«Бишкек-Кара-Балта» поезди бир күнгө ишин токтотот

Бейшемби, 20-июнь күнү жүргүнчүлөрдү ташыган «Бишкек-Кара-Балта» поезди бир күнгө убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Ишканадан билдиришкендей, «Кара-Балта-РЗД-141» темир жолу тилкесиндеги оңдоо иштерине байланыштуу №6059/6060 жана №6061/6062 «Бишкек-Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулмакчы.

21-июндан тартып аталган поезд каттамы белгиленген график боюнча каттай баштайт.