атага чейин жеткирип коюуну сунушташкан. Бирок жолдон аялды сабап, Майлуу-Суудагы кабат үйлөрдүн бирине алып келип, 18-майлан, 25-майга чейин кармап турушкан. Ошондой эле ар кандай зомбулуктарды кєрсєтїп, кезек-кезек мене зордукташкан.

Учурда кылмышка шектүүлөр колго түшүрүлүп, кылмыш иши козголгон. Майлуу-Суу шаардык сотунун чечими менен кылмышка шектүүлөр эки айга камакка алынган. Ал эми жабырлануучуга соттук-биологиялык экспертиза дайындалган.

Толугураак: http://jalal-abad.turmush.kg/ru/news:1387594