Шанхай кызматташтык уюмунун келечеги кең
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»
Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) — Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Кыргызстан, Россия Федерациясы, Тажикстан, Өзбекстан тарабынан негизделген эл аралык уюм. ШКУну түзүү чечими 2001-жылдын 15-июнунда Шанхайда (КЭР) кабыл алынган.
Ага чейин Шанхай бешилтиги иштеп келген, ал 1996-жылдын 26-апрелинде Шанхайда Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Кыргызстан, Россия Федерациясы жана Тажикстан башчылары тарабынан «Чек ара аймактарда аскер ишенимин тереңдетүү боюнча макулдашууга» кол коюу менен негизделген болчу. Бул бешилтикке кирген өлкөлөр 1997-жылдын 24-апрелинде Москвада өткөн жолугушууда “Чек ара аймактарда аскер күчтөрүн кыскартуу боюнча макулдашууга” кол коюшкан жана Шанхай бешилтигинин жогорку деңгээлдеги жолугушуулары 1998-жылы Алматыда, 1999-жылы Бишкекте, 2000-жылы Дүйшөмбүдө өткөрүлгөн.
2002-жылы июнда СанктПетербургда өткөн саммитте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясына кол коюшту. Хартия 2003-жылдын 19-сентябрында күчүнө кирген. Бул базалык уставдык документ уюмдун максаттарын жана принциптерин, анын түзүмдөрүн жана ишмердигинин негизги багыттарын көрсөтүп турат.
Учурда ШКУга сегиз мамлекет мүчө: 2015-жылдын 10-июлунда Индия жана Пакистандын ШКУга кирүү процедураларын баштагандыгы жөнүндө жарыяланып, 2017-жылдын 9-июнунда Индия жана Пакистан Шанхай кызматташтык уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп калды. 4 мамлекет: Ооганстан, Беларусь, Иран, Монголия байкоочу өлкөлөр. Азербайжан, Армения, Камбоджа королдугу; Непал, Түркия, Шри-Ланка ШКУга сүйлөшүү боюнча өнөктөш өлкөлөр болуп саналат. ШКУга байкоочу мамлекет катары кирүү демилгесин көрсөткөн өлкөлөрдүн катарында: Бангладеш, Сирия, Египет, Израиль, Мальдивдер, Украина, Ирак, Вьетнам, Бахрейн, Катар мамлекеттери бар.
Уюмдун штаб-квартирасы Пекинде жайгашкан, расмий тилдери – орус, кытай тилдери. Уюмдун алты толук мүчөсүнүн аянты Евразиянын 60%ын, же 34 млн. кв. чакырымды жана калкы дүйнөнүн төрттөн бир бөлүгүн, же 3 млрд. 40 млн. кишини түзөт. Байкоочу мамлекеттерди кошкондо адамзаттын жарымын камтыйт. КЭРдин экономикасы номиналдык ИДП боюнча дүйнөдө экинчи, сатып алуу мүмкүнчүлүгү боюнча дүйнөдө биринчи.
ШКУ НАТО сыяктуу аскердик блок болуп эсептелбейт. Уюмдун башкы милдеттери делип уюмга мүчө мамлекеттерди бириктирген кеңири мейкиндикте коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо жарыя кылынган, ошондой эле терроризм, сепаратизм, экстремизм, наркотрафик менен күрөшүү, экономика лык кызматташтык, энергетикалык өнөктөштүк, илимий жана маданий өз ара аракеттенүү болуп саналат. Арийне, бир жылдарда “Шанхай кызматташтык уюму НАТОго атаандаш боло алабы?» деген да маселе көтөрүлүп, “ШКУ глобалдуу оюнчу боло алабы? Ооганстанда кандай роль аткара алат?» деген соболдор коюлган, буга жооп кылып, Пенсильваниядагы америкалык армия колледжинин Улуттук коопсуздук боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн профессор Стивен Бланк: “Бул уюм – НАТОго альтернатива эмес. Шанхай кызматташтык уюму аскердик уюм болууну көздөбөйт» деген пикирин айткан.
Шанхай кызматташтык уюмунун Евразия мейкиндигиндеги ордун жана ролун танууга эч мүмкүн эмес. Уюмдун кадыр-баркы жана эл аралык аброю саммиттен саммитке чейинки аралыкта кадимкидей өсүп, анын ишмердиги дүйнө өлкөлөрүнүн көңүлүн өзүнө буруп, кызыктырып келет.
ШКУнун чечим кабыл алуучу жогорку органы уюмга мүчөмамлекеттердин өлкө башчыларынын кеңеши болуп саналат. Ал жылына бир чогулуп, уюмдун бардык маанилүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жылына бир жолу чогулуп, уюмдун алкагындагы приоритеттүү багыттарды жана көп тараптуу кызматташтыктын стратегиясын, экономикалык жана башка кызматташтыктын актуалдуу жана принципиалдуу маселелерин, ошондой эле уюмдун жылдык бюджетин талкуулашат.
Өлкө жана өкмөт башчыларынын кеңешмелеринен тышкары парламент төрагаларынын, коопсуздук кеңешинин катчыларынын, тышкы иштер, коргоо, өзгөчө кырдаалдар, экономика, транспорт, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, укук коргоо министрлеринин, жогорку жана арбитраждык соттордун, башкы прокурорлордун деңгээлиндеги жолугушуулар өтүп турат. Уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлор кеңеши ШКУнун алкагында координациялоо милдетин аткарат. Пекинде ШКУнун катчылыгы – башкы аткаруучу борбору жана Ташкентте аймактык терроризмге каршы түзүмдүн аткаруу комитети жайгашкан жана бул эки орган туруктуу иштейт. ШКУ катчылыгы уюмдун чечимдеринин жана токтомдорунун ишке ашыруусун тейлейт, сунушталган документтердин (декларация жана күн тартиби сыяктуу) долбоорлорун даярдайт, уюмдун документтерин сактоочу жайы функциясын аткарат, ШКУнун алкагында атайын ишмердүүлүктү жүргүзөт жана ШКУ тууралуу маалымат таратат жана жарыялайт. RATS уюмга мүчө-өлкөлөрдүн терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы кызматташтыгын илгерилетүүнү көздөйт.