Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ: «Чикагодо комуз мектеби ачылды»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Жакында АКШнын Чикаго шаарында комуз мектеби ачылды. Эми Иллинойс штатындагы комузга кызыккан мекендештерибиз, бош убактысында комуз үйрөнүп, күү черте алышат. Комуз мектеби – кыргыздын сыймыктуу ырчы уулдарынын бири Сыймык Бейшекеевдин аракети жана мээнети менен ачылды. Ырчы азыр да Америка Кошмо Штаттарында. Ал комуз мектеби тууралуу океандын ары жагында туруп биз менен маалымат бөлүштү.

– Чикагодо комуз мектебин ачуу идеясы эмнеден улам жаралды?

– Мен Америкага алгачкы жолу 2013-жылы келгем. Ошондо бул жакта өсүп жаткан кыргыздын уул-кыздарын көрүп, алардын бөлөк жерде, бөтөн элде, башка элдин маданиятына, салт-санаасына аралашып чоңоюп жатканына күбө болуп, кыргыздын дагы маданиятын, өнөр дүйнөсүн билсе деген изги тилекте комуз мектебин ачуу максатын койгом. Убакыт сааты эми чыкты көрүнөт, 6 жыл мурун ойлогон оюм, быйыл иш жүзүнө ашып отурат. Мектеп апрель айынан бери иштеп баштады.

– Демек, 6 жылдык эмгекти талап кылган турбайбы?

– Чынын айтканда, мектепти ачууга биз өткөн жылдан баштап чындап кирише баштадык. Былтыртан бери каттагандардан бирденэкиден ташып отуруп, 25 комуз алдырдык. Учурда дагы алдырып жатабыз. Тилекке каршы, бул жакка авиакаттамдар аркылуу комуз алып келүү абдан кыйын. Башкача айтканда, АКШга бир адам бир гана комузду (акысын төлөп) алып өтүүгө уруксат.

– Учурда канча окуучу комуз үйрөнүп жатат? Окуучуларды кантип таптыңыз?

– Чикаголуктарга алдын ала маалымат таратканбыз. Бүл күндү күтүп жүргөндөр бар болчу. Чикагодо комуз мектеби ачылгандан кийин башка штаттагылардын да кызыгуусу артууда. “Биздин шаарга ачкыла, биз да үйрөнгүбүз келет”, – деген өтүнүчтөр болууда. Буюрса, АКШда комуз үйрөнүүнү каалагандардын саны күн сайын көбөйүп жатат.

– Кандай ыкма менен үйрөтүп жатасыздар?

– Учурда 6 жаштан 63 жашка чейинки курактагы мекендештер келип сабак алышууда. Азырынча эч кандай нотасы жок эле илгерки ыкма менен үйрөтүп баштадык. Тактап айтканда, окуучулар көз менен көрүп, кулак менен угуп, жүрөк менен туюп үйрөнүшөт. Мен өзүм дал ушул ыкма менен үйрөнгөм. Натыйжасы жаман болбойт деп ишенем. Буюрса, нота менен сабак берген күндөргө да жетебиз.

 – Сабактарды кимдер өтүп жатат?

– Кыргызстандан күчтүү мугалимдерди алып келүү планымда бар. Бирок, виза маселеси кыйын болгондугуна байланыштуу, азырынча өзүм сабак берип жатам. Алгач, мен окуучуларыма анчалык татаал эмес, жеңил күүлөрдөн үйрөтүп баштадым. Мисалы, азыр бул жактагы мекендештер “Токтогулдун кербези”, “Жаштар маршы”, “Чоң кербез” аттуу күүлөрдү чертип үйрөнүп калышты. Менин оюмча, бул күүлөр мекендештеримдин жан дүйнөсүндө жашап, алардын кыргыз экенин ар дайым эсине салып турат. Анткени, АКШдагы кыргыздын уул-кыздары каалайбы, каалабайбы башка улуттун маданияты менен өсүшөт экен.

– Комуз мектебиңиздин келечегин кандай элестетип жатасыз?

– Буюрса, келечеги кең. Жана айткандай, Америкада, Европада, Орусияда, Казакстанда ж.б. өлкөлөрдө ачууну сунуштагандар болуп жатат. Убактым болсо, колум тийсе бардык жакка ачкым келет. Дагы бир жаңылыгым – сентябрь айында Чикагого СССРдин эл артисти, Т. Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты, залкар комузчу эжебиз Самара Токтакунова келип, бир ай мастер класс өткөргөнү турат. Бул дагы мектептин келечеги үчүн жарык жол. Биз комуз менен эле чектелип калбай, келечекте ооз комуз, чопо чоор ж.б. улуттук аспаптарды дагы үйрөтүү оюбузда бар. Ал үчүн Кыргызстандан мыкты мугалимдерди алып келишим керек. 20-июнда буюрса, Бишкекке барам. Ошондо бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, керек болсо Президентке, Өкмөткө кирип бул жактагылардын салам дубайын жеткирип, өзүмдүн максаттарым менен бөлүшүп, кабардар кылайын деп турам.

– АКШда жашап калуу планыңызда барбы?

– Бардык нерсени убакыт көрсөтөр. Бирок, балдарымды ушул жактан окутсам, ушул жактан билим алдырсам деген тилектерим бар. Азырынча, мага АКШга келип-кетүү мүмкүнчүлүгү 5 жылга берилген.

– Башкаларга салыштырмалуу сиз Америкага көп каттайсыз, концерт берүү кыйынбы?

– Негизи көп деле концерт койбойм. Чакыруулар болгондо келип турам. Мисалы, бул жакта жыл сайын кыргыздардын ынтымак кубогу (футбол боюнча) өтүп турат. Быйыл дагы 31-августка карата чоң даярдыктарды көрүп жатабыз. Бул иш-чарага Американын булуң-бурчундагы кыргыздардын баары келип катышат. Мындан сырткары, Европадагы кыргыз футболчулары дагы келишет. Тактап айтсам, Германиядагы кыргыз футболчуларын жеке өзүм чакырдым. Алар учурда виза алып даярданып баштады.

– Мындан башка дагы кандай оймаксаттарыңыз бар?

– Буюрса, Америкада комуз жаатында гана эмес, жалпы кыргыз мекендештеримдин маданий иш-чараларын колго алайын деп жатам. Жакындан бери, ай сайын жакшы тартылган тасмаларды көрсөтүүнү баштайлы деп турабыз.

– Англис тилинде ырдап калышыңыз мүмкүнбү?

– Буга чейинки ырдап жүргөн ырларымды англис тилине котортуп ырдап көрсөмбү деп жатам.