Бишкек-Балыкчы поезд каттамы ачылды

Жайкы туристтик мезгилде Бишкек Ысык-Көл поезди каттамы ачылды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июндан тарта «Бишкек-Балыкчы», «Балыкчы-Бишкек» туристтик поезд каттамы жүрүп баштады.

2019-жылдын 14-июнунан 14-июлга чейин, жума, ишемби, жекшемби күндөрү каттамдар жүрүп турат, 15-июлдан тарта 8-сентябрга чейин каттамдар күн сайын жүрөт. Ал эми билет баасы чоңдор үчүн — 69 сом, 10 жашка чейинки балдар үчүн — 34 сом.