Президент Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Кытай-Кыргызстан- Өзбекстан» темир жолун курууну тездетүү керек»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Жыл өткөн сайын Шанхай кызматташтык уюму таасирлүү, күчтүү эл аралык уюмга айланууда. Уюмга мүчө мамлекеттердин катары өсүп, географиясы барган сайын кеңейип жатат. Кыргызстан ШКУну уюштуруучулардын башатында турган өлкө катары экономикалык туруктуулукка, бизнес чөйрөсүнүн өнүгүшүнө, инвестиция тартуу ийгиликтерине жетишип келүүдө. Акыркы жылдары энергетика, жол-транспорт коммуникациясы, соода, айыл чарба ж.б. тармактар боюнча уюмдун алкагындагы байланыштар үзгүлтүксүз нукка түшкөнүн эч ким тана албайт. Мисал келтирели, 2018-жылы Кыргызстандын товар жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 6,7 млрд. долларды түзгөн болсо, анын ичинен ШКУ мамлекеттери менен 4,7 млрд. долларды түзгөн. Көрүнүп тургандай, жалпы товар жүгүртүү көлөмүнүн 71 пайызы ШКУнун рыногуна туура келип жатат. Баарынан дагы уюмга мүчө мамлекеттер, өзгөчө Кытай менен Россия өлкөбүзгө ири инвестиция салуу жагынан баштагыдай эле алдыда турат. Өткөн жылы Кытайдан 338,1 млн. доллар, Россиядан 124,4 млн. доллар түз инвестиция келгенин айта кеткенибиз оң. Азыркы учурда уюмга Беларуссия, Монголия, Афганистан жана Иран байкоочу мамлекеттер статусунда.

ШКУнун катары кеңейүүдө

Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн уюмдун Бишкек саммитине жогорку деңгээлде даярдык көрүлгөнүн саммитке катышкан лидерлер белгилеп, ыраазычылык билдиришти. Анткени, Бишкек саммитине даярдыктар Ысык-Көл марафону, ШКУ мамлекеттеринин аялдарынын форуму, медиафорум жана бир нече бизнес-форумдарды өткөрүү менен коштолду. Айрым ири масштабдуу иш-чаралар уюмдун алкагында алгачкы жолу өткөрүлгөндүгү менен айырмаланды. ШКУга Кытай, Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия жана Пакистан мүчө. Акыркы эки өлкө уюмга мүчөлүккө кабыл алынып, 2018-жылы КЭРдин Циндао шаарында болгон уюмдун саммитине алгачкы жолу катышканы саясий чоң окуяга айланган. Аны менен ШКУнун ИДПсы чоң «жетиликтин» ИДПсынан ашып түшүп, дүйнөнүн дүң продукциясынын үчтөн бирин түзө баштады. Биргелешип кызматташуунун мындай өңүтү жана уюмдун самиттерине байкоочу өлкө болуп катышкандардын катары дагы арбып бара жатканы жакшы көрүнүш. Бирок, эл аралык коомчулуктун эсин эки кылган терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы системалуу күрөшүү жана алдын алуу бул уюмдун саммиттеринин күн тартибинде бир сызыктуу көйгөй катары каралып жүрөт. Бул боюнча ШКУнун былтыркы Циндао саммитинде 2019-2021-жылдарга карата атайын прогаммасы кабыл алынган болчу. Бүгүнкү күндөгү Афганистандагы туруксуз саясий жагдай менен коштолгон баңги бизнеси эл аралык террордук уюмдарды каржылоонун башкы булагына айланып отурат. Учурдун ушул чакырыктары Бишкек саммитинде да дээрлик бардык катышуучулар тарабынан айтылды.

Уюмдун өнүктүрүү банкын түзүү зарыл

— Уюмга мүчө ар бир мамлекет добушка ээ жана чечим биргелешип, консенсус менен кабыл алынат. Ушунусу менен биздин уюмдун ачыктыгы аны башкаларга жагымдуу кылып, жылдан жылга ШКУнун ареалы кеңейип жатат. Баңги заттардын мыйзамсыз айлануусуна каршы күрөшүүдө эл аралык структуралар, анын ичинде БУУнун түзүмдөрү менен дагы натыйжалуу кызматташуу уланууда, — деп, Президент Сооронбай Жээнбеков 14-июндагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн саммиттин отурумундагы сөзүндө бир катар орчундуу маселелерге токтолду. Уюмдун Бишкек саммитинде «ШКУ – Афганистан» контакттык тобунун мындан аркы аракеттеринин жол картасына, антитеррордук программалык документтерге кол коюлду. Президент С.Жээнбеков: «Адатта, экономикалык кылмыштар трансулуттук мүнөзгө ээ. Алар баңгизаттарды сатуу, аткезчилик, кылмыштык жол менен табылган кирешелерди адалдоого тыгыз байланышкан. Мындай жагдай мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Ушуга байланыштуу, кыргыз тарап экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ШКУнун жаңы органын түзүүнү сунуштайт. Учурда интернет аркылуу келип жаткан коркунучтар мамлекеттердин коопсуздугунун реалдуу коркунучуна айланууда. Көп учурда текшерилбеген калп маалыматтар таркатылып жатат. Террористтик кылмыштуу топтордун согуштук жана саясий максаттарда IT технологияларды колдонуулары күчөп жатат. Ошондуктан маалыматтык коопсуздукту камсыздоо ШКУнун күн тартибинин орчундуу маселеси болуп калышы керек», — деп билдирди. Мамлекет башчы ШКУга мүчө өнөктөш мамлекеттердин алдыңкы тажрыйбаларын пайдаланып, санариптештирүү технологиялары тармагында чогуу аракеттенүү жана аймактар аралык кызматташуу системасын куруу жагдайына токтолду. Кыргызстан тарап уюмдун 2025-жылга чейинки экономикалык стратегия­сындагы милдеттерди турмушка ашырууга өнөктөш мамлекеттердин лидерлеринин көңүлүн бурду. Мисалы, С.Жээнбеков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну тезинен ишке ашырууну жана ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүүнү сунуштады. Андан тышкары, региондо жашыл экономиканы биргелешип алдыга жылдыруу аркылуу экологиялык азык-түлүктөрдү өндүрүү жана кайра иштетүү тармагына басым жасоо зарылчылыгын билдирди.

Бүгүнкү күндө туризмди өнүктүрүү алака-катыштын артыкчылыктуу тармагына айланууда. Кыргызстан тарап ушул жана маданий-гуманитардык багытта кызматташууну арттырууга кызыкдар. Адамзат жалпы ааламдашуунун бороон-чапкынына туш келди. Дүйнө калкы, айрыкча чакан этностор өзүнүн тарыхый-маданий иденттүүлүгүнө, каада-салтына тиешелүү баалуулуктарын сактап калууга аракет көрүүдө. Ушул маселе эч качан өз актуалдуулугун жоготпойт. Ошондуктан Кыргызстан тарап уюмга мүчө мамлекеттердин «Жибек жолу» өлкөлөрүнүн маданий-интеграциялык борборун уюштуруу демилгеси менен чыгып жатат. Кыргызстан эл аралык олуттуу иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүдө чоң тажрыйбага ээ болгонун өзү төрагалык кылган ШКУнун саммитинде далилдеди.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгы менен Бишкек декларациясы кабыл алынып, жалпысынан отузга жакын документке кол коюлду. Саммитти 500дөн ашык чет элдик жана атамекендик журналисттер чагылдырды. 2020-жылы ШКУга төрагалык кылуу Россия Федерациясына өткөрүлүп берилди.