Монголия Дүйнөлүк 5-көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү өтүндү

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Монголдор менен кыргыздардын байыртадан көчмөн калк болгону, мал чарбачылыгына артыкчылык берип келе жатканы, тарыхый-археологиялык иликтөөлөрдө жалпылыктары арбын экени талашсыз. 1992-жылы Монголия менен Кыргызстан өз ара достук, кызматташтык келишимине кол койгон. Монголия дагы Кыргызстан сыяктуу парламенттик башкаруудагы өлкө. Бүгүн Монголия ШКУга байкоочу катары катышып жатат. Бирок, ушул сыяктуу бир топ жалпылыктар бар экенине карабай, бул өлкө менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү толук пайдаланылбай келүүдө. Мисалы, өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү болгону 2,5 млн. доллардын тегерегин түзгөн.

Ал эми 12-июнда Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы жолугушуусу эки өлкөнүн кызматташтыгы чынында бир кыйла жогору деңгээлге көтөрүлөрүнө ишеним арттырып койду. Минтип айтканыбыздын себеби, Х.Баттулганын кесиптеши С.Жээнбековго бир нече иштиктүү сунуштарды берип, азыркы кыргыз саясатына ишеним артканынан көрүнүп турду. 2019-жылдын сентябрь айында Кыргызстан менен Монголиянын Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны Бишкекте өтөт. Андан тышкары, эки өлкөнүн ишкерлер кеңешин түзүү маселеси козголууда. Ушул эле күнү Х.Баттулганын катышуусунда Бишкекте Монголиянын элчилиги ачылды. Мындан тышкары, Кыргызстан дагы Улан-Батордо ардактуу консулдукту ачууну пландап жатканы белгилүү болду.

Халтмаагийн Баттулга темир жол тармагында кызматташууну сунуштады. Монголиянын темир жол куруудагы тажрыйбасы Кыргызстан үчүн абдан баалуу. Азыркы күндө Коргоо министрлигинин аскерлерине эмгек акы төлөп, алардын күчү менен жаңы багыттагы темир жолду куруп жатышат. Монголия башчысынын сунушуна С.Жээнбеков учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып берди. Монголия болсо өздөрүндө курулуп жаткан темир жолду “Бургустай” көзөмөл өткөрүү бекетине чейин узартып барып, андан ары КЭРдин СиньцзянУйгур аймагына жеткире курууну пландап жатышканы белгилүү болду. Х.Баттулганын айтымында ошол долбоорлордун баары ишке ашырылса, Монголиянын аймагы аркылуу Кыргызстан үчүн Азия континенти нин учу кыйрысыз кең рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калат. Аталган тармак боюнча тажрыйба алуу максатында Кыргызстандын темир жол адистерин Монголияга жиберилүүсү да ушул жолугушууда айтылды. Мындан ары авиа жана унаа каттамдарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн иликтөө керек. Ал үчүн эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн атайын жумушчу органды түзүүнү Монголия Президенти сунуштады.

Акыркы жылдарда Монголиянын экономикасында кыйла өсүштөр байкалууда. Анын 2018-жылы 6,8 пайызга өскөнүн мисал тартсак болот. Былтыр бул өлкөнүн тышкы соода көлөмү 13 млрд. долларга жеткен. Х.Баттулга мындай өзгөрүү өлкөнүн тарыхында биринчи жолу болуп жатканын жана чет элдик инвестициялар тоскоолдуксуз келип жатканын билдирди. Монголия лидери эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн жолугушууларын алмак-салмак уюштуруп турууну, атамекендик продукцияларга рекламалык акцияларды өткөрүүнү сунуштады.

Жергебизде үч ирет Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшү Кыргызстандын туруктуу брендине айланып калды. Бул эки лидердин жолугушуусунда дагы бир ирет айкындалды. Монголия Президенти Х.Баттулга: “2018-жылы өткөрүлгөн Дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюндарына Монголиянын өкүлдөрү катышып ийгиликтер менен келишти. Биз Дүйнөлүк бешинчи көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун алсак дейбиз. Бул үчүн Сизден колдоо көрсөтүүнү өтүнөбүз”, – деп, ал Кыргызстандын Президентине кайрылды. Ал эми Сооронбай Жээнбеков ДКОну 2020-жылы өткөрүү Түркияга берилгенин, андан кийин Монголиянын өткөрүүсүнө берүү маселеси караштырылары боюнча жооп берди.

Бул жолугушууда жалпысынан 9 документке кол коюлуп, анын ичинде Кыргызстандын Ысык-Көл облусу менен Монголиянын Увс аймагынын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюлду. Эки тараптуу кызматташуулардын ичинде терроризмге каршы күрөшүү, аскердик, улуттук коопсуздук катчылыктарынын ортосундагы кызматташтык, билим берүү, туризм, интеллектуалдык менчик жана инновациялар, мамлекеттик каттоо жана архивдик иштер, эки мамлекеттин улуттук илимдер академияларынын арасындагы байланыштар тууралуу документтерге кол коюлду.

Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга кесиптеши Сооронбай Жээнбековду өз өлкөсүнө расмий иш сапар менен келүүгө чакырды. “Буюрса, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мындан ары чыңдаларына ишеним чоң. Соода-экономикалык, маданийгуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бизде мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Ага сиздин Кыргызстанга келген иш сапарыңыз түрткү берерине ишенем”, – деди С.Жээнбеков.

Кыргызстан менен Монголиянын Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйындары мурдагыдан тез-тез өткөрүлө баштады. Мындай жагдай соода-экономикалык кызматташтыкты бир кылка жолго салуу үчүн жакшы көрүнүш. Мен эки өлкөнүн бизнес форумун өткөрүүнү сунуштайм. Кыргызстан – тоо-кен байлыктары арбын өлкө. Ошол эле учурда айлана-чөйрөнү коргоо иштерин да кошо алып баруудабыз. Биз үчүн Монголиянын бул тармактагы тажрыйбалары абдан зор. Кыргызстандын парламентарийлери Монголиянын экологиялык мыйзамдары менен таанышууга барышкан. Бирок, беш жылдан бери бул иш токтоп калды. Биз жаратылыш ресурстарын натыйжалуу жана коопсуз кылып пайдаланууга кызыкдарбыз”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Быйылкы жылы Кыргызстанда “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы “ болуп жарыяланган. Азыркы учурда Монголия менен Кыргызстандын аймактары ортосундагы өз ара кызматташтыгы мындан ары дагы бекемделерине чоң ишеним бар. Кыргызстан санариптик трансформациялоонун 2023-жылга чейинки программасын кабыл алган. Ал эми Монголия өлкөнү санариптештирүү боюнча бир кыйла ийгиликтерге жеткен өлкө. Бул жагдайдан алып караганда биздин адистердин алардан үйрөнө турганы арбын. Андан тышкары, эки өлкөнүн ар түрдүү тармактары боюнча илим изилдөө институттарынын байланыштарын чыңдоо керек. «Монголиянын Баян-Улгий аймагында этникалык кыргыздар жашап жатышат. Биз ал жакта илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн окумуштууларды тартууга абдан кызыкдарбыз. Ушул маселени терең изилдөө менен биз ортодогу жалпылоочу жагдайларды жана тарыхыбызды бириктирген башка маалыматтарды таба аларбызга ишенем», – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *