Жогорку соттун судьяларынын жоопкерчиликтен качуусубу же башка «себептер» барбы?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Чырдын башы. Жок жерден чыккан жер талаш…

Мейданбек Шавкетов Кара-Балта шаарынын Жайыл баатыр көч. 72 дарегинде жайгашкан, мурда Калинин райондук тиричилик комбинатына тиешелүү болуп, курулуштары жалпысынан 1436,5 кв.м. аянтты ээлеген, а жер аянты 4269 кв.м. болгон мүлктү 13.05.2004-ж. “Вектор” ЖЧКсынан сатып алган. 10.06.2004-ж. мамкаттоо органы тарабынан аталган кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугу катталган. 06.09.2012-ж. М.Шавкетовго анын менчигиндеги имараттар жайгашкан 4269 кв.м. жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Ч№407486 номерлүү мамлекеттик акт берилген. Ал мамакт берилип жаткан учурда имараттардын бир бөлүгүнө ээлик кылган Г.Хаджиевден макулдук да алынган.

Ушул жерден тактай кетсек, “Жер кодексин аракетке киргизүү жөнүндө” 02.06.1999-ж. КРнын мыйзамынын 6-бер. 8-п. ылайык, “имарат жана курулуштар менен жарандык укуктук бүтүмдөрдү жасоодо аларга бекитилген жер участогунун наркы имараттар менен курулуштардын наркына кирет жана өзүнчө көрсөтүлбөйт”.

КРнын Жарандык кодексинин 233-10-бер. ылайык, жер участогунда турган, жер участогунун менчик ээсине таандык имаратка же курулушка менчик укугу өткөндө бул имаратка же курулушка бекитилип берилген жер участогуна укук, эгерде тараптардын макулдашуусунда башкасы каралбаса, сатып алуучуга имараттын же курулуштун мурдагы менчик ээсиндегидей эле шарттарда жана ошол эле көлөмдө өтөт.

Кыймылсыз мүлктөр жайгашкан 4269 кв.м. жер участогу мэриянын 28.04.2004-ж. токтомунда “Вектор” ЖЧКсына 5 жылга ижарага деп көрсөтүлүп калган. Бирок, тактай кетсек, мэриянын көрсөтүлгөн жер участогун ижарага берүүгө укугу жок болчу, анткени, мэриянын өзүндө да жер участогуна баштапкы мамакт жок, анын үстүнө аталган жер участогунун жарымында жеке менчикке мыйзамдуу өткөн курулуштар жана имараттар турбайбы! 2009-жылы аталган токтом мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу күчүн жоготкон! Ошентип, М.Шавкетов мамакт алган 2012-жылы мэриянын ал жер участогуна эч кандай тиешеси жок болгон!

Кийин М.Шавкетов жана анын “кошуналары” Г.Хаджиев (1992-жылы ал тери иштетүү цехин сатып алган) менен А.Өмүралиевдин (ал 2012-жылы тери иштетүү цехинин жарымын сатып алган) ортосундагы талаш жаралгандан улам алар ар кайсы инстанцияларга арызданып кайрылышкан.

М.Шавкетов алгач аларга ээлеген мүлкүнө жараша жер участогун бөлүп берүүгө каршы болгон эмес. Анткени, алар М.Шавкетовдун менчигиндеги химтазалоо имаратынын биринчи кабатындагы жалпы аянты 192 кв.м. жайдын гана ээлери болуп саналышат. Алар жайды гана сатып алышкан, сатуу-сатып алуу келишимдеринде ошондой – жер участогусуз жай көрсөтүлгөн. А тигилер курулуш курулбаган бош участокту үчкө тең бөлүүнү талап кылышкан экен.

Баса, Т.Хаджиев М.Шавкетов 2012-ж. мамакт алып жатканда жер участогунун чектерин макулдашууга өзү кол койгон, М.Шавкетовдун 4269 кв.м. жер участогуна документ тариздешине макул болгон. А.Өмүралиев болсо, 2014-ж. кошулууда жана анын укугу бузулгандыгын айтууда, бул – абсурд!

Ал ортодо…

Ал ортодо Т.Хаджиев менен А.Өмүралиевдин арызы боюнча Жайыл райондук соту (судья Н.Бостонов) 17.01.2014-ж. чечими менен “Вектор” ЖЧКсы менен М.Шавкетовдун ортосундагы сатуу-сатып алуу келишимин жана жеке менчикке укук жөнүндө мамактыны Т.Хаджиев менен А.Өмүралиевдин жер участогуна тиешелүү бөлүгүндө алып салуу чечимин чыгарат. Бул чечимдин абсурддугу ушунчалык, анын маңызын түшүндүрүү үчүн судья Н.Бостоновго 15.05.2014-ж. дагы бир аныктама чыгарууга туура келген!

Бирок, Жайыл раймамкаттоо башкармалыгынын начальниги Э.Ражапов соттун чечиминен коркуп кеткенби, же дагы башка бизге белгисиз себептери барбы, айтор, М.Шавкетовго 06.09.2012-ж. берилген “Ч” сериясындагы №407486 жеке менчикке укук жөнүндө мамлекеттик актыны толугу менен жокко чыгаруу жана жараксыз деп табуу жөнүндө 14.07.2014-ж. №128(а) абсурд (?) буйругун чыгарып жиберет.

Аны чыгаруу мыйзамсыз, а буйруктун өзү жараксыз экендиги жөнүндө Чүй облусунун райондор аралык сотунун 01.09.2016-ж. (судья А.Ахметова) чечими, Чүй обЖогорку соттун судьяларынын жоопкерчиликтен качуусубу же башка «себептер» барбы? лустук сотунун коллегиясынын 30.11.2016-ж. (судьялар Ж.Курманбаев, Ж.Турумбекова, А.Койлубаев) аныктамасы, Жогорку соттун соттук коллегиясынын 16.01.2018-ж. (судьялар К.Осмоналиев, Д.Боронбаева, А.Мухамеджанов) токтому тастыктап турат.

Бирок, ортодо чатак ырбап, Г.Хаджиев менен А.Өмүралиев М.Шавкетовдун үстүнөн даттанышып прокуратура жана сот органдарына кайрыла башташат. Натыйжада, райпрокуратуранын 04.09.2015-ж. №11/06- 15 “Аныкталган менчик укугуна укукту каттоо жолу менен мыйзамды бузууну токтоосуз чететтүү жөнүндө” жазуу жүзүндөгү эскертүүсү менен Кара-Балта шаарынын мэриясы 29.12.2015-ж. мыйзамсыз экенин билип туруп М.Шавкетовдун менчигиндеги, эки жолу камак коюлган 2832,5 кв.м. жерине карата “Кара-Балта ш. территориясындагы жер участогун муниципалдык менчикке алуу жөнүндө” №298 токтом чыгара салат.

Бул эмне, бөрк ал десе – баш алгандыкпы!?

“Жогорку судьялардын” биринчи жоругу…

Мына ушул жерден Жогорку соттун айрым судьяларынын жосунсуз жоруктары башталат. М.Шавкетовдун сотко кайрылуусунан улам, Чүй облусунун райондор аралык сотунун 18.12.2017-ж. (судья Н.Султаналиев) чечими, Чүй облустук сотунун коллегиясынын 30.05.2018-ж. (судьялар Д.Оңолбеков, Ш.Осмонова, Б.Алымбекова) аныктамасы менен Кара-Балта шаарынын мэриясынын 29.12.2015-ж. №298 токтому жараксыз деп табылат.

Тактап айтканда, М.Шавкетовдун жеке менчиги турган имаратка бекитилген территорияны мэриянын муниципалдык менчигине алуу (өз аты менен айтканда, муниципалдык деңгээлде рейдерлик кылуу) аракети мыйзамсыз деп табылган.

Бул мыйзамдуу жана негиздүү чечимдер Жогорку соттун судьялары К.Осмоналиев, Д.Боронбаева, Н.Арапбаев курамындагы соттук коллегиясына эмне себептен “жакпай калганы” түшүнүксүз жана логикага сыйбайт. Ошентсе да алар 05.11.2018-ж. токтому менен төмөнкү эки инстанциядагы коллегаларынын чечимдерин жокко чыгарышып, ишти кайра биринчи инстанцияда кароого жөнөтүү чечимин кабыл алышкан.

Жогорку соттун судьяларынын токтомдо Жайыл раймамкаттоонун 29.12.2009-ж. корутундусуна ылайык, талаш жер участогу Кара-Балта шаар башкармалыгынын жерине таандык дегени кызык. Раймамкаттоо андан кийин 4269 кв.м. жер участогу алгач “Вектор” ЖЧКсына, андан кийин М.Шавкетовго жеке менчик укугуна өткөнүн тастыктап, ага 06.09.2012-ж. мамакт берип жатпайбы!

Баса, иштин материалдарында Жайыл раймамкаттоонун юристинин милдетин аткаруучу Д.Туленова М.Шавкетовдун административдик доосун колдоп, райпрокуратуранын 04.09.2015-ж. №11/06-15 жазуу жүзүндөгү эскертүүсүнүн өзү мыйзамсыз экендигин, анткени, ал талаш жер участогу М.Шавкетов тарабынан менчик укугу катталган мурдагы Калинин тиричилик комбинатынын имараттарына жана курулуштарына бекитилип берилгенин көрсөткөн 31.10.2017-ж. №49 каты да бар.

Мына ушундан кийин сот чечиминин өзү абсурд да!

Бул абсурд экени Чүй облусунун райондор аралык соту (судья А.Курманова) тарабынан дагы бир жолу тастыкталды. Анын 30.04.2019-ж. чечими менен Кара-Балта мэриясынын 29.12.2015-ж. №298 токтому жараксыз деп табылды.

Эгерде Жогорку соттун судьялары К.Осмоналиев, Д.Боронбаева, А.Мухамеджанов орустардын “Мен начальник – сен жинди, сен начальник – мен жинди” деген учкул сөзүндөгүдөй төмөнкү инстанциядагы коллегаларынын мыйзамдуу жана негиздүү чечимдерин сыйлашпай, жөн жерден “чоңдугун көргөзүшпөй” кежирленишпегенде бул талашка 2018-жылы эле акыркы чекит коюлуп калмак!

Жогорку соттун судьяларынын жоругу муну менен эле бүтүп калбайт…

…экинчи жоругу

Прокуратура органдары тарабынан Жайыл райондук мамкаттоонун начальнигинин орун басары Марат Усубалиевге жана бөлүм начальниги Кубанычбек Даанышмановго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу (КЖКнын 304-бер.), жер менен мыйзамсыз бүтүмдөрдү каттоо (179-бер.) жана шалаакылык (316-бер.) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Дароо тактай кетсек, мында биз айтып жаткан М.Шавкетовго жер участогуна жеке менчик укугун каттоо ал иштеги бир нече эпизоддун бирөөсү гана.

Бул айыптоо боюнча Жайыл райондук сотунун 26.04.2017-ж. (судья Т.Турсунбеков) жана Чүй облустук сотунун коллегиясынын 13.10.2017-ж. (судьялар А.Жумагулов, Н.Исаев, У.Садырбеков) өкүмдөрү менен аталган кызматкерлер аракеттеринде кылмыш окуясы жок болгондугуна байланыштуу акталышкан. Тактап айтканда, ал чечимдерде раймамкаттоо кызматкерлеринин жер участогунун М.Шавкетовдун менчигине таандык экендигин күбөлөгөн документти берүүсүнүн мыйзамдуулугу тастыкталган!

Бирок, бул иш да Жогорку сотко келгенде теңирден тескери кетти. Судьялар К.Эсенканов, Б.Акматов жана Ш.Камчыбековдон турган соттук коллегия кылмыш иши бир нече эпизоддон турганына, биз сөз кылып жаткан талаш андагы бир эпизод гана экенине карабастан, 28.03.2018- ж. аныктамасы менен мурдагы эки соттук инстанциянын өкүмдөрүн алып салып, жаңы курамда каралуусун көргөзүп райондук сотко жөнөтүү чечимине келген.

Бул иште сот отурумдарына Т.Хаджиев менен А.Өмүралиевдин жабырлануучулар катары катышканынын өзү күмөн санатчу жорук болду. Анткени, Т.Хаджиев менен А.Өмүралиевдин арызы боюнча Жайыл райондук соту (судья Н.Бостонов) 17.01.2014-ж. чыгарган чечим менен жалпы талаш туудуруп жаткан жер участогунан алар өздөрүнө тиешелүү катыштагы үлүштөрүнө ээ болуп жатышпайбы!

Корутундулай кетсек, Жогорку соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт. Бирок, мындай укуктан аша чабууга да болбойт. Тилекке каршы, акыркы инстанциядагы сотто иштердин каралуусунун негизсиз создуктурулушу, мыйзамсыз чечимдердин кабыл алынышы боюнча дооматтар көп. Президент Сооронбай Жээнбеков да 11-мартта өлкөнүн судьяларынын XI курултайында катардагы бир соттук иш 2013-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин созулуп, Жогорку сот тарабынан 4 ирет каралып, чечим чыгарылбай, улам кайра кароого жөнөтүлө бергенин, дагы бир кылмыш иши 2005-жылы козголуп, ошондон бери Жогорку сот тарабынан көзөмөл тартибинде 7 жолу каралса да, ал соттук инстанция жергиликтүү сотторго жоопкерчиликти жүктөп, биротоло чечим кабыл албаганын мисал келтирген.

Мамлекет башчысынын бул пикири биз сөз кылган соттук иштерде да тастыкталып отурат.

Талашкандардын өздөрүнүн жоруктары…

Ошол эле учурда жер талашкандардын бири А.Өмүралиев азырынча М.Шавкетовго тиешелүүлүгү жокко чыгарыла элек жер участогуна 2015-жылы эч кандай уруксат документтери жок ашкана куруп алган.

Бул боюнча Мамэкотехинспекциянын региондор аралык башкармалыгынын доо арызы боюнча Жайыл райондук соту 10.10.2015-ж. А.Өмүралиевге объектини баштапкы абалына келтирүү талабы менен КРнын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 454-бер. боюнча 10 миң сом айып салган. Бирок, ал курулушун азырга чейин бузбай келет.

Бул эмне, сот чечимин тоотпогондукпу же сот чечимин аткара алышпаган мамэкотехинспекциянын кызматкерлеринин алсыздыгыбы?..