Борборду көрккө бөлөп, таланттарга көңүл бөлгөн – Усубалиев

Жасалган эмгек, жашаган өмүргө мезгил – сынчы, мезгил – тараза деп айтышат. Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына байланыштуу да ушуну айтууга болот. Кайран залкар инсан 1955-1956-жылдары редакторлук кылган улуттук төл гезитибиз – “Кыргыз Туусунун” окурмандарына айрым бир өзүм күбө болгон окуяларды аңгемелеп берейин.

Борбордун башкы архитектору

Турдакун Усубалиевичтин борборубузду өстүрүп-көрктөндүрүүгө жасаган эмгеги өзгөчө зор жана баа жеткис. Ошол Турдакун Усубалиевич иш башында туруп салдырган шаардын курулуштары бул күндө борбордун көркөмдүү жүзүн таанытып, элге кызмат өтөп жатпайбы! Ушундан улам, эсиме бир окуя түшөт.

Анда партиянын Нарын шаардык комитетинин биринчи катчысы элем. Бир күнү катчысы күтүүсүз телефон чалып калды, азыр Турдакун Усубалиевич менен сүйлөшөсүз деп. Учурашкандан кийин эле: “Борбордогу Ысык-Көл” мейманканасынын курулушу бүтпөй калганы турат, шыбакчылардын бир бригадасын быякка алып келе аласыңбы?” – деп сурады ал. Мен: “Бир эмес, эки бригада алпарайын. Нарында Жогорку Советтин депутаты Мамбетовдун жана облсоветтин депутаты Сулайманованын мыкты бригадалары бар, ошолорду алпарам”, – деп жооп бердим. Жообума Турдакун Усубалиевич абдан ыраазы болуп калды окшойт.

«Нарын» рестораны, «Ош» базары, “Ысык-Көл” мейманканасы…

Бул эки бригада эртеси эле борборго келди. Бир киши кошо турсун деди эле, шааркомдун экинчи катчысы Керимакуновду жооптуу кылып ала келип, Апас Жумагуловго жолугуп, бригадаларды курулушка өткөрүп бердим. Анан Апас Жумагулович менин биринчи катчыга кирип, берген тапшырмасы орундалганын айта кетүүмдү өтүндү.

Кирип, жөн-жайды түшүндүрсөм, Турдакун Усубалиевич чын дилинен ырахматын айтып, “Достук” мейманканасынын жанында жаңы ресторан куруп жатабыз, эртең ошол жерге чогулабыз, сен да катышып, көрүп кет деди. Анан ал андан ары ачылып: “Шаарга салынган жаңы базарды “Ош” базары деп атайлы. Аны курууга Кара-Суу районунун эли демилге көтөргөн. А тиги мейманкананы биздин кубана турган берметибиз Ысык-Көлдүн атынан – “Ысык-Көл” мейманканасы деп, ал эми жаңы курулган ресторанды “Нарын” деп атоону туура таптык, эртең менен ошол жерге кел”, – деди. Эртеси саат 10до барсам, көп жетекчилер чогулуптур. Фрунзе шаараткомунун төрагасынын орун басары, кесиби врач Манас Эсенамановго жолугуп, бул жаңы ресторандын аты “Нарын” десем, аны шаардын жетекчилери, биз да уга элекпиз деп таң калат. Анда оозуңуздан чыгарбаңыз деп сурандым. Көрсө, тиги киши ресторандын атын ошол жерден айтмак экен.

Ошентип, баарыбыз чогулуп, ресторанды кыдырып көрдүк. Турдакун Усубалиевич үч облустун атын жаңы бүткөн чоң курулуштарга ыйгарып берүүнү чечишкенин чогулгандарга айтты. Коноктор келсе, көлгө келет, ошол себептен мейманкананы “Ысык-Көл”, базарды “Ош”, ал эми бул ресторанды “Нарын” деп аташканы ар тарабынан ойлонулган демилге экен.

Жумамүдүн Шералиевдин китебин чыгаруу

Ошол эле Нарында иштеп турган убагымда, кеңири белгилүү жүздөгөн обондуу ырлардын автору, орошон таланттуу композитор Жумамүдүн Шералиевдин 60 жылдык юбилейи Нарында салтанаттуу иш-чаралар менен белгиленди. Ошонун алдында Жумакем мага кайрылып: “Жуман Акималиевич, бир арманым, нотага түшүрүлгөн ырларымды китеп кылып чыгаруу үчүн басмага бердим эле. Үч жылдан бери кандайдыр себептер менен кармалып, чыкпай жатат”, – деди. Анын бул айтканы, чынында, өкүнүчтүү нерсе эле.

Жумакенин ошол убакта 600дөн ашык обондуу ырлары болсо, ошонун ичинен бир дагы жаман ыры жок экен. Японияда чыккан дүйнөлүк жакшы ырлардын тандалма жыйнагына эки ыры басылып чыгыптыр. Ошол тууралуу кабардар кылган гезиттин маалыматын көрсөттү.

Бир күнү Турдакун Усубалиевич облуска Союздун өтмө Кызыл Туусун тапшыруу үчүн барып калды. Туу тапшыруу салтанаты музыкалуу-драма театрыбызда өтмөк эле. Ага чейин: “Турдакун Усубалиевич өкмөттүк бөлмөдө чечинип, даярданып жатканда, сиз ушул бөлмөнүн жанына келип туруңуз”, – деп Жумакеге эскертип койгом. Аңгыча Турдакун Усубалиевич да өкмөттүк бөлмөгө келип кирди. Ал кишиге: “Сизге Жумамүдүн Шералиевичтин бир өтүнүчү бар экен, келип айтса болобу?” – деп кайрылаарым менен эле: “Ой, анда кирсин, кирсин”, – деп жайдары жооп берди. Композитор биринчи катчыга баягы жарык көрбөй жаткан китеби жөнүндө баяндады. Турдакун Усубалиевич жардамчысына тапшырма берди.

Ошондон эки ай өттүбү, үч ай өттүбү, айтор, өтө тез арада Жумакемдин обондуу ырларынын жыйнагы нотасы менен толук бойдон басмадан жарык көрдү.

Сейитказы Андабеков кантип Эл артисти болгон?

Дагы бир эскерме. Анда Нарын музыкалуу-драма театрында не бир атактуу өнөрпоз-артисттер иштей турган. Театрдын режиссеру Алмаз Сарлыкбеков, музыкалык бөлүмдү башкарган Жумамүдүн Шералиев, СССРдин эл артисти Капар Медетбеков, анын өнөрлөштөрү Бакирдин Алиев, Сейитказы Андабеков, Койсун Карасартова, Тамара Жумакаева ж.б. залкар таланттар тоолук журттун чындап жактырган сыймыктуу кумирлери болучу.

С.Андабеков менен Т.Жумакаеваны эл артистинин наамына көрсөткөндө, чечилиши татаал жагдай жаралган. Анткени, алардын жогорку билими болбогондуктан, Борбордук Комитеттен наамга берилген сунушту өткөрбөй коюшкан. Ошондо, Жумагүл Нусупова маданият министри эле, ал кишиге түшүндүрүп айтып, анан экөөбүз БКнын маданият бөлүмүн башкарган Умтул Орозованын кабыл алуусунда болуп, жогорку билими болбогон менен мындай артисттер кайда бар, колдоп коюңуз деп жатып анын да макулдугун алып, анан БКнын идеология боюнча катчысы Аманбек Карыпкуловду көндүрүп, өз кезегинде ал Турдакун Усубалиевичке барып айткан көрүнбөйбү, акырында, нарындык эки чоң талантка тең эл артисти деген наам алып берип, көп жүгүргөн машакаттуу иштин акыбети кайтканына абдан сүйүнгөнбүз.

Анын таза иштегенин Маскөө мойнуна алган

Кийин, кайра куруу заманында, чейрек кылым бою эл үчүн өтө зор иштерди жасаган, Өзбекстандагыдай көрүнүштөргө жол бербеген мына ушундай даанышман жетекчини да жөнү жок каралап, атүгүл партиядан чыгарып, басмырлашкан учур болбодубу.

Ошондой эрк-күч сынаган оор моралдык-психологиялык кырдаалда кайран киши сыр билгизбей, баштагысындай эле зыңкыя басып, чөкпөй, бирөөгө ачууланып же сөкпөй, тааныган кишилер жолукса, кадимкидей учурашып, кайраткалыбынан эч тайган жок!

Акыры, иши да, жолу да ак экен, партиялуулугу кайра калыбына келтирилди. Ал жаңылыкты мен Москвага бир айлык окууга барган кезде уккан элем. Бизге Густов деген КПСС БКнын алдындагы партиялык комиссиянын төрагасынын биринчи орун басары келип, Турдакун Усубалиевичтин партиялуулугун кайра калыбына келтиришкенин маалымдаган.

Ооба, эл-журт тарыхына терең из калтырган залкар инсандын атын, жаркын элесин талыкпай жасаган эмгеги эч качан унуттурбайт!

Жуман АКИМАЛИЕВ, мамлекеттик жана коомдук ишмер,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы