Ормон хан кайра тирилип Сагынбайдын «Манасын» угуп, батаасын бергенби?

Ушундай суроо менен белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов фейсбук баракчасына жазып чыкты. “Тарыхый сабатсыздыкка караганда да бурмаланган тарых менен тарбияланган өтө коркунучтуу. Келечек муун үчүн такталган окуу китептер жазылып, ошол китептер менен окутулуп келет. Бурмаланган тарых үчүн ошол автордун өзү жооп бериши керек!

Быйыл 2017-жылы залкар манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгы белгиленмекчи. Демек ал 1867-жылы төрөлгөн. «Мурас» фонду менен Алатоо университети биргеликте манасчыга арналган эл аралык илимий жыйын өтөт.

«Эми сөздүн ток этер жеринен баштайын. Өткөн 2016-жылы Сагынбайга арналган Каныбек Иманалиевдин «Сагынбай (Кеменгер жөнүндө ода)» аталышындагы 316 беттик очерк-эссе китеби жарык көргөн. Чынын айтканда автор жатык тил менен жакшы жазат. Саякбайга арналган китеби да жакшы жазылган. Бул китеп да ошондой жазылган деп алып, алгачкы беттеринен эле 9 жашар Сагынбайды ормон хандын алдына алып келип Манас айттырып, анын батаасын алдырган жерине келип эле тык токтодум. 1854-жылы каза болгон ормон ханга 1867-жылы төрөлүп, 1876-жылы 9 жашка чыккан Сагынбай Орозбак уулу келип Манас айтып, батаасын алып жатканына таң калдым. Бул эң жөнөкөй тарыхый сабатсыздык эмей эмне?!!! Кантип эле Сагынбай төрөлгөнгө чейин 13 жыл мурда каза болгон ормон хан 22 жылдан кийин кайра тирилип келип жаш манасчынын Манасын угуп, батаасын берип калсын!!! Бул баягы Курманжан датка көркөм тасмасындагы каза болгон Алымбек датканы тирилтип 5 жылдан кийин Жантайга жолуктургандай эле кеп болуптур. Кандайдыр бир макала же чыгарма жазаарда бир ааз ойлонуп анан жазгылачы барболгурлар!», — дейт К.Молдокасымов.

Бул тууралу маалыматты тактоо үчүн К. Иманалиевдин өзүнөн жооп угалы деп, интернет аркылуу байланыша алган жокбуз. Бирок алдыда жооп алууга аракет кылабыз.

Ал эми бул маалымат тууралуу пикирлерин калтырган замандаштарыбыздын бири Жыргал Кадыров, мындай дейт, “Акыркы мезгилде тарыхты адабый көркөм чыгармага окшоштуруп, каалагандай өзгөртөп өзүнө жаккандай кылып жазгандар көбөйдү, бул кылмыш кылган менен барабар, тарыхты колдон келишинче анализдеп, текшерип туура жазууга арекет кылыш керек, антпесе кийинки муунга туура эмес тарбия кетет.

Мен Кыяс акеге толук кошулам, мисалы Курманжан датка тасмасы боюнча алсак, Алымбек датка Курманжан датка жөнүндү көп эле окуганмын, болгон окуяларды башкачараак элестетип жүргөнмүн, кинону көргөндөн кийин кээ бир жерлери туура эмес башкача образдарды берип калгандыгын байкадым, б.а. чыныгы тарыхый эмес эле, кадимки эле көркөмдөлгөн, кээ бир образдарды ойдон чыгарган киного окшоп калган, окуп билген адамдарга даана көрүнүп турат.

(Б.М)