Кыргыз-монгол алакасы: Эки эл бири-биринен ала турган нерселер көп

Шабдан Абылгазы уулу, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстанга алгачкы иш сапары менен 12-13-июнь күндөрү Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга келди. Мындан улам эксперттер тарабынан кыргыз-монгол кызматташтыгы жаңы тепкичке көтөрүлгөнү айтылууда. А чынында Монголия менен бир катар тармактарда кызматташуу эки тарапка тең пайда алып келе турганы анык.

Кыргызстан менен Монголиянын окшоштук жактары көптүгүнө, тарыхый байланыштарына карабастан, Монголиянын консулдугу Бишкекте 2014-жылы гана ачылган. Учурда Кыргызстанда Монголиянын 65 жараны бар. Халтмаагийн Баттулганын келиши менен аталган өлкөнүн элчилигинин ачылышы дагы өзгөчө мааниге ээ. Кыргызстандагы Монголиянын консулу Комасран Зориг алардын жарымы студенттер экенин айтат.

– Буга өзгөчө маани берилип жатканынын себеби, эки элдин ортосунда менталитет, салт, тарых жагынан көп окшоштуктары бар. Бул нерсе монголдо да, кыргызда да муунданмуунга берилип, сакталып калган. Элчиликтин ачылышы тарыхый эле түшүнүктөр эмес, учурда сайясий-экономикалык байланыштардын бекемдеп жатканынан кабар берет, – дейт Комасран Зориг.

Эки өлкөнүн кызматташтыгы көп тармактан улануу мүмкүндүгү бар. Алардын алгачкыларынан болуп, билим берүү жана илим жаатындагы байланыштын башталышы. Алсак, 20-июнда Улуттук илимдер академиясына Монголиядан атайын делегация келген. Жолугушуунун алкагында эки тараптуу илимий кызматташуу, тажрыйба алмашуу, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо жана илимий мекемелер аралык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Монголия кашемир өндүрүү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунга чыккан. Башкача айтканда минералдык эмес экспортунун 40 пайызын кашемир түзөт. Бул жаатта кызматташтык учурда көңүл жубатарлык болбогону менен, потенциалы кеңири. Монголиядан мына ушул багытта, туризм, мал чарба продукциясын экспорттоо жаатында технология, тажрыйба алсак боло турганын белгилейт эл аралык иштер боюнча талдоочу Талант Кушчубеков.

– Жалпы дүйнөлүк изилдөөлөр боюнча алдыда Монголия эң катуу өнүгө турган өлкөлөрдүн тизмесине кирген. Алар туризм тармагын, анын ичинде каражат талап кылбай турган эко-туризмди жакшы өнүктүрүп жатышат. Ошондой эле ар кандай изилдөө борборлордун тизмеси боюнча, Монголия алдыңкы он өлкөдөн түшпөй келет. Ошол эле учурда Монголия бизден үйрөнө турган көп нерсе бар. Мисалы, айыл чарба жаатын ала турган болсок, биз алардан бир кыйла алдыга кеткенбиз. Ошол эле мал чарбасында аларда малдын саны өтө көп. Ошол багыттагы продукцияларды тышка чыгаруу тажрыйбасын дагы алсак болот, – дейт Т.Кушчубеков.

Кыргызстандын айыл чарбасы негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылыгы болуп, эки багытта өнүктүрүлүп келет. Ал эми Монголия табигый шартына жараша бир гана мал чарбачылыгын колго алган. Андыктан Монголияга айыл чарба продукциялары негизинен импорттолот. Мына ошол рынокту кыргыз ишкерлери ээлеп алса боло турганын айткан ата мекендик өндүрүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Бакыт Дегенбаев: “Беш-алты жылдан бери биздин экспорттоочу компаниялар Монголия менен тыгыз иш алып барууда. Учурда тамак-аш продукциялары экспорттолуп, алгачкы кадамдар ташталууда. Акыркы эки-үч жылдан бери алма, өрүк сыяктуу мөмө-жемиштер, жашылчалар экспорттолууда. Монголиянын бизге кызыгып жатканы ушул. Башкача айтканда, бул жагынан алганда эки тарап бири-бирибизге кызыктарбыз. Мына ошол рынокту жакшылап, колго алыш керек. Системалуу түрдө иш алып баруусу зарыл”, – деп билдирди.