Күн тартибинде — мамлекеттердин жана региондордун көйгөйлөрү

15-июнда Душанбе шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 5-Саммитинин ишине катышты.

«Биз Бешинчи саммиттин «Коопсуз жана азыркыдан да гүлдөп-өнүккөн аймакка бирдиктүү көз караш» күн тартибин кубаттайбыз. Бул тема тынчтыкты, туруктуулукту камсыз кылууга жана азыркы дүйнөдөгү өнүгүүгө биздин кошо турган салымыбызды чагылдырат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков Саммиттин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Ал 1992-жылы Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Азияда өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмени түзүүнү сунуш кылып, саясий көрөгөчтүк кылганын, ал демилге бир катар Азия мамлекеттери жана БУУ тарабынан колдоого алынганын эске салды. Ошондон тартып биздин өлкөлөрдүн аракети менен өз ара аракеттешүү өнүгүп, бекемделип келет.

Мамлекет башчы эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдерде комплекстүү өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн Азия кызматташтыкты тереңдетүүгө муктаж экенине ишене турганын билдирди.

«Биз саясий жана экономикалык чөйрөлөрдө ишеним чараларын калыптандырууда жакшы мисалга ээбиз. Мен Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын туруктуу өтүп жаткан жолугушууларын жана интеграциялык биримдиктин уникалдуу төмөнкү форматтары тууралуу айтып жатам. Биринчиден, бул — Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы орун алган өз ара аракеттенүү. Экинчиден, тез өнүгүп келе жаткан интеграциялык бирикме болгон ЕАЭБдин жакшы тажрыйбасы бар. Үчүнчүдөн, Улуу Жибек жолундагы глобалдык экономикалык милдеттерди илгерилетүүгө багытталган идея дүйнөдө улам көп колдоого ээ болууда. Биз «Бир алкак — бир жолдун» алкагында кызматташуунун дараметин мындан ары да ачууга даярбыз», — деди ал.

Ал баса белгилегендей, Кеңешменин чакырылышына негиз болгон себептер Борбор Азия үчүн мурдагыдай эле актуалдуу бойдон калууда жана Азия регионунда болуп жаткан процесстер чакырыктарга жана коркунучтарга жооп издөө үчүн аракеттерди бириктирүү зарылдыгын талап кылууда.

«Кыргыз Республикасы кандай гана түрдөгү болбосун терроризмди жана экстремизмди чечкиндүү айыптайт. Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштүн активдүү катышуучусу катары биз тийиштүү мамлекеттик программа кабыл алганбыз. Биздин өлкөдө терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү үчүн мамлекеттик органдар менен бүтүндөй коомдун биргелешкен аракеттеринин алгоритми аныкталган», — деп белгиледи Мамлекет башчы.

С.Жээнбеков уран калдыктары сакталуучу жайлар регионалдык мүнөздөгү дагы бир маанилүү маселе экенин баса белгиледи. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстан 2018-жылы ар кандай эл аралык аянтчаларда бир катар ишчараларды уюштурду.

«Борбор Азиядагы радиация коркунучун болтурбоо боюнча БУУ Башкы Ассамблеясынын резолюциясы кабыл алынды. Бул Кыргызстан тарабынан демилгеленген документ. Ушул контекстте биз эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда айланачөйрөнү коргоо жаатында мындан аркы биргелешкен аракеттерди күтөбүз. Учурдан пайдаланып, уран калдыктары сакталуучу жайларга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө бизге чоң жардам берип жаткан союздаштарыбыз Россия­га, Казакстанга жана чет элдик өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиргим келет», — деди Мамлекет башчы.

Т.ИСХАКОВ